Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Т.САРИЕВ: МАРТ ОКУЯСЫ КАЙТАЛАНЫШЫ МҮМКҮН


Маектешкен Айгүл Жунушалиева, Бишкек 2005-жылдын 24-мартындагы окуядан бери 3 жыл өттү. Бул датага карата “Азаттык” үналгысына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, учурда Коомдук парламенттин мүчөсү, “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидерлеринин бири Темир Сариев маек куруп берди.

Айгүл Жунушалиева: -2005-жылдын 24-мартындагы окуядан бери 3 жыл өттү. Ошол окуя тууралуу сөз кылсак. Ал күнү сиз кайда элеңиз, эмне иштерди кылдыңыз эле?

Темир Сариев: -22-мартта жаңы шайланган парламенттин алгачкы отуруму болгон. Анда мен президентке кайрылып “Кыргызстандын жарымында бийлик алмашып кетти, эгерде сиз азыр Бакиев баш болгон топ менен сүйлөшүп, алар коюп жаткан талаптарды аткарбасаңыз абал оңолбойт”, - дегем. Алар бир нече талаптарды коюшкан, биринчиси Акаев октябрда боло турган президенттик шайлоого катышпастыгын расмий түрдө жар салышы керек эле, экинчиден, ал шайлоо таза, мыйзамдын чегинде өтөөрүнө кепилдик бериши зарыл эле жана талаш жаратып жаткан бир нече округда кайра шайлоо өткөрүү зарыл эле.

Жалпысынан булар аткарыла турган эле талаптар болчу. Бирок менин айткандарым кулак сыртында калып, бир топ депутаттар, өкмөт мүчөлөрү чыгып, “баары жайында” деп коюшкан. 24-мартта болсо депутаттар үчүн 4-5 күнгө тыныгуу жарыяланган.

Мен бул күнү түшкү саат он бирлерде Кызыл-Туу айылындагы шайлочуларым менен жолугууга жөнөп кеттим. Кайра саат бирде Бишкекке келе жатканда мага Каныбек Иманалиев чалып, бир топ депутаттар “Учкун” концернинде чогулушканын, мени да чакырып атышканын айтты. Келсем 20дай депутат бар экен, биз кырдаалды талкуулап, тез арада парламенттин отурумун өткөрүү тууралуу сүйлөштүк.

Анан “чогулган эл Акүйгө кирди” деген маалымат келди. Саат кечки төрттөрдө биз, 40ка чукул депутат Манас-Белинский көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратка чогулдук. Ал жерден Демократиялык конгресстин мүчөлөрү менен жолугуп, “сүйлөшүп келгиле” деп, Акматбек Келдибеков, Жантөрө Сатыбалдиев жана мени жиберишти. Ошол маалда Аскар Акавдин кетип калганы дайын болгон. Биз үчөөбүз Акүйгө барсак эл толуп алыптыр, милиция кызматкерлери аларды чыгарып, эшиктерди жаңы эле жаап жаткан экен.

Биз түштүк тараптагы кичине залга кирсек Бекназаров, Бакиев, Жапаров, Исаков, Кадырбековдор отурган экен. Биз баарыбыз саат сегиздерде сессия чакырууну чечтик. Анда болсо эски чакырылыштагы депутаттар менен жаңы депутаттардын ортосунда чыр чыгып, мушташканга чейин бардык. Бир чечимге келе албаган соң отурумду эртең уланталы деп чечтик. Ошол убакта “шаарда талап-тоноочулук болуп атат” деген маалыматтар келе баштады. Анан биз Феликс Куловго айтып, “шаарды кыдырып, элди тынчтандырбасак болбойт” деп, эптеп атып МАИнин 3 машинесин таап, Марат Султанов жана башкалар болуп түнү бою Бишкекти кыдырып, элди тынчытууга аракет кылып жүрдүк. Мына, 24-мартка чейин жана ошол күндөгү менин иш-аракеттерим ушундай болду, муну биринчи жолу расмий түрдө сиздерге төкпөй-чачпай айтып берип жатам.



Айгүл Жунушалиева: -Бийлик алмашкандан бери мына үч жыл өттү. Азыр да коомдо ал ыңкылап болгонбу, же жөн гана төңкөрүшпү деген суроолор бир топ. Сиз ушул сууроого кантип жооп берет элениз?

Темир Сариев: -24-марттын түнүндө жана андан кийин дагы шаарда талап-тоноолор болду, жер басып алуулар орун алды, мунун бардыгын көрүп, бийликтин кылган иш-аракеттерин анализ кылып туруп айткым келет, эч кандай ыңкылап болгон жок, жөн гана төңкөрүш болду. Ошондон бери Кыргызстанда стабилдүүлүк жок, ар кандай ыр-чырлардан арыла албай келе жатабыз, мурдагы бийликтин убагындагы жат көрүнүштөрдүн баары чечилген жок, элдин үмүтү акталган жок. Көп жагынан азыркы бийлик эски бийликтен ашып түшүп атат. Жөн гана Акаевдин ордуна Бакиевге келип калды, ал эми жалпы бийликтин философиясы , система ошол эле бойдон калды.

Айгүл Жунушалиева: -2005-жылдагы март окуясы өз максатына жете алдыбы? Дегеле ошондогу бийлик алмашуудан кийин өлкөнүн экономикалык, саясий, социалдык тармактарында кандай өзгөрүүлөр болду деп ойлойсуз?

Темир Сариев: -24-марттан кийин баары оңолот, калктын жашоосу жакшырат, биз үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейбиз, алдым-жуттумду жоготобуз деген адамдар азыр эмне кылып жатышат? Эми элдин баары өздөрүнүн чыканагын тиштеп атышат. “Каап, мурдагы эле бийлик жакшы эле” деп атышпайбы. Эл “эмне үчүн мындайды кылып атасыңар? Токтотсоңор боло”, - деп бизге айтып атышат. Анткени эки жарым жыл парламентте биз булардын баарын күн сайын, саат сайын какшап келдик. “Бийликтин табиятын өзгөртөлү, жергебизге тынчтык орнотолу, элдин күчү жакшылыктарга жумшалсын, акыйкаттык, чындык болсун”, - деп айтып келдик. Мунун негизинде бир эмес төрт чоң митинг өткөрдүк. Бирок тилекке каршы андай болгон жок. Күн өткөн сайын көбүрөөк алдап, көбүрөөк мазакорлонуп атышпайбы. Экономикада, саясатта, социалдык тармакта иши кылып маанилүү жааттарда эч кандай жылыштар болгон жок.



Айгүл Жунушалиева: -Айрым талдоочулар азыркы оппозициянын күчү жок, ал чачыранды болуп калды дешет. Анткени Бишкек шаардык кеңешинин элдин тынч чогулуусуна тыюу салган токтому чыкты. Ал арада оппозициянын көрүнүктүү өкүлү Кубатбек Байболов саясаттан кеткени тууралуу жар салды.Сиздин оюңузча ушул тапта оппозициянын күчү канчалык?

Темир Сариев: -Мүмкүн бийлик оппозициянын айрым өкүлдөрүнө кысым көрсөтүп , оппозицияны чачыратканга аракет жасады. Бирок маселе ошол 4 же 5 кишиде эмес да. Мага президент Бакиев да айткан “парламентте болгону алты-жети гана депутат отурат, ошолор гана мага тоскоол болуп атат, болбосо баары сонун болмок” деп. Мына, өткөндө шайлоодо жүргөндө Асылбаш айылынын бир карыясы чыгып алып, “Ай, айланайын Темир, мен Акаевдин убагында бир айлык пенсияма бир мүшөк ун алчу элем, эми болсо кемпирим экөөбүздүн пенсиябызды кошсок да бир кап ун сатып ала албай калдык, анан биз кантип жашайбыз?”, - деди. Мына, ушинтип айтып жатат карапайым калк. Элди жыргатам дегендер эми эмне кылып атышат? Өздөрүнүн чөнтөктөрүн толтуруу менен алек.

Анан бир нерсени билип коюшубуз керек, бир адамдын оозун тыйса болот, оппозиционерлерди чыркыратып камап, аларды куугунтукка алса болот, бирок бүтүндөй калктын оозун тыя албайсың. Бул жара өңдүү бир күнү болбосо бир күнү жарылат, ириңи атып. Эгерде ушул ыплас саясат улана бере турган болсо, коом буга чыдабайт. Ушул тапта бизге күн сайын адамдар келип, “качан чыгабыз, жаз келип, күн жылып калды, чыкпайлыбы” деп атышат. Сөзсүз түрдө эле элди кайра көчөгө алып чыгып, имараттарды басып алып, зордук-зомбулук кылып, бийликти же кетирип, же кандайдыр бир аракеттерге мажбур кылыш керекпи же алар өздөрү эле эсине келишеби. “Кой, мындайды токтотолу, акыйкаттык болсун, таза башкаруу болсун, элди алдап, мүлктөрдү уурдаганды токтотолу” деп өздөрү келеби?

Айгүл Жунушалиева: -Бийликтегилер сиз айтып жаткандай кылбаса, кандайдыр бир өзгөрүүлөр болбосо, 2005-жылдын 24-марты кайталанбайбы?

Темир Сариев: -Эч ким буга кепилдик бере албайт да. Анткени элдин үмүтү, мүдөөсү аткарылган жок. Эгерде бирөө ураан көтөрүп чыкса, кыйналып-кысталып турган калк аны ээрчийт. Буга эч кандай кошумча ресурс, кошумча акчанын да кереги жок. Бийлик ушуну каалайбы, же азыртадан реформаларды жүргүзүп, алдым-жуттумду жоготуп, башкарууну оңойбу? Мына, эки жол турат. Кайсынысын тандайт, бийлик чечиши керек.

Айгүл Жунушалиева: -Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG