Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:10

АКЫЛБЕК САРИЕВ: ЖАРЫМ ПАЙЫЗДЫК ЧЕКТЕН ЧОҢ ЧЫР ЧЫГЫШЫ МҮМКҮН


Учурда Кыргызстанда 16-декабрга белгиленген мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого даярдык күчөп турган кез. Бул арада партиялык тизме менен өтчү бул шайлоого катышууну каалаган партиялар курултайларын өткөрүп, тизмелерин бекитип бүтүп калышты. Бирок, ошол эле учурда саясий партияларга аймактардан 0,5 пайыз добуш алуу боюнча маселе талаш туудурууда. Ушул жана башка маселелердин айланасындагы суроолорго Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариев “Азаттыкка” жооп берген.

- 0,5 пайыз добуш алуунун тартибин өзгөртүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясында маселе козголуп жатканы буга чейин эле айтылган эле. Биздин билишибизче бул маселе БШКнын жыйынында талкуулана элек. Ага эмне себеп болууда?

- Мунун ар кандай себептери бар. Ички жана сырткы себептер дегендей. Анткени Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ою болгону менен сыртка айтыш баарыбыздын колубуздан келбейт экен. Биздин отурумда дагы мен ушул меселени көтөрүп чыктым. Анткени, негизги шарт боюнча ар бир шайлоого катышып жаткан субьектилер, саясий партиялар өзүлөрүнүн шартын билиш керек. Кийин кандай жыйынтык менен эсептелээрин. Тилекке каршы өзүңүз айтып кеткен 0,5 пайыз деген талапты азыр ар ким өзүнүн оюндагыдай кабыл алып жатат. Саясий партиялардын курултайына катышканда угуп жатабыз. Саясий партиялар ойлоп жатат 0,5 пайыз облустагы тизмелерге кирген шайлоочулардын санынан деп. Башка тараптар болсо 0,5 пайызды жалпы республикадагы шайлоочулардын санынан алынат деп жатышат. Мен биздин отурумда маселени коюп добушка салдым, күн тартибине киргизиш үчүн. Тилекке каршы шайлоо комиссиясынын үч эле мүчөсү колдоду карайлы деп. Калгандары төрага баш болуп ал маселени кароодон баш тартышты.

- Эмне үчүн бул маселе артка жылып жатат. Ошол баш тартуунун себеби эмнеде?

- Негизи бул талаптын өзү башынан эле туура эмес коюлган. Бул талап жок болчу биринчи чыгарганда. Кийин бул өзгөртүү катары кабыл алынган президент тарабынан. Администрациянын өзүнөн дагы кичине ката кеткен. Анткени биринчи 11-октябрда мен билгенден Борбордук шайлоо комиссиясынын түзөтүү катары указы келген. Бирок, беш күндөн кийин тилекке каршы экинчи указы келип, биринчисин алмаштырып кетишкен. Экинчисинде болгону үтүр менен келген. Эми бул жерден филологдор дагы, тилчилер дагы айтышы кыйын. Түшүнүк ар кандай бирок, ошого карабай өзгөртүү киргизип жаткан администрация тараптан болобу же башка тараптан болобу алдын ала шартты так айтыш керек. Менин түшүнүгүм боюнча бул республиканын тизмесинен деп жатышат болуш керек. Катышып жаткандар билиш керек кайсы шарт менен баратканын. Эртеңки күнү бул чоң чырдын башын алып келип калышы мүмкүн.

- Муну саясий партияларга бут тозуу деп кабылдаса болобу?

- Эми аны ар ким ар кандай түшүнүгү менен кабыл алса болот. Бирок кандай болгон күндө дагы ушул шайлоого катышкан тараптар так жана эч кандай талашсыз билиш керек. Эгер республиканын жалпы санынан 0,5 пайызды айтса, аны ачык айтыш керек. Тилекке каршы бир топ саясий партиялардын курултайлары өтүп кетти. Эми эртеңки күнү ошону ачык айтканда дагы алардын оюндагыдай дал келбей калса жөндөн-жөн чыга турган чырдын башы деп эсептесек болот. Анткени мйзамдын өзүндө көп мүчүлүштөр бар. Шайлоого чейин көп мүчүлүштөрдөн кыйналат окшойбуз менин түшүгүм боюнча. Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясынын жашырынып, так жооп бербей жатканы туура эмес иш деп ойлом. Анткени, биз жыйынтыгын чыгарчу орган болгондон кийин моюнубузга алганды билишбиз жана ишенишибиз керек. Кандай талаптар менен эсептеп чыгарабыз. Бул бүгүн эмес эртең чыкчу маселе.

- Эми бул меселе кандай чечилет. Шайлоого чейин ушундай талаш бойдон кала береби?

- Айрым мүчөлөр буга чейин эле бул мaселени көтөрүп келе жатабыз. Төрага дагы ачык айтпай жатат, же өзүнүн жоопкерчилигин сезбей жатабы билбейм. Бирок бул жаап койчу мaселе эмес. Бүгүн болбосо эртең карала турган маселе.

XS
SM
MD
LG