Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Эльмира Ибраимова: “Мен бул кокусунан болгонуна ишенбейм”


Каргашалуу кырсыкка катышкан автоунаалар.
Каргашалуу кырсыкка катышкан автоунаалар.

Кыргызстанда жарык көргөн орус тилдүү гезиттер да башкы тема катары президенттин мурдагы администрация башчысы Медет Садыркуловдун каргашалуу өлүмү жөнүндө жазып чыгышты.

“Дело №...” гезити 1-бетин “Жоопко караганда суроолор көп”, “Дөңгөлөктөгү крематорийде өрттөнгөн Медет Садыркуловдун өлүмүнүн жашыруун сыры”, “Тирүү калган ким? Күбөбү же күнөөкөрбү?” деген аталыштагы макалаларды басты.

“Лексус” автомашинасы кагылышуудан өрттөнүп кетиши мүмкүнбү?” деген суроого жооп издеген гезит кабарчысы ИИМ башчысы М. Конгантиевдин күч орган кызматкерлери архивди аңтарып олтуруп, 2003-жылы бетон мамыны сүзүп, “Мерседес 300”, ушул жылдын январында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда “Ауди –С 4” менен “Дэу – Лабо” автомашиналары сүзүшүп ичиндеги адамдары менен күйүп кеткенин таптык деп айтканын шилтеме кылып, бирок оңой эле күйүп кете бербеген кырсыктуу “Лексус” кандай болуп өрттөнгөнүн алдыдагы экспертиза аныктарын сөз кылат.

Ушул эле гезит андан ары акыркы күндөрү Медет Садыркулов оппозиция тарапка ык тартып жүргөнүн аны менен сүйлөшкөн саясатчы Эмил Каптагаев билдиргенин кабарлаган. Бул санга ошондой эле “Мен бул кокусунан болгонуна ишенбейм” деген ат менен экс-вице-премьер-министр Э. Ибраимова интервью берген. “Азырынча бир гана нерсе айкын”- дейт ал - “М. Садыркулов админстрация жетекчилигинен өз ыктыяры менен кызматтан кеткенден кийин аны жок кылабыз деп коркутуп-үркүтүүлөр болгон. МЧС – Кыргызстандын саясый турмушундагы өтө чоң фигуралардын бири эле. Президент К. Бакиевге айрыкча чын дили менен ишенген...”

Э. Ибраимованын айтымында түшүнүксүз жагдайлар көп. Маселен түнкү саат 2 жарымда казак-кыргыз чегарасынан өткөн автомашинадагы М. Садыркулов кандайча таңкы саат төрттө үйдө күтүп аткан аялына, балдарына барбастан башка багытка барып калган? Экинчиден өрттөнгөн машинадан М. Садыркуловго таандык титандык корпусу бар, бул өрттөн да күчтүү температурага эрип кеталбаган телефон аппараты, үйүнүн ачкычы, кайыш кара портфели жок болуп чыккан. Үчүнчүдөн, анын (Э. Ибраимованын) маалыматы боюнча “Лексустагы” адамдар олтурган абалда күйгөн.

Өрт чыккан жерде адамдар минтип кыймылсыз бойдон олтуруп бермек беле? Төртүнчүдөн, Садыркулов минген машина эң эле кооппсуз деген машиналардын бири болуп эсептелет. “Лексусту” сүзүп эчтеке болбогон, алтургай шоопурунун бир да жери чийилбеген “Ауди” аман-соо калып, ар жакта турган джиптин, болгондо да анын бензобагы жарылбай туруп күйүп кеткенине ким ишенет?

Ошентип, бул окуяны адам өлтүрүү деп эсептеген Э. Ибраимова, бир жумадай мурда М. Садыркулов ага үйүнүн жанына пост (кароол) койгонун сөз кылганын, “эмне үчүн?” десем, “алар мени жок кылганы жатышат” деп айтканын кошумчалаган. Гезит кабарчысы ага:”Дагы бир божомол айтылууда. Садыркулов өлгөн жок. Ал өзүн өзү өлдү кылып, ушундай сценарийге барды” деп атышат, буга кандай дейсиз?” деп кайрылганда Э Ибраимова “Экспертизаны күтөлү. Жубайы да, үч кызы да аталарынын өлгөнүнө эмес, тирүү экенине ишенип турушат” деп жооп берген.

“Московский комосмолец Кыргызстан” гезити жогорудагы өлүмгө байланыштуу макаласынын атын “Патриоттордун оюну” рубрикасынын алдында “МЧС боюнча Башплан...” деген ат менен окурмандарга тартуулады. Макаланын автору Улугбек Бабакулов: ”Саясат изилдөөчү Аркадий Дубнов:”Медет Садыркуловдун өлүмүнө Акүй менен бекем байланышы бар генерал кызыктар” деп озунуп билдиргенге шашылды. Демек белгилүү политолог кайсыл “белгилүү генералды” айтып атты экен? Ушуга ой калчап көрөлүчү” деп баштайт макаласын. Ал андан ары үч генерал – ИИМ министри М. Коңгантиев, Энергетика генералы Ф. Кулов жана Мамлекеттик күзөт кызматынын генералы Ж. Бакиев тууралуу ой жүгүртүүлөрүн ортого салат.

Оппозициянын айлана-тегерегиндеги камакка алуулар, алардын айрымдарына кылмыш иштерин козгоо маселесин сөз кылган гезит, коомчулуктун буга карата маанайы кандай деген суроо коет. Оппозициянын оюн колдой турган, ал таяныч кыла турган электорат барбы? БЭКтин мүчөлөрүнүн биринин айтымында бийлик азыр мамлекетти карандай күч менен гана башкарып калды, болбосо анын эл ичиндеги кадыр-баркы өтө эле төмөн.

А бирок ошол эле оппозициянын эл ичиндеги кадыр баркы кандай болду экен? Эгер чындап эле оппозиция күткөн нерсе ишке ашып калса мындан аркы шайлоо К. Бакиевсиз өтөбү. Анда алардын арасында президенттикке татыктуу адам барбы? Эл баштайм деген адамдардын эки түрү болот. Бири элин ар дайым ээрчитип жүрөт. Экинчиси элин айдап алат. Мына ошентип элин мал сыяктуу айдап албай турган адамдарды азырынча алардан да байкай албай атабыз. Ошондуктан 27-марттан кийин эле баары кардиналдуу өзгөрүп кетерине көз жетпейт деп жазат аталган гезит.

Кыргызстандын министрлери менен алардын орунбасарлары менен соттошмой адатка айланууда деп маалымдаган ушул эле гезит “Мутакалим” деп аталган мусулман аялдарынын өкмөттүк эмес коому КР Билим берүү жана илим министри А. Мусаевдин мектептерде кыздардын чүмкөмө жоолук салынып жүрүүсүнө каршы буйругун токтотуу боюнча Фемида кызматына кайрылганын жазып чыкты.

Мусулман аялдар коомунун өкүлү Жамал Фронтбек кызынын айтымында азыр бул буйрукка каршы 50 миң кол топтолду. Жакынкы күндөрдө дагы 200 миң кол топтолот. Ал эми билим министри А. Мусаевдин буга жооп боло турган өз жүйөөлөрү бар. Анткени мектеп окуучулары жума намазын шылтоолоп сабакты таштап коюп жатышкан учурлар арбын.

Министрдин айтуусунда ал жоолук салынууну такыр эле токтотууну талап кылган жери жок. Кыздарга билим берүү жайларында жоолук салынып жүрбөө үчүн гана талап коюлууда. Мусулман аялдар коому болсо бул талап алынып салмайын Конституциялык сотко чейин барганга даяр. Эске сала кетчү бир жагдай өкмөттүк жана мамлекеттик билим берүү мекемелеринде кыз-келиндердин жоолук салынып жүрүүсүнө Марокко, Алжир жана Тунис өңдүү мусулман өлкөлөрүндө да тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG