Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

"Жоогазын ыңкылабы" деген ат менен дүйнөгө дүңгүрөгөн 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларды Борбор Азия мамлекеттери жана дүйнө кандай кабыл алган? К.Бакиев ошондо Ала-Тоо аянтында туруп кандай убадаларды берди эле? Эмне себептен А.Атамбаев азыркы президентти «саясий өлүккө» салыштырган?

Алгач Украинада, андан соң Грузияда болгон «түстүү ыңкылаптардан» кийинки Бишкектеги окуялар демократияны колдогон адамдардын бир катмары тарабынан, Батыш мамлекеттеринин Борбор Азияга байкоо салган талдоочулары, айрым өкмөттөрү тарабынан элдик мүдөө-талаптардын ишке ашуусу катары бааланган. 24-марттагы окуялар дагы ошондон улам «ыңкылап» деп кабыл алынган.

Бирок ошол эле маалда Кыргызстандын коңшулары, анын Орусияга окшогон тыгыз шериктери ал күндөрү кандай позицияда эле? Бул суроого бир жактуу жооп айтуу кыйын.

Анткени, алсак, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 24-марттагы окуяларга алгач терс мамилесин билдирген: «Кыргызстандагы окуяны ыңкылап деп атоого мүмкүн эмес. Азыркы кыргыз бийлиги өзү белгилегендей муну - бандиттик жана каракчылык деш керек».

Ошентсе дагы Н.Назарбаев 31-мартта: «Кыргыз эли мыйзамдуу шайлаган жетекчилер менен, президент менен кызматташабыз, анткени казак-кыргыз элдеринин достугу өтө чабыттуу, ал урматка жана тууганчылыкка татыйт», - деп айткан. Ал Кыргызстандагы окуялар Казакстандын туура багытта өнүгүп баратканын дагы бир жолу далилдеди деген.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанда болуп аткан окуялар жалпы Борбор Азия мамлекеттеринин көңүл чордонунда турганын Москвага 6-апрелде жасаган сапары маалында айткан болчу: «Биз Кыргызстандын эли, саясий партиялары жана коомдук уюмдары ички пикир келишпестиктерин тынч жана мыйзамдуу жол менен жөнгө салат деген ойдойбуз, биз болсо буга жардам беребиз».

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 28-мартта парламентте сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери Кыргызстандын жаңы өкмөтү менен иштешүүгө даяр деп айткан.

Владимир Путин болсо 25-мартта эле өзүнүн Ереванга жасаган сапарынын маалында: «Окуялардын Кыргызстанда мындай нукта өнүгүшү биз үчүн күтүүсүз болгон жок. Бул бийликтин алсыздыгынан жана социалдык-экономикалык проблемалардан улам келип чыккан жыйынтык», - деди.

Ал ошондой эле КМШнын алкагында мындай маселелер дагы бир жолу Украина, Грузиядан кийин ушундай жол менен чечилип жатканына өкүнгөнүн билдирген. "Бул адамдар бизге жакшы белгилүү", - деп кошумчалады Путин оппозициянын айрым лидерлери мурда башкаруучу кызматтарда иштегенин эске салып.

«Эгер Аскар Акаев Орусияга келем десе аны кабыл алууга даярдыгын да» орус мамлекет башчысы айткан эле. Аскар Акаев болсо ошондон тартып ушул күндөргө чейин Москвада.

Ал эми КМШга мүчө мамлекеттердин бири Белорустун президенти Александр Лукашенко Кыргызстандагы окуяларды ошондо “бандиттик мүнөздө” болду деп баалаган эле: «Бул түстүү ыңкылаптар түпкүлүгүндө ыңкылап деле эмес. Бул демократиянын «терисин» жамынып алган бандиттик окуялар. Мындай окуялардын лимитин белорустар өткөн кылымда эле түгөтүп коюшкан».

А.Лукашенко былтыр Бишкекке келип кыргыз-белорус кызматташтыгы тууралуу бир катар келишимдерге кол коюп кайтты.

Президент Аскар Акаев Ак үйдөн кеткенден кийин берген алгачкы интервьюсунда Борбор Азия мамлекеттеринин президенттерин өз жетишкендиктерин, демократияны сактап калуу үчүн мындай учурларда демонстранттарга каршы күч колдонууга чакырган.

«Мен 24-марттагы окуялардан эмне сабак алдым? – деди ал суроолорго жооп берип жатып, - Демократия бизде алсыз, ал өзүн-өзү коргой албайт. Мен өзүмдүн кесиптештериме - президенттерге айтаарым – демократиялык жетишкендиктерди коргош керек, зарыл болсо күч колдонуу менен да сактоо керек».

Кыргызстандагы абал дүйнө мамлекеттери сыяктуу эле эл аралык уюмдарды дагы кызыктарган. 2005-жылы 31-мартта Бишкекке Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жетекчиси, Словениянын Тышкы иштер министри Димитрий Рупел баштаган делегация келген.

Алар ошол күнү эртең менен Феликс Кулов менен жолуккан. Андан кийин алар Ф.Кулов президенттик шайлоого катышышы керек деген пикирин журналисттерге билдиришкен.

Д.Рупель ал үчүн кыргыз бийлиги Ф.Куловду тез аранын ичинде актап, ага шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек, деген.

Ушул эле 31-мартта Кыргызстанга Украинанын жана Грузиянын тышкы иштер министрлери Борис Тарасюк менен Саломе Зурабишвили келишти. Алар Бишкекте президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы К.Бакиев, тышкы иштер министри Р.Отунбаева жана парламент төрагасы Ө.Текебаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экендиктерин айтышкан.

Бирок Аскар Акаев Бишкекте болгон окуялар Украина менен Грузияда болгон ыңкылаптардан айырмаланып турат, деген оюн «Эхо Москвы» үналгысына берген интервьюсунда айткан болчу: «Оппозициянын башынан эле бийликти басып алуу пландары болгон. Киевде, Тбилисидегидей кылып митинг, демонстрация, пикеттерди тынч өткөрөлү дешкен эмес».

Ал 24-марттагы окуяны албетте ыңкылап эмес, күч менен бийликти басып алган путч болду деп баалады. 2005-жылы 1-апрелде «Азаттыкка» берген интервьюсунда: «Менимче, кыскача айтсак, мунун ыңкылапка эч кандай таандыгы жок, бул - накта эле путч болду. Бул өзү демократиялык жол эмес, Конституцияны одоно бузуу менен, күч колдонуп эле алгач Өкмөт үйүн алып, андан кийин бийликти алган накта эле путч болду» деген эле.

Бирок К.Бакиевдин пикиринде, оппозициянын Ак үйдү алып, бийликти басып алалы деген ниети жок экен: «Мына мындай ой жок эле ушундай болот деп… Эртең менен биздин оюбузга дагы келген эмес – ушинтип эл Ак үйдү ээлеп алат деп, ачык айтып коёюн мен сиздерге», - деген эле К.Бакиев 24-мартта Ала-Тоо аянтында турган калың элге.

Коңшу мамлекеттердин президенттери Кыргызстанда бийлик алсыздыгынан алмашты деп белгилегени менен ал учурда коомчулукта А.Акаев коррупциядан улам кулады деген пикир күч болчу. Ошондон улам К.Бакиев 25-мартта Ала-Тоо аянтында эл алдында: «Ак ниетим менен, ак дилим менен кыргыз эли үчүн иштеп берем. Эң биринчиси. Эч кандай коррупцияга жана башаламандыкка жол бербейм. Кыргызды түндүк-түштүккө бөлбөйм, кудай буюрса. Биз деген алакандай элбиз», деген антка окшогон сөзүн берди эле.

К.Бакиев ошондой эле «аялым бала-чаканын камын көрүп үйдө отурат. Мага тамак жасап, киримди жууйт. Кандай кызматта болсом да, ал эч качан менин ишиме кийлигишкен эмес, кийлигишпейт дагы. Менин аялым саясатка аралашпайт», - деген эле.

Азыркы оппозиция өкүлдөрүнүн бири Азимбек Бекназаров болсо президент К.Бакиев А.Акаевге окшоп аялынын сөзүн укпаса дагы, бир туугандарынын, балдарынын таасиринде калды деп келатат: «Президенттердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн тымызын макулдугу менен Кумтөр, Жер-Үй, Андаш, Чаткал жана башка алтын кендерине чет элдиктер кожоюн болуп жатышса, дыйкандар эккен төө буурчак, пахта, тамеки, картошканы, атургай короодогу малды да «үй-бүлө» аныктаган баага сатып калдык. Азыркы кыргыздын аянычтуу абалы мына ушундай!» А.Бекназаров бул оюн 2008-жылы 18-ноябрда Таласта болгон жыйын маалында айтты:

Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу сакталып калганын, К.Бакиевден үмүтү биротоло өчкөнүн Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев өкмөт башчысы боло электе - 2006-жылдын 21-октябрында жарыялаган, ал ошол учурда К.Бакиевди «саясий өлүккө» салыштырган эле: «Саясий өлүк» менен сүйлөшүүгө баруунун эмне кажети бар! «Өлүктү» кайра тирилтип, «саясий өлүк» - ал! Мамлекеттин башында туруп өз элин дайыма алдаган адам – бул «саясий өлүк»!

Ал учурда өлкөдө кылмышкерлер ачыкка чыгып, айрым маалыматтар боюнча, бийлик алар менен ачык кызматташып, соодалашууга өткөнү айтылып жаткан.

Ошондон улам А.Атамбаев 2006-жылдын 28-апрелинде эле ыңкылап өз алдына койгон максаттарына жеткен жок, бийликтин табияты А.Акаевдин режимин сактап калды деген болчу: «Бүгүнкү күндө эч кандай ыңкылап болбогондой таасир калууда. Акаев мурдагыдай эле Ак үйдө отуруп алып башкарып жаткандай. Болгону эле ал чачын өстүрүп, анан кылмышкерлер менен достошуп алгандай».

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG