Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Ө.Текебаев: Элдик курултай өз максатына жетти


“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев кечээки Элдик курултайдан соң анда коюлган талаптар, жыйындын максаты тууралуу кабарчыбызга кеп салып берди.

- Өмүрбек мырза, сиздин оюңузча элдик курултайда коюлган талаптар канчалык деңгээлде ишке ашат?

- Кыргызда айтат чапкан сайын көз чыкпайт деп. Курултай, митинг кылып, талап коюлганда алар дайыма эле оңунан чыга бербейт. Бирок бул - саясий процессти өзгөртөт. Саясий процесстин ылдамдыгын өзгөртөт, багытын өзгөртөт. Бүгүнкү курултайды ага катышкандар тарыхый күн деп жатат. Анткени ар кандай саясий күчтөр биригиши, эл алдында конкреттүү саясий программа менен чыгып, ошон үчүн бекем турабыз, ажырашпайбыз деп убада берди. Мунун өзү чоң иш. Буга чейин мындай убада болгон эмес. Бул курултай конкреттүү саясий концепцияны сунуштады. Бийликке март айына чейин мына ушул концепцияны толугу менен ишке ашырууга убакыт берди. Эгерде бийлик бул коюлган талаптарды аткарбаса бул бийликти алмаштырууга белсенип киришээрин жарыялады. Мен ойлойм, бул - опозициянын мүмкүн болгон эң чоң аракети. Мындан радикалдуу, мындан чечкиндүү билдирүү болушу мүмкүн эмес. Муну баары эле түшүнүп олтурат. Канчалык даражада биздин талабыбызды аткарат, канчалык даражада биз өзүбүздүн койгон талабыбызды аткарганга элдин күчүн мобилизациялай алабыз, күчүбүз жетеби, жетпейби муну убакыт көрсөтөт.

- Элдик курултай өз максатына жетти деп айтсак болобу?

- Максат - биздин бирдиктүү концепциябыз бар экенин элге жарыялап, аны курултайдын колдоосуна кою болду. Биз андай колдоону алдык. Экинчи максат - эл алдында койгон максатыбыздан кайтпайбыз, бүгүнкү бийлик менен келишүүчүлүк саясат жүргүзүп, ал түзгөн жаңы өкмөткө же башка кызматтарга барбайбыз деп ачык айттык. Бул прециденти жок окуя, мындан мурун мындай окуя болгонун көргөн эмесмин, ошондуктан курултай өзүнүн максатына жетти.

- Курултайда элдик ревалюциялык кыймылдын лидерлери Азимбек Бекназаров менен Топчубек Тургуналиев ушу 20-декабрда жалпы элдик митинг өткөрүүгө бириккен оппозицияны да чакырып кетти, силер аларды колдойсуңарбы?

- Биз бүгүнкү бийлик жүзгүзүп жаткан баардык стратегиялык менчиктерди приватташтырууга каршы бардык саясий акцияларды колдойбуз. Мына Топчубек Тургуналиев айтып жатпайбы, менин көзүм жакында ачылды, мен каршымын деп. Бакиев 2005-жылы эле ТЭЦти, ГЭСти, баарын сатам деген. Ал анын жаттап алган төрт сап ыры болгон, мына ошондо көрбөй жүргөн көз эми ачылдыбы. Бул деген “оппозиция сымалдардын” ишенген кожосу, кожоюну иши чатак болгондо таштап кете бере турган адамдардын сүйлөгөн сөзү. “Мен билбей жүрүптүрмүн, Бакиевдин саясатын”, дегендер бул - аңкоолук. Муну сабатсыз адам да билет. Анткени президент өзүнүн ой-пикирин жашырбастан парламентте, коомчулукта мурда айтып келген. Ошондуктан бүгүн эле көрө калымыш болуп, бүгүн эле каршы чыга калымыш болгон менин оюмча туура эмес. Бирок ошого карабастан биз бардык күчтөр менен биригип күрөшкөнгө даярбыз, бардык акцияларды биз колдойбуз.

XS
SM
MD
LG