Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

“Азаттыктын” түз ободогу тегерек үстөлүндө бул жолу өлкөдөгү коомдук-саясий абал талкууланып, ага “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Ак жол” фракциясынын лидерлеринин бири Табылды Орозалиев жана саясат таануучу Орозбек Молдалиев катышты.

“Азаттык”: - Алгачкы суроо курултайга, системалык өзгөрүүгө байланыштуу болот. Системаны өзгөртүү талабын оппозиция да талап кылышууда. Бул маселе 29-ноябрдагы курултайда негизги темалардан болоору белгилүү болуп турат. Бийлик болсо системдик өзгөрүү, жаңы конституцияны кабыл алуу, парламентти партиялык тизме менен шайлоо менен системдик өзгөрүү ишке ашты дегендей позицияда туруп атат. Табылды мырза кепти ушундан баштасак, сиздер системдик өзгөрүү болду деп эсептейсиздерби?

Табылды Орозалиев: – Системдик өзгөрүү бүттү, ушуну менен процесс токтоду дегенден биз таптакыр алыспыз. Анткени кандай гана конституция, кандай гана мыйзамдар болбосун бул “Куран” эмес демократиялык өлкөдө, аны убагы келген сайын коом өзгөртүп турушу керек. Азыркы убакта убактылуу убакытка чейин системдик өзгөрүү бүттү деп айта алабыз. Буга канча убакыт керек аны турмуш өзү көрсөтөт.

“Азаттык”: - Өмүрбек мырза айтсаңыз, азыркы бийлик системасынын негизги кемчилиги эмнеде жана сиздер сунуштап жаткан системанын артыкчылыгы кайсы?

Өмүрбек Текебаев: – Бүгүнкү бийлик системасы эски биздин калдыктарыбыздан, кемчиликтерибизден кутулган жок, бул биринчи кезекте. Өлкөнү конституциялык бийлик органдары эмес, жакын жоро-жолдоштор, урук-туугандар башкарган адат калбады. Мына ушул адатты талкалаган система керек. Экинчиден, бизде ким бийликке келбесин тез эле бүткүл бийлик ошонун колуна чын-жалган менен, мыйзамсыз жол менен ошонун колуна жыйналып калып атат. Ушул монополияга чек койгон эффективдүү барьерлер конституцияда көргөзүлгөн эмес. Эң негизгиси элдик пикир негизги күчкө айлана элек. Эл эмне деп атат экен деп демократиялык коомдо бийлик, оппозиция элеңдеп карай турган болсо азыр бул пикир менен эч ким эсептешпейт. Тескерисинче аны монипуляциялаганга аракет кылып, эркин басылмаларды, эркин сөз булактарын жаап, аларды көзөмөлгө алганга аракет кылып жатышат. Ал эми элдин эрки шайлоо убагында билинет. Шайлоонун жыйынтыктары одоно түрдө бурмаланып жатат. Ошентип бийликтин маңызы, формасы дагы өзгөргөн жок деп биз айтып жатабыз.

“Азаттык”: - Орозбек мырза, эки тарап тең өзүлөрүнүн системаларын айтып жатат, бир тарабы бүттү, бир тарабы өзгөрүш керек дейт. Бир оппозиционер айтып жатат азыр системалык өзгөрүү эмес, адамдык сапатка көңүл бурушубуз керек деп. Акыйкаттык кайсы жеринде турат азыр?

Орозбек Молдалиев: – Бул жерде формасы боюнча “Ак жолдун” түзгөн системасы жөн эле форма гана өзгөрүлүп калды. Эсиңиздерде болсо, “Ак жол” партиясы кээ бир жагынан алганда Коммунисттик партияны элестетип турат. Ошол партия башкарып, генсек деп аталбаганы менен партиянын башындагы адамдардын чечимдери аткарылган система, биз социалисттик системадан анча алыс кеткен жокпуз. Муну кимден сурасаңыз деле өзгөрүү болбогондугун айтып берет. Экинчиден, Табылдынын пикирине мен кошула албайм. Себеби башкаруу системасы бизде азыр жакшы калыптана элек. Башкаруу системасы калыптанганда мындай болот, мына азыр Американы мисалга алалы, мына азыр Буштун мөөнөтү бүтүп баратат, Обама шайланды. Бул ким келгенине карабай Америкадагы бийлик башкаруу системасы иштей берет.

“Азаттык”: - Бирок алар Табылды мырза белгилегендей бир өңүткө жараша өзгөрүп турбайт?

Орозбек Молдалиев: – Анча-мынча өзгөрүүлөр болот, тышкы саясаттын багыты бир аз, ички саясаттагы бир аз өзгөрүшү мүмкүн. Бирок система ага карабай өзү калыптанган боюнча иштей берет. Мына жакында эле биздин президентибиз Германияга барып кайра келгенден кийинки акыбалды деле көрсөңүздөр болот. президент бардагы иш башкача болуп, кеткенде иш солгундап калгандай болуп таасир берип атпайбы. Ошондон эле биздин системанын абалы көрүнүп турат. Үчүнчүдөн, транзитология деген чоң илим бар, ошол багытта изилдегенде социалисттик системадан капиталисттик системага өткөндө көп жетишпегендиктерди жеңген аракеттердин программалары иштелип чыгышы керек. Ошонун үстүнөн бийлик такай иштеши керек эгерде демократияны киргизели деген багыт бар болсо. Бизде андай максат жок болуп атат. Бизде максат мындай болуп атат, конституцияны бир аз өзгөртүп койсок эле ошону менен баары иштеп кетет деген түшүнүк бар. Бул туура эмес. Конституцияны идеалдуу кылып жазып койсок дагы ошону механизмдерин иштеп чыкпасак бул конституция иштебей калат. Ошон үчүн Өмүрбек мырзанын айтканына бир аз кошулсам болот.

“Азаттык”: - Оппозициянын бизде эки түрү турат. Бир түрү Азимбек Беканазаров башында турган элдик элдик революциялык кыймыл. Алар мөөнөтүнөн мурда президентти кетирүү, башкача бийлик системасын түзүүнү жактап жатат. Экинчи тобун Өмүрбек Чиркешович өкүлү бул жерде отурат. Бул тарап цивилдик жол менен саясий күрөштү жүргүзүүнү, мыйзамдык жолдо бийликти алмаштырууну жактап жатат. Бийликте турган “Акжол” партиясы эмне үчүн ушундай күчтөр менен, же болбосо башкалар менен диалогго барып, бир максатты көздөп, цивилдик жолго түшүүнүн жолун аныктоого киришпейт? Табылды мырза айтсаңыз?

Табылды Орозалиев: – Менин айтып кетээрим, жанагы радикалдык жол эч качан жакшылыкка алып келбейт. Бул тарыхый болуп жүргөн көрүнүш, адамзат мындай практикадан өткөн. Анан мен айтат элем, мырза Бекназаровдун жанагыдай коюп аткан радикалдуу түрдөгү максаттары бул коркунучка алып келе турган жол. Аны биз эч качан кабыл албайт элек. Ал эми жанагы саясий диалогго даярбыз, отуруп алып сүйлөшүүлөр менен гана оппозиция менен иш жүргүзүш керек. Бирок мен айтат элем, оппозиция дагы кандайдыр бир түрдө өзүнүн конструктивдүү ойлорун дайыма билдирип тургуш керек, демокартиялык өлкөлөрдө бардык жерде ушундай. Кандай болгондо кандай өзгөрүш керек. Анан жанагы позициямды тактап кетет элем, процесс токтогон жок деп айттым мен, системдүү процесс токтогон жок, аны токтотуш мүмкүн эмес. Америкадагыдай системага келиш үчүн аны дайыма өнүктүрүп, өзгөртүп туруш керек. Бирок биз ага жете элекпиз, болгону жакында бир жыл болот. бир жылдын ичинде кандайдыр бир система пайда болду, ал туруктуу система, же туруктуу эмес деп баа бергенге эрте деп эсептейм азырынча.

“Азаттык”: - Бирок бир нерсени белгилей кетиш керек, Америкада 200 жылдан бери конституция бир нече жолу гана өзгөрсө, бизде 2-3 жылдын ичинде 5-6 жолу өзгөрүп кеткен. Туруксуздуктун негизги булагы ошол болуп жаткандай дагы пикир бар. Акыйкатчы Турсунбек Акун дагы бийлик менен оппозициянын ортосунда диалог уюштурууну жактап келатат. Өмүрбек мырза, кандай шартта диалог болушу ыктымал?

Өмүрбек Текебаев: – Оппозицияны сиз түрлөргө бөлдүңүз, бардык түрлөрү сүйлөшкөнгө даяр. Бирок сүйлөшүүнүң максаты ачык айкын болуш керек. Анын кете турган жолдору конкреттүү мөөнөттөргө көргөзүлгөн болуш керек. Ал эми бизде сүйлөшүү десе эле, бирөөнө кызмат алып, орун которгонду сүйлөшүү деп эсептешет. Андай сүйлөшүүгө эч ким барбайт, бул биринчиси. Экинчиден, Революциялык кыймыл менен “Акыйкат үчүн” кыймылдын ортосундагы айырма аз эле. Эки оппозициялык блог тең өзгөрүүлөр болушун каалайт. Бирок ар ким ар кандай жолдорду көрөт. Бийликти алмаштыруунун жолун реформа кылуунун эң ыңгайлуу жана тез жолу деп эки тарап тең эсептейт. Ал эми система жөнүндө сөз болгондо, система биринчи кезекте калк тарабынан моюнга алынып, сиңип калган саясий адат, саясий маданият болуш керек. Тилекке каршы бизде ушундай саясий адат, саясий маданият калыптана элек. Ар ким өзүнүнчө жаңы адаттарды ойлоп таап, элге таңуулайт, ал өтпөйт. Ошондуктан бизде системанын иштеп кетишинин кыйын болуп жатышы ушундан болуп жатат, улам жаңы келгени өзгөртөт. Эгерде эртең кокусунан жаза тайып Бакиев кызматынан кетип калса, “Ак жол” партиясы, бүгүнкү парламент ошол эле күнү тарайт, мен кепилдик бере алам. Мына ушунун өзү бизде саясий салт жок экенин билдирет. Эртең Американын президенти кетип калса, калган органдары күпүлдөп-бакылдап кадимкидей иштейт. Бизде тилекке кашы баары бир адамга, ошонун эркине байланып калган.

“Азаттык”: - Орозбек мырза, бул эки күчтөрдүн ортосунда диалог болушу мүмкүнбү?

Орозбек Молдалиев: – Диалог болушу мүмкүн эмес, диалог болушу керек. “Ак жол” жетекчилик бийликтин партиясы болуп атат, демилге “Ак жолдон” болушу керек. Себеби оппозицияны калыптандырган бийликтин кызыкчылыгына жооп берген демократия курам деген бийлик болсо. Оппозиция жок болсо, аны өнүктүрүш, түзүш керек. Бул демократиянын негизги закону. Оппозиция жок өнүгүү болбойт демократияда. Ошон үчүн демилге “Ак жолдон” болуш керек. Анткени булардын колунда ресурстары көп, парламенттик трибунасы бар, финансылык чоң ресурстары бар. Оппозиция бул жагынан начарыраак акыбалда. Темасын макулдашыш керек, сүйлөшө турган проблемалары аябай көп. Мисалы азыркы кризистен кандай кылып чыгабыз, оппозициянын кандай мүмкүнчүлүктөрү бар, бийликтин реформасын кандай кылышыбыз керек делген толгон-токой актуалдуу маселелер бар. Ошолор боюнча сүйлөшсө орто пикирлер келип чыгат. Тирешкенден оппозицияга деле, бийликтин партиясына деле эч кандай пайда жок, элге эле кыйынчылык болуп калат. Анан радикалдуу адамдардын туура эмес экендигин баарыбыз эле түшүнүп турабыз, Бекназаров деле ага барбайт болуш керек. Бирок экинчи революцияны Кыргызстан көтөрө албайт, азыр акыбал абдан оор, бул жагын айтып кетишибиз керек.

“Азаттык”: - Табылды мырзага мындай суроо менен кайрылгым келип жатат, кадр саясатына токтолсок. Бийликтин энергетикадагы кадр саясаты, Балкыбеков министрликтен алынып, бирок энергетиканын жүрөгүндө турган ГЭСтерге башчы болуп дайындалды. Ал эми кезинде 10 миң доллар пара берип кармалган Давыдов министрликке келип калды. Бул кадрдык саясатты кандай түшүндүрө аласыз?

Табылды Орозалиев: – Биринчиден, Давыдов Ильяз Абдулович өзү профессионал киши. Бирок дагы 2-3 аксакал бар энергетиканы абдан жакшы билген. Ал эми 10 миң доллар пара берип кармалган деген сөз, чындыгында убагында укканбыз, кийинчерээк ал дагы билинбей калды эмне менен бүткөнү. Ошол убакта эле гезиттерге жарыяланган далилденген жок, ал өзүнчө кызыкдар тараптан жасалган акция деп укканбыз. Эгер чындыгында эле далилденсе кармалса ал киши убагында, менин оюмча сотко иши ашат эле. Ал кишинин профессионалдык жагынан менин эч күмөнүм жок. Балкыбековду айтчу болсок, бул киши чындыгында берилген тармакты өз деңгээлинде алып баралган жок. Энергетика абдан чоң тармактын бири. Бирок ГЭС ага караганда тармактын ичиндеги кичинекей тармак. Балкыбеков бул тармакта көптөн бери эмгектенген жигит, өкмөт аппаратында ТЭК деп коет, ошондо инспектордон баштап, бөлүм башчынын орунбасары, бөлүм башчы болуп иштеп келген, андан тышкары “Түндүкэлектродо” иштеп келген.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, бул кадрдык чечимдерге сиздин пикириңиз кандай?

Өмүрбек Текебаев: - Биринчиден, бул кадрдык саясат өлкөдө жоопкерсиздикти таңуулап жатат. Балкыбеков эмес, андан башка энергетика тармактын жетекчилери дагы 17 жылдан берки жүргүзгөн саясаты үчүн саясий гана жоопкерчилик эмес, кылмыш кодексинин алдында дагы жооп бериши керек. Бул кыргыз экономикасына, кыргыз калкына жасалган эң чоң зыяндардын бири. Тилекке каршы биз энергомафия деп коебуз, анын өкүлдөрү көтөрүлгөңдөн көтөрүлүп отурат, алар парламентке келип бакыйган чоң топ болуп отурушту, премьер-министр, министр ж.б. баардык ээлей турган жерлердин баарын ээлеп бүгүн дагы өлкөнүн экономикасын, саясатын көзөмөлдөп отурат. 2006-жылкы ноябрда констититуция кабыл алынганда бир топ депутаттар жок болуп кеткен, алар Шершовдун үйүндө отургандыгын ошол кездеги төрага Марат Султанов жарыялаган. Көрдүңүзбү, силер ал конституцияга добуш бербейсиңер, мен жазып берген конституцияга добуш бересиңер деп, ишенбей Шершов үйүндө 12 депутатты кармап отурган. Мына ошол Шершовго баш ийип, кулдук уруп үйүндө камалып барымтада отурган 12 кыргыз депутаты бүгүн президенттин алдында бакыйган постторду ээлеп, министр болуп, өкмөт мүчөлөрү болуп отурат. Мынакей биздин өкмөт дагы, парламент дагы энергомафиянын барымтасында калгандыгын, алардын кызматын кылгандыгынын ачык далилдеринин бири ушул.

“Азаттык”: - Энергомафия тууралуу бизде дагы суроо бар эле. Орозбек мырза, саясат таануучу катары айтсаңыз, ушул энергомафия бар дегендин чындыгы барбы бизде?

Орозбек Молдалиев: - Энергомафия бар дегендин чындыгы дагы бар. Бизде коррупция боюнча күрөш натыйжалуу болбой жаткандыгы баардыгыбызга эле белгилүү. Ошон үчүн бул жерде бир мисал болуп, айласы кеткенде, мурда сөгүш жарыялап, андан натыйжа чыкпагандан кийин Балкыбековду кызматынан алгандан маселе чечилип калбайт. Албетте ар бир министрдин өзүнүн жоопкерчилиги болуш керек, кызматынан алынганы туура. Бирок андан ары эмне болду. Кызматынан түшкөн менен эле маселе бүтүп калабы деген туура. Мына силер берген сурооңордун төркүнү дагы туура болуп атат. Министрликтен түшүп эле кайра ошол тармактын абдан маанилүү тармагын башкарып калганы, электр станциялар деген эң чоң тармак, энергетиканын жүрөгү, ошол жакты башкарып атат. Керек болсо министрге деле баш ийбей кое тургандай мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондуктан бул жерде аягына чейин чыгарыш керек, изилдеш керек. Бул Балкыбековду камаш керек деген сөз эмес. Эмгиче коомчулук жооп ала элек, эмне үчүн энергетика ушундай акыбалга келди деген суроого. Суунун азайып калганын түшүндүргөнгө эч ким ишенбейт, мындан кургакчыл жылдар дагы болгон. Аны биздин Илимдер академиясындагы суу энергетиканы изилдөөчү тармактардагы окумуштуулардан сурасаныздар болот. Макул, аба ырайы начар болуп калгандан кийин прогноз боюнча аны барып алдын алыш керек эле да. Эмне үчүн мындай болуп калды дегенге өкмөт жооп бериш керек. Муну “Ак жол” партиясы бул жагынан демилгени өзүнө алып туруп, көрсөтсө болот.

“Азаттык”: - Орозбек мырза, Кыргызстанда кандай болгон күндө дагы ачык саясий процесстер жүрүп жатат. Бул бизди келечекте оппозиция азыр айтып жаткандай, саясий конкуренцияны жаратышка алып келе алабы?

Орозбек Молдалиев: – Бул процесстер бир аз солгунураак болуп атат. Себеби жана биз айткандай оппозициялык көп ММКлардын саны тилекке каршы азайып калды. Сөз эркиндиги болмоюнча демократия кеңири жайыла албайт. Мисалы биз “Азаттык” менен Би-Би-Сиден гана угуп калып атабыз, оппозиция баланча иш чараларды жүргүзгөнү жатыптыр деп. Кыскача гана маалымат болуп атат. Оппозиция максаттарына жакшы жете албай жатат. Ушул жагын эске алыш керек.

“Азаттык”: - Табылды мырза сиздин пикириңиз?

Табылды Орозалиев: – Мен айтаар элем, коомдун өнүккөн деңгээли кандай болсо, ичиндеги жүрүп жаткан иш чаралары дагы ошого түздөн-түз байланыштуу болот. Азыркы өзүбүздүн деңгээлибизге жараша бизде саясий маалыматтар өнүккөн, ошого жараша маалыматтык талаа дагы өнүккөн. Биз ушул турган деңгээлден өнүгө албай туруп, кайсы гана жактан болбосун, саясий жактан болобу, экономикалык жактан болобу бир эле тармакты өнүктүрүп кеткенге мүмкүнчүлүк болбойт. Ал үчүн коомдун гана өнүгүүсү керек. Ошондо гана бир тыянакка чыга алабыз.

Өмүрбек Текебаев: – Лидер, өзгөчө официалдуу таанылган парламенттеги көпчүлүк, президент ортозаар болбош керек. Коомдун деңгээли ушундай деп ошол деңгээлде туруп алсак, биз жөнөкөй карапайым атуулдан айырмабыз болбойт. Ал 3-4 кадам алдыга көрө гана билбестен, ошого тете аракет кылып, элге үлгү болуп, алдыга сүйрөгөн күч болуш керек. Ошондуктан албетте оппозиция сөз жүзүндө гана айтат, ал эми бийлик иш жүзүндө көргөзүп, үлгү болуп, накта лидер болуш керек. Тилекке каршы бүгүнкү бийлик эл ортонунда эмес, элдин артында айласыз муктаж болгондо гана аракет кылып атат. Балкыбековду 2 жыл мурун эле бошотсо болот эле. Жеткирип, талкалап бүтүп, айласы кеткенде сиз айткандай экинчи майлуу жерге жылдырып отурат. Мунун өзү коомдук пикир менен бийлик эсептешпегендиги, лидер болбостон тескерисинче элдин артында калгандыгынын далили болуп отурат.

“Азаттык”: - Рахмат сиздерге.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG