Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

БЭК "авторитаризмге жол жок!" дейт


Кыргызстандагы опппозициялык партиялар жана кыймылдар бүгүн «Бириккен элдик кыймылга» (БЭК) баш кошушту. Жаңы ынтымак К.Бакиевдин бийлигин сынга алып, башкы максаты Кыргызстанды демократиялык өнүгүү нугуна салуу экендигин жар салды.

«Бириккен элдик кыймылга» жети саясий партия жана төрт кыймыл баш кошту. Алардын арасында «Ата Мекен», Ак Шумкар», «Жаңы Кыргызстан», «Улуу Биримдик», "Асаба", Социал-демократтар, Жашылдар партиялары жана Элдик революциялык кыймыл, "Бирдиктүү Кыргызстан", "Акыйкат үчүн" кыймылдары жана Коомдук парламент бар.

Жаңы кыймылды түзүү боюнча документтерге бүгүн “Достук” мейманканасында кол коюлду. БЭКке бириккен күчтөр билдирүүдөн тышкары Милдеттенме да кабыл алып, кол коюшту. Анда максаттан тайган оппозиционер маалымат каражаты аркылуу айыпталууга даяр экени билдирилген.

БЭКке бириккен күчтөр бүгүн эле өзүнүн максатын жана талаптарын билдирип, президентке кайрылуу жолдоду. Кайрылууда “2005-жылы революциянын алдында жана президенттикке шайланып жатканда эски саясий системаны жок кылуу, мамлекеттик чиновниктердин ичинде коррупциядан арылуу, өлкөдөгү кылмыштуулукту азайтуу аркылуу элге татыктуу жашоо шартын түзүп берем деп убада кылгансыз. Тилекке каршы убадаларыңызды аткармак турсун, таптакыр тетири кеттиңиз, мурдагы президенттен ашып түштүңүз”, - деп жазылган.

"Бириккен элдик кыймыл" ошондой эле өлкөдө авторитардык, кландык, үй-бүлөлүк, криминалдашкан бийликтин күчөгөнүн айтып, энергетика тармагындагы кризистик абал, азык-түлүк продукцияларына жана күндөлүк керектелүүчү товарларга баалардын кескин өсүп кеткенинен калктын көпчүлүк бөлүгү кыйынчылыкта жашап жатканына белгилешкен. (KCh)

XS
SM
MD
LG