Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Элдик революциялык кыймылдын демилгеси Ошто да колдоо табууда


Таластагы Элдик жыйында мындай жыйындар эми өлкөнүн башка аймактарында да уюштурулаары айтылган
Таластагы Элдик жыйында мындай жыйындар эми өлкөнүн башка аймактарында да уюштурулаары айтылган

Кыймылдын президентти мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү демилгеси Ошто да колдоо тапканы айтылууда. Ошол эле учурда мындай жышаан бир нукка араң түшүп бараткан саясий салтты бузуп, жарандык согушка түртөт деген кооптонуулар да жок эмес.

«Башат» саясий уюмунун жетекчиси Бакыт Калмаматов Элдик революциялык кыймыл баштаган демилгени карапайым калк сүрөп кетээринен шек санабайт. Себеби 2005-жылдагы март революциясы үмүттү толук бойдон актаган жок, социалдык теңсиздик Акаев мезгилиндегиден бешбетер күчөдү.

- Бул Бекназаров, Чотоновдордун зэрикенде кылып жаткан иши эмес. 2005-жылкы революция бүгүнкү күнгө чейин этегине чыкпагандай мааниде келе жатат. Кыргыз эли ал революциядан адашканын аябай өкүнүч менен кабыл алып жатат, кыргыз мамлекетинде жалпы социалдык теңсиздиктин өтө бир чоң деңгээлге жетип калганы Бакиевге моралдык түрдө приздент болууга жол бербей калды, Бакиев өзү билип да кетип калса боло турган деңгээлге жетип калды да.

«ЭрК» партиясынын башчысы Турсунбай Бакир уулу болсо экинчи төңкөрүштү же ыңкылапты кыргыз эли көтөрө албастыгын, бул кагылышууга алып келиши ыктымалдыгын эскертти:

-Экинчи жолу мамлекеттик төңкөрүш, же ыңкылап болсо, эл көтөрбөйт, кан төгүлүп кетиши мүмкүн. Бизде презденттер жалаң митинг аркылуу, же төңкөрүштүн негизинде алмашып жатат. Масалиев, Акаев ошондой кеткен, Бакиев да ошондой кетип калышы мүмкүн.

Турсунбай Бакир уулу ошондой эле азыркы бийликке катачылыктарын оңдоого акыркы мүмкүнчүлүк берүү абзелдигин, мындай шартка Бакиев режими моюн сунбаганда гана радикалдуу кадамдарды жасоого убакыт табылаарын кошумчалады.

«Прогресс» бейөкмөт уюмунун башчысы Эрнис Толтоев укуктук мамлекетте жогорудагыдай жоруктарга жол берилиши акылга сыйгыс экендигин туюнтту:

-Укуктук өлкөдө жашап жаткандан кийин биз мыйзамга баш ийишибиз керек. Бакиевдин мөөнөтүнөн мурда эмес, ошол мөөнөтү бүтөндө гана кетиши толук мүмкүн деп ойлойм.


Саясат таануучу Санжар Тажиматов да бийликти күч менен алмаштырууну эп көрбөйт. Андан көрө мамлекет жетекчилери жана оппозиция өлкө тагдырын ойлонсо, саясий эрктүүлүгүн айгиленеп, маселелерди сүйлөшүү аркылуу тынч жол менен чечүүгө тийиш.

- Күч менен бийлик алмаштыруу өзү туура эмес . Ошон үчүн менин оюмча, 2010-жылкы шайлоого карата конституциянын негизинде , шайлоонун негизинде эле бийлик алмашканы туура. Бүгүнкү күндө көрүп жатасыздар, нааразычылык акциялары аз-аздан чыгып жатат. Бирок катуу тутанса чоң нерсеге айланып кетиши мүмкүн. Бийликтегилер болсун, оппозициядагылар болсун саясий толерантуулукту көрсөтүп, биринчи кезекке өлкөнүн тагдыгын койбосо чоң нерсеге айланып кетиши мүмкүн, саясий оюндар өтө курчуп кете турган болсо бул жакшы нерсеге алып барбайт...

Санжар Тажиматовдун пикиринде, болбосо эки тараптын тирешүүсүнөн улам нукка араң түшүп бараткан саясий салт бузулуп, ал жарандык согушка түртүшү ыктымал.

Ош облустук адилет башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Рахман Таштанов болсо кандай болгон күндө да Элдик революциялык кыймылдын аракеттери мыйзамсыз деп эсептейт.


- Мыйзам чегинде туура эмес. Экинчиден, алар мамлекеттик каттодон өтмөйүнчө ар бир аракети мыйзамсыз деп эсептейм.

XS
SM
MD
LG