Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

БЭКтин саясий бюросунун биринчи кеңешмеси болду


"Бириккен элдик кыймылы" 24-декабрда уюшулду.
"Бириккен элдик кыймылы" 24-декабрда уюшулду.

Бириккен элдик кыймылдын саясий бюросу жыйын өткөрүп, уюштуруу иштерин, январь айындагы иш планын карады. 12-январда Бириккен элдик кыймылдын Улуттук кеңешинин биринчи отурумун өткөрүү макулдашылды.

Бириккен элдик кыймылдын жобосуна ылайык анын башкы органы болуп Улуттук кеңеш жана саясий бюро бекиген. Курамы 11 адамдан турган саясий бюронун негизги милдеттеринин бири "Бириккен элдик кыймылга" жалпы жетекчилик кылуу жана иштерди уюштуруу болуп эсептелет. Азыр эле ошол саясий бюронун биринчи отуруму болду, дейт «Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев:

- Бүгүнкү саясий бюросунун отурумунда биз "Бириккен элдик кыймылдын" иш пландары каралды. Иш пландары боюнча биз бардык маселелерди макулдаштык. Кийнки отуруму 8-январда болот. Анда жакынкы январь-февраль айларында жер-жерлерде болуучу конкреттүү биздин жолугуушлар жана "Бириккен элдик кыймылдын" атынан өткөрүүчү ар-түрдүү саясий акцияларды талкуулайбыз жана кабыл алабыз. Секретариат дайындалды. Аларга 8-январга чейин алдыдагы иш пландарды иштеп чыгуу тапшырылды. "Бириккен элдик кыймылдан" Улуттук кеңешине бир топ саясий ишмерлер жана кээ бир кыймылдын башчылары сунушталып, алар кабыл алынды. 12-январда Улуттук кеңештин биринчи отуруму болот. Муну дагы макулдашып алдык, -деди Темир Сариев.

Байкоочулар жаңыдан түзүлгөн "Бириккен элдик кыймылдын" курамындагы 3 саясий кыймыл, 7 партия жана коомдук уюмдардын көз караштары, алдыга койгон максаттары ар кандай болгондуктан натыйжалуу иш алып бара алышпайт, анткени бир тарабы бийликти мөөнөтүнөн мурда кетирүүнү талабын кабыргасынан коюп жатышса, бир тарабы президенттик шайлоого баруу менен маселени мыйзамдуу чечүү жолун тандагандыгын айтышууда.

Мындай пикирге "Бириккен элдик кеңештин" саясий бюросунун отурумна катышкан Социал-демокарттар партиясынын лидери Алмаз Атамбаевдин жообу төмөндөгүдөй:

-Менин жеке пикирим боюнча мындай болчу да. Эмдиги жылы октябрда президенттик шайлоо болушу керек. Анткени Бакиев эски Конституция боюнча шайланган да. Азыр биздин СДП фракциясынан депутаттар Конституциялык сотко кайрылуу даярдап жатышат. Эмдиги жылы октябрь айынын аяккы жумасында президенттик шайлоо болушу керек, деп. Бирок ошол эле учурда биз ушундай бир компромисске бардык. Кайрылуу дагы болбодубу. «Иштей албай калдыңыз. Кетиңиз,» дегендейчи. Мүмкүн ал киши өзүм эле кетем деп чыгабы же эл дагы такыр эле чыдабай кетеби. Ошодуктан андай жолду дагы жок дебеш керек. Бийликти мөөнөнтүнөн мурда кетирүү жолун дагы ачык калтырдык,- деди Алмаз Атамбаев.

Расмий бийлик өкүлдөрү "Бириккен элдик кыймылдын" түзүлүшүн жана алардын жүргүзүп жаткан иш аракеттерин мыйзамсыз, Конституцияга каршы келет деп келүүдө. Парламенттеги «Ак жол» фракциясынан депутат Автандил Арабаев:

- Биринчиден, булар өз максатына жетишпейт. Себеби бийликке ультиматум коюп, мыйзамсыз басым көрсөтүү эч кандай натыйжа бербейт. Бул бирикме өз максатына жетиш үчүн анын иш аракети жок эле дегенде үч талапка жооп бериш керек. Биринчиден, оппозиция бийлик алдына конструктивдүү маселелерди коюп гана тим болбостон, аларды чечүү жолдорун аныктап көрсөтүш керек. Ал эми кетсин, же болбосо кетиребиз деген куру сөздөр натыйжа бербейт.

Автандил Арабаев белгилегендей Курманбек Бакиевдин кызматка келүүсү менен экономикада, социалдык чөйрөдө олуттуу өзгөрүүлөр болду.

Бирок азыркы бийлик системасына, Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына, оппозицияга дагы нааразы болгондор бар. Алардын бири "Коррупциялык системага каршы күрөшүү – Элдик патриоттук кыймылынын" лидери Назарбек Нышанов. Анын айтымында, Кыргызстандагы оппозиционерлер ар кандай бирикмелерди түзүп, элди иренжитпей мыйзамдуу түрдө президент Курманбек Бакиевге импичмент жарыялап, элден кол топтоп, Бакиевди кызматтан кетирүү демилгеси менен чыкса натыйжалуу болмок.

24-декабрда «Достук» мейманканасында "Бириккен элдик кыймылды" түзүү боюнча документке кол коюлуп, анын курамына 3 саясий кыймыл, 7 партия жана коомдук уюмдар кирген. Кыймылга кирген ар бир уюмдан үчтөн өкүл Улуттук кеңешке кирген. Улуттук кеңеш кыймылдын башкы органы болуп эсептелет.

Ушул эле күнү "Бириккен элдик кыймыл" президентке кайрылуу жолдоп, анда кыймылдын мүчөлөрү келечекте мамлекеттик саясий системаны өзгөртүү, таза, ыймандуу, адам укугун ыйык сактап эл үчүн кызмат кылган жоопкерчиликтүү бийликти орнотууну колдошору айтылган. Ошондой эле, улуттук мааниси бар стратегиялык обьектилерди (Бишкек жылуулук электр борбору, Бишкек жылуулук тармагы, Түндүк электро акционердик коому, Кыргызалтын, Кыргызтелеком, Кыргызпочтасы, Кыргыз темир жолу, “Манас” аэропорту, алтын ж.б. кен байлыктар) элдин жалпы менчигинде сактап калуу жана өлкөнүн өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүү зарыл экендиги айтылган. Президент Курманбек Бакиевдин элге берген убадаларын аткарбагандыгы, үй-бүлөлүк башкаруу, коррупция кеңири кучак жайганы белгиленген.

XS
SM
MD
LG