Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

А.Муралиев: Өлкөдөгү саясий кырдаал начарлап баратат


“Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын төрагасы, мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев “Азаттыктын” таңкы түз обосунда өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал тууралуу кеп салып берди.

- Амангелди мырза, айрым байкоочулар азыркы кырдаалды 2005-жылкы март окуясынын алдында болгон саясий акыбалга байланыштырып жатышат. Бийлик элди укпай, өз билгенин жасап, элдин мамлекет башындагыларга, өлкөдөгү башкаруу системасына нааразылык күчөп жана башка деп... Сиз мындай пикирлерге кошула аласызбы?

- Чынын айтканда элдин ой-пикири анча деле жакшы эмес. Себеби 2005-жылы энергетикалык кризис болгон жок эле. Экинчиден, инфляциянын көлөмү төмөн деңгээлде болчу. Азыр болсо инфляциянын көлөмү жогорку деңгээлде. Негизинен экономикалык акыбал, элди материалдык жагынан камсыздоо маселеси жакшы чечилбей калды. Ошон үчүн элдин пикири анча деле жакшы эмес. Сапат жагынан караганда мезгил өзгөрүп атат, элдин маданияты, аң-сезими көтөрүлүп атат бийик деңгээлге. Ошон үчүн негизги процесстер жакшы эле болуп атат. Бүгүнкү бийликке көз карашы начар болсо, бирок эртеңки бийликке деле принципиалдуу, көйгөйлүү маселелерди кое турган элдин аң-сезими толду. Эмне үчүн дегенде, бүгүн акыбал, саясий кырдаал начар. Айрым лидерлерге иш козголуп баратат. Негизинен мен ойлоп атам, мындай акыбал түзүлүшү өлкөнү жакшылыкка алып келбейт.

- Сиз жаңы эле айтып өтпөдүңүзбү, энергетика жана каржылык кризис тууралуу. Мына ушул кризистер Кыргызстанда жазында күчөйт деп айтылып атпайбы. Кыргыз өкмөтү болсо бул кризистердин алдын алууга аракеттенип жатабыз деп айтып жатышат. Бийликтин бул багыттагы аракеттери сизди канаттандырабы?

- Кээ бирде убагында иш чараны көрбөсө, мындай маселелерди көрбөсө, кийин сөз менен эле иш бүтө тургандай болуп калат. Бизде ушундай акыбал түзүлүп калды. Убагында көрүш керек эле бул маселелерди. Маселен, энергетиканы уурдатпай, коррупцияны жоюп, энергетика секторунда, шериктеш, кошуна мамлекеттер менен жакшы келишимдерди түзүп, энергетиканы башкарууну жакшы жолго койсо болмок эле. Бирок андай болбой калды, эми азыр ар кандай сөздөр көбөйүп баратат. Маселен, министрди алмаштырды, эми андан деле эффективдүү чечимдер чыкпайт десе болот. Ошон үчүн бүгүн өкмөт абдан оор акыбалда болуп атат. Февралда чынын айтканда энергетикалык кризис абдан чоң бийик деңгээлине келет десек жаңылышпайбыз го...

- Маегиңизге рахмат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG