Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

Кыргыз президенти Курманбек Бакиев 23-мартта Ынтымак курултайын өткөрүүгө камынып жаткан чакта, оппозициялык күчтөр 17-мартта Элдик курултай өткөрүшөөрүн жарыялашты. Дал ушул “марттагы курултайлар” учурда коомчулуктун көңүл чордонунда болуп, кызуу талаш-тартыштарды жаратууда. Жарыша өткөрүлүп жаткан бийлик-оппозициянын бул иш-чараларына кыргыз жаштары кандай көз карашта?

Биздин курултай туура...

Саясат таануучулар соңку жылдары кыргыз жаштары саясий жигердүүлүктөн тайып баратканын белгилешет. Буга мисал катары, акыркы кездеги өлкөдөгү олуттуу саясий иш-чараларда жаштардын карааны көрүнбөй, түрдүүчө жаштар уюмдарынын да ишмердүүлүгү кескин төмөндөп кеткени айтылат.

Мартта өтчү курултайларга деле кыргыз жаштары кайдыгер көз карашта экенин байкоо кыйын эмес. Бирок канткен менен жаз алдын өткөрүлүп жаткан иш-чараларда оппозициялык кыймылдар көпчүлүктөн колдоо табат дейт “Ата-Мекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, жаш саясатчы Гүлниза Бейшенбаева:

-Албетте, оппозиция өткөрүп жаткан курултай элдин колдоосуна ээ болот. Ынтымак курултайында болсо жер-жерлерден квота менен шайланып жатышат. А оппозициянын курултайына ким каалагандын баары келип катыша алат. Ошондой учурда гана муну элдик курултай деп атоого болот, себеби ал жерде элдин баарынын үнү угулат.

Оппозицияны жактаган жаштар ушинтип бийликтин курултайын эч нерсе чечпейт деп сындашса, бийликчил жаштар аларды болгон арыз-арманын Ынтымак курултайына келип айтууга чакырышат. Жаш лидер Шайлообек Атазов Ынтымак курултайына Ош шаарынан делегат болуп шайланды.

-Ал жерде канчалык деңгээлде мүмкүнчүлүк берет билбейм, бирок мага сөз берилсе жаштардын багыты, жаштар саясаты жөнүндө пикир айтмакмын. Азыр жогорку окуу жайлардын жаштары менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин топтойбуз. Азыр элге өтө чоң мүмкүнчүлүк түзүлүп турат, ошон үчүн оппозиция өкүлдөрү курултайга барышып, конструктивдүү, ишке аша турган ойлорун айтышса жакшы болмок,-дейт Шайлообек Атазов.

Дагы эле кошомат ураандары жаңырабы?

Учурда өлкөнүн бүт аймагында жергиликтүү жетекчилер камылга көрүп жаткан Ынтымак курултайына баардыгы 750 делегат чакырылат. Анын ичинде өлкөнүн администрациялык-аймактык бирдиктеринен 545 делегат, чет өлкөдөгү эмгекчи- мигранттардан – 35 делегат, конфессиялык жамааттардан – 20 делегат, ошондой эле Президенттин өзүнүн квотасы менен 150 делегат келиши керек.

Жаш тарыхчы Чыңгыз Амантуров, өлкө президенти өзү курултай чакырып, анын 150сүн өзү дайындап, илгертеден бери чоң мааниге ээ болуп келген курултайдын кадырын кетиргенине нааразы:

-Кыргыз тарыхындагы курултайдын бардык принциптери бузулуп атат. Эч качан курултай ханга баш ийген эмес. Керек болсо тентек ханды жөнгө салып, тактан алып кое турган орган болгон курултай. Азыр биздин ажо өзү 150 адамды дайындайт экен. Мындайда бир нерсени чечүү мүмкүн эмес. Бул деген биздин мурасыбызды, наркыбызды, салтыбызды ачыктан-ачык тебелеп тепсөө! Мен кыргыз катары ушул нерсеге ушунчалык ыза болуп турам. Бул кезектеги “Ураа, ураа” деген кошоматчылык, элди алаксытуу.

Ошентип март айына белгиленген оппозиция-бийлик курултайлары учурда жаш-кары дебей кызуу талкууга алынууда. Ал эми саясатка таптакыр кызыкпаган жаштардын пикирлери да түрдүүчө. Маселен, студент Рамис мамлекеттик ишканалардын сатылышына, тарифтердин кымбатташына каршы уюштурулган курултайды колдоорун айтат:

-Элге эле кыйын болуп жатат. Свет, коммуналдык тейлөөлөрдү кымбаттатып жатат. “Түндүк электро” сатылды. Мындайга эл дагы бир аз чыдашы мүмкүн, анан Акаевдин тагдыры Бакиевдин башына келиши мүмкүн.

Кыргызстанда жыл сайын саясий окуяларга бай болуп келген март айы бул жылы да элди зериктирчүдөй эмес. Серепчилердин баамында бийлик чакырган ынтымак курултайы тескерисинче оппозиция менен кайым айтышууну күчөтүп, саясий тирешүүлөрдүн курчушуна алып келиши мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG