Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:49

БЭКтин атынан президентикке бирдиктүү талапкер болуп чыккан А.Атамбаевдин “Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча” программасы Бишкекте тегерек үстөл жыйынында талкууланып, бир катар саясат таануучулар, коопсуздук кеңешинин мурдагы катчылары тарабынан жактырылды.

Бириккен элдик кыймылдан президенттикке бирдиктүү талапкер болуп чыккан Алмазбек Атамбаевдин Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы программасын талкуулаган тегерек үстөл жыйынында негизинен күч структураларын реформалоо, Коопсуздук комитетин жоюп тышкы чалгын кызматын жана чет мамлекеттик шпионажга, диверсиясына жол койбой аларга каршы күрөшүүчү уюм катары түзүү, чек ара коопсуздугу, дин багытындагы коопсуздук, Кыргызстандын тышкы саясаттагы улуттук кызыкчылыгын жогору коюу маселеси козголду.

БЭКтин мүчөсү Эмилбек Каптагаев Кыргызстандын аймактык, ички коопсуздугу боюнча азыркы бийликтин туруктуу саясий багыты жоктугунан улам, жогорудагы программа иштелип чыкканын белгиледи.


-Бүгүнкү күндө коопсуздуктарды сактоочу Ички иштер министрлиги, Коопсуздук комитети, президенттин кайтаруу кызматы, Улуттук гвардия, Коргоо министрлиги бардыгы ошо элдин, мамлекеттин, жердин коопсуздугу эмес, бул бир кишинин бийлигинин коопсуздугу, ошол бийликти элден кантип коргоп калабыз дегендин үстүндө иштеп жатышпайбы.

Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов болсо Ооганстандагы кырдаалды эске алып, Борбор Азия чөлкөмүндө террорчулук, диний экстремизм негизги коркунуч туудурарын белгилеп, эл аралык байкоочулардын жүргүзгөн талдоолоруна таянып Фергана өрөөнү өтө кооптуу экендигин, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн ГЭСтерди куруудан мурда түндүк-түштүк темир жолун куруу зарылдыгын айтты.

-Фергана өрөөнүндө эртели-кеч бир балакет чыгат. Мен муну баса белгилеп кетейин. Биз ошого даяр болушубуз керек. Керек болсо тыякка оор техниканы жеткиргенге, тигил жактан элди эвакуация кылганга темир жол керек. Ошол жерибизди бүтүн боюнча калтырабыз десек эң биринчи ушул темир жол керек. Анан өлкөбүздүн түндүк менен түштүгүнүн байланышы тыкыз болот. Антпесе болбойт.

Мирослав Ниязов ошондой эле мал ылаңынын көбөйүп баратышынан улам малдан адамга жуккан дарттардан улуттун тукуму (генофонду) бузулуу коркунучунда экенин баса белгиледи.

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков негизинен мамлекеттин, коомдун керектүү кызыкчылыгы катары саясий, экономикалык, аскерий, экологиялык, диний, демографиялык жана маалымат тармактарын атап, президенттикке БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин программасында жогорудагылардын бардыгынын коопсуздугун камсыз кылуу жана сактоо толук камтылганын белгиледи.

-Саясий коопсуздукту сактоо бул – мамлекеттик түзүлүш. Мамлекеттеги стабилдүүлүк жана мамлекеттеги ички-тышкы саясатты алып баруу. Мамлекеттик түзүлүштү алып көрсөк бүгүнкү күндө Бакиев түзгөн мамлекеттик түзүлүш – бул өзү бизди
коркунучка алып келип жатат. Кандайча? Президент эч нерсеге жооп бербейт. Өкмөт президентке көз каранды. Сот системасы толугу менен көз каранды. Мыйзам чыгаруу органы толугу менен көз каранды. Булар мамлекеттин, коомчулуктун, адамдардын кызыкчылыгын эч качан сактай албайт. Ошол бир кана кишинин көз карашын, кызыкчылыгын сактап, коркунучтун булагы ушул түзүлүш болуп турат бүгүнкү күндө. Ал эми А.Атамбаевдин, БЭКтин программасында президент кепил гана болуп берет, ички жана тышкы саясатты өкмөт алып барат, сот системасы, мыйзам чыгаруу органы бийликке көз карандысыз болот, деп ачык жазылып турат. Демек программада адамдын, коомдун, мамлекеттин коопсуздугун сактаганга саясий система толук бекитилген.

Исмаил Исаков экономикалык коопсуздук маселеси боюнча пикирин билдирип, жер алдындагы кен байлыктар, суу-энергетика тармагы сатылбастан элдин кызыкчылыгына жумшаларын айтты.

Тегерек үстөл жыйынына катышкан «Дин, укук, саясат боюнча көз карандысыз аналитикалык борбордун” өкүлү Нурдин Мамбетовдун көз карашында талапкер Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча программасында дин маселелериндеги көйгөлөрдү чечүү толук камтылбай калган.

“Ошондуктан дин коопсуздугуна байланыштуу маселени тыкат иликтеп программага толуктоо киргизүү керек”,-деди Н.Мамбетов.

Талкууда Коопсуздук Кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Алик Орозов буга чейин Искра, Петровка айылында болгон чыр-чатак улуттар аралык саясаттын эске алынбаганынан улам келип чыкканын эскерип, өлкөдө этникалык коопсуздукка өзгөчө маани берүү керектигин белгиледи.

Анын айтымында, кечээ жакында Кытайдын Уйгур автономиялуу облусунун Үрүмчү шаарында болгон уйгурлар менен кытайлардын ортосундагы кагылыштын кесепеттери кыргыз бийлигине дагы сабак болушу керек.

Алик Орозовдун пикиринде тиешелүү мамлекеттик кызматтар көз карандысыз уюмдар, кесипкөй адисттер, эксперттер менен биргеликте тыгыз иштеп, дин багытындагы саясатты туура жүргүзүп, чек ара коопсуздугу боюнча маселени ЖККУ, ШКУнун алкагында биргелешип чечүү зарыл.

Буга чейин Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров «Азаттыктын» кабарчысына берген маегинде 14-июнда Москвада
ЖККУнун отурумунда Ыкчам аракеттенүүчү күчтөр түзүлгөндүгүн, аймактагы коопсуздук үчүн буга чейин ЖККУнун жамааттык аскерлеринин (КСБР) курамы бар экендигин белгилеген.

А.Мадумаров: «өлкөнүн жана аймактын коопсуздугу жана улуттук кызыкчылык үчүн Орусия, АКШ сыяктуу ири державалар менен ар тараптуу кызматташууга Кыргызстан даяр»,- деп айткан эле.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG