Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:33

Саясий диалог: Акылдашуубу же алаксытуубу?


Бишкекте 10-мартта бийлик менен бириккен оппозициянын ортосунда алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүрдү.

Бишкекте 10-мартта бийлик менен бириккен оппозициянын ортосунда алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүрдү.

Ошто бириккен оппозиция менен бийликтин мындан аркы сүйлөшүүсүнөн майнап чыкпайт деген пикир күч. Ошол эле учурда эки тараптуу жолугушуулар өлкөнүн мындан аркы өнүгүшү үчүн пайдалуу деп эсептегендер да жок эмес.

Жергиликтүү серепчилердин байкоосунда, бириккен оппозиция менен бийлик өкүлдөрүнүн Бишкектеги жолугушуусу тараптардын бири-бирине доомат артуусу менен гана чектелди. Иштиктүү сын-сунуштар айтылбады. Атүгүл 13-мартка белгиленген кийинки кездешүүгө кимдер чакырылып, кандай өңүттө жүрөөрү макулдашылган жок.

«Ата Мекен» партиясынын Ош облустук төрагасы Бактыбек Калмаматов кийинки жолугушууда деле бийлик оппозиция үнүн укпайт, тескерисинче, аларга карата мамилени ого бетер катаалдатат деген пикирде.

- Байкагандырсыздар, бүгүн бийлик саясий террорчулукка ыктай баштады. Дал эки тараптуу жолугушуу алдында дем алыш экендигине карабастан Аликбек Жекшенкуловду каматты. Ушунун өзү оппозиция арасында кыйла шектенүүлөрдү да жаратты. Себеби бийлик сүйлөшүүдөн кийин деле жыргатып иш жүргүзүшүнө көз жетпей калды. Менин баамымда, кийинки кезигишүүлөрдө оппозиция бийлик дарегине жүйөлүү сындарды агытат. А түгүл Кыргызстандын өнүгүү концепциясын сунушташы күтүлөт. Тилекке каршы, андай концепцияларды жүзөгө ашырууга азыркы бийлик таптакыр даяр эместигин төрт жылдан бери айгинелеп келатпайбы, - дейт Бактыбек Калмаматов.

Атамекенчинин туюмунда, Бириккен Элдик кыймылдын лидерлери чогуу-чаран аракеттенбесе, алардын мүдөөсү жүзөгө ашпай ара жолдо калаары анык.

Облустук «Ош жаңырыгы» гезитинин мурдагы баш редактору Абдувахап Мониев жарандарды куугунтуктоо өлкөдө апогейине жеткендигин белгиледи. Айрыкча журналисттердин өмүрүнө кол салуу кадырэсе көрүнүшкө айлангандыгына кабатырланды:

- Саясий куугунтук Кыргызстанда мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Ага жаркын мисал, журналисттерге карата соңку кездеги коркутуп-үркүтүүлөр. Мисалы, «Реортер Бишкек» гезитинин кабарчысы Сыргак Абдылдаевди бычактап, өлөөрчө сабап кетишти. Мындай үрөй учурган фактылар күн алыс катталууда. А билинбегени канча. Ошондуктан, криминалдашкан Кыргыз бийлигин демократиялык түзүм менен алмашмайынча, бүгүнкүдөй куугун-сүргүн эч токтобойт деген ойдомун.

Абдувахап Мониев ушундай кыйчалыш кезеңде жалаң саясатчылар эмес жарандык коом да активдешип, Өзбекстандын жолоюна түшкөн системаны түп-тамырынан жаңыламайынча, Бакиев режиминин тушунда республиканы туташ кризистен куткаруу аракети кыял бойдон кала берээрин эскертти.

Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик кечээгидей эки тараптуу жолугушуулар өлкөнүн мындан аркы өнүгүшү үчүн пайдалуу деп эсептейт. Мисалы, Ош облустук адилет башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Рахман Таштанов ушундай оюнан кайта элек. Бирок анын пикиринче, учурашуунун биринчи айлампасында оппозиция куугунтуктоону токтотуу боюнча ультиматум койгондон башкага жараган жок:

- Элдин кандайдыр бир катмары куугунтуктоону токтотуу боюнча ультиматум кое албайт.Ошол себептүү оппозицияны бийлик куугунтуктап жатат дегендерге мен түк кошулбайм. Анткени ар бир жорук мыйзам чегинде гана каралып, тергөө органдары ага карата баа бериш керек. Чындыгында, күнөөсү барбы же жокпу аны сот гана чечүүгө акылуу.

Облустук бийликтин өкүлү Рахман Таштанов ушундан көрө кийинки сүйлөшүүлөрдө өлкөнү өйдөлөтүү жаатында идиректүү сын-сунуштар айтылса жакшы болмоктугун билдирди.

Жергиликтүү серепчи Абай Эшмаматов, ошентип бийлик оппозицияны алаксытуу жана алдоо ыкмасын тандаганын ачыктады.

- Президент буга чейин радикалбы, айтор, ар кандай оппозиция лидерлери менен сүйлөшүүгө даярмын деп билдирген эле. Тилекке каршы, кечээ ал убадасына турган жок. Ушундай улам бийлик менен оппозиция тил табышып кетэээринен күмөнүм бар. Эгерде Курманбек Бакиевдде оппоненттери менен орой-чарай жолугушуу ниети болсо, аларга кездешип, бир топ маселлерди жөнгө салса болмок. Менимче, президенттин мындай ою жок, демек кийинки жолугушууларга барбайт дагы, - деп коңгуроо какты Абай Эшмаматов.

Жергиликтүү серепчи Абай Эшмаматовдун болжолунда жалпы наааразылыктар тутанып олтуруп, быйыл Кыргызстанда 2005-жылдан 24-мартындагы кырдаал кайталанышы да ыктымал.
XS
SM
MD
LG