Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:10

2005-жыл, 23-март: М.Суталинов: «К.Бакиевдин күнөөсү далилденсе, ага кылмыш иши козголот»


Мындан 4 жыл мурда – 2005-жылдын 24-мартында болгон окуялар бир эле Кыргызстан эмес, жалпы Борбор Азия мамлекеттеринин, дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө бурган.

2005-жылдын 23-мартында бир күндөн кийин бийликтин алмашаарын эч ким так билбесе дагы, кырдаалдын адаттан тыш курчуп турганы жалпыга маалым болчу. Оппозициянын 24-марттагы Ала-Тоо аянтында өткөрүшү күтүлүп жаткан чоң митингисин айтпаганда дагы Ош, Жалал-Абад, Таласта митингдер күн сайын өтүп жаткан. 27-февралда болгон парламенттик шайлоодон кийин анын жыйынтыктарына нааразылык күчөп, жалпы республика пикет, митингдердин талаасына айланып бараткан. Түптө, Кочкордо башталган көчө жүрүштөрү өлкөнү каптаган.

23-мартта Бишкекте «Интербилим» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен «Биз
чындыкты билгибиз келет» аттуу митинг өттү. Анын башкы максаты - бишкектиктерге өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу чыныгы маалымат берүү эле. Уюмдун жетекчиси Асия Сасыкбаева бийлик элге бир жактуу маалымат таратып, эл дале болсо өлкөдө эмне болуп жатканын жакшы билбей атат деп негиздеди өз демилгесин.

Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына негизинен «Кел-Кел» жана «Бирге» жаштар уюмдарынын 100гө жакын мүчөлөрү, бир катар бейөкмөт, коомдук уюмдардын өкүлдөрү чыгышты.

Алар Ош жана Жалал-Абаттагы пикетчилердин талаптарын колдоорун билдиришти. Акция адеп жаңы башталганда эле 200гө жакын милиция кызматкерлери пикетчилерди автобуска жүктөп, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып барышты. Окуя тууралуу «Кел-Кел» жаштар уюмунун жетекчиси Алишер Мамасалиев «Азаттыкка» ошол 23-мартта мындай деген эле:

- Акция маалында «Кел-Келдин» 7 мүчөсү кармалды. Калгандары бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, студенттер. Эл жөн гана Жалал-Абатта, Ошто эмне болуп жатканын билиш үчүн чыгышкан. Себеби – КТР жана мамлекеттик гезиттер бир жактуу гана маалымат беришип, калпты таратып жатышат.

Милиция тарабынан кармалгандардын арасында Кыргызстан элдик кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү Болот Шамшиев, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов, «Интербилим» бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү, №1 Университет шайлоо округунан талапкер болгон Болот Марипов болуп, жалпысынан 28 адам бар эле. Ушул эле күнү кармалгандарга карата райондук ички иштер бөлүмүндө көчмө сот өтүп, алар Омбудсман Турсунбай Бакир уулунун кепилдиги менен бошотулган. Болот Мариповго эскертүү берилген.

Ушул 23-мартта Президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен вице-премьер-министр жана ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Кеңешбек Дүйшөбаев дайындалган. Ал эми премьер-министр Николай Танаевдин буйругу менен Ички иштер министринин орун басарлыгына Султан Акаев, Темирбек Субанов, Сергей Баженов дайындалышкан.

Аскар Акаевдин дагы бир жарлыгы менен Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруучу болуп Мурат Суталинов дайындалган.

Ушул эле күнү К.Дүйшөбаев дагы, М.Суталинов дагы маалымат жыйынын өткөрүшкөн. Азыркы тапта Улуттук коопсуздук кызматынын жетектеп турган Мурат Суталинов ошол күнү Ош, Жалал-Абатта облустук бийликтин имараттарын басып алгандарга жана Кыргызстан элдик кыймылынын (КЭК) жетекчиси Курманбек Бакиевге кылмыш иши козголушу ыктымал, деп билдирген болчу:

- Азыр алар мамлекеттик өтө оор бир топ кылмыштарды жасап жатышат. Сегиз берене боюнча - күч менен мамлекеттик бийликти басып алуу, массалык башаламандыкты уюштуруу, өзүмбилимдик жана башка, жана башкалар. Азыркы тапта жолдош Бакиевге каршы кылмыш иши козголо элек, бирок материал, фактылар даярдалып жатат. Эгер анын бул иштерге катышы далилденсе биз мыйзамдын алкагында аракет кылабыз, - деген эле андагы башкы прокурордун милдетин аткаруучу, азыркы УККнын жетекчиси Мурат Суталинов.

Ал андан ары сөзүн улап Ош жана Жалал-Абаттагы окуяларга тиешеси бар 400- 500 адамга кылмыш иши козголот деген. Мурат Суталиновдун ошондогу айтымы боюнча, түштүк облустардагы көтөрүлүштөрдүн башында маңзаттарды саткан адамдар турган:

- Биздин колубузда түштүк аймактарда «күнү тууп» аткандардын башында кылмышка катышы барлар турат деген айныгыс маалыматтар бар. Мен ал жакта маңзаттарды сатууга катышы барлар жүргөнү боюнча фактыларды келтире алам. Силер болсо эларалык маңзат жолу Ооганстандан башталып Кыргызстандан өтөөрүн жакшы билесиздер, - деген эле 24-мартта бийликке келгендерди маңзаттарды саткан топторго аралаштырган Мурат Суталинов.

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев болсо өлкөдө Конституциялык тартип орнотуу үчүн керек болсо курал колдонууга даярбыз деп айткан: «Конституциялык тартип орнотуу үчүн биз мыйзам жол берген баардык каражаттарды колдоно алабыз. Анын ичинде физикалык күч колдонуу, атайын каражаттарды жана табелдик каруу-жарактарды дагы».

Ушул эле 23-мартта Казак Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын элине кайрылуу жолдогон. Анда кыргыз-казак элинин кылымдардан берки келаткан каада-салтына, эки элдин мүнөзүнө ылайык айкөлдүгү башка бир күчтөрдүн кайраштыруусуна жол берген эмес. Калк арасындагы “Сабырдын түбү сары алтын” деген ылакапка терең маани берип, бир тууган кыргыз элин сабырдуулукка, улут арасындагы ынтымакка чакыраары айтылат. Ошондой эле Назарбаев казак-кыргыз элинин ортосундагы экономикалык, маданий, достук байланышы, бир туугандыгы Кыргызстандагы болуп жаткан кырдаалга Казакстанды кайдыгер калтырбастыгын белгилеген. Казакстан Кыргызстандын бейпилдиги үчүн ара тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр, деп айтылган билдирүүдө.

Ушул эле күнү Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги да билдирүү таратып, түштүктөгү түзүлгөн оор кырдаалга тынчсыздануусун айткан. Кыргыз элин сабырдуулукка, саясий стабилдүүлүктүү сактоого, чагым салуучу кандайдыр бир үчүнчү күчтөрдүн азгыруусуна алдырбоого чакырган Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги.

Ал эми Тажик өкмөтүнүн Кыргызстандагы кырдаалга карата мамилесин тышкы иштер министрлигин өкүлү Игорь Сатторов билдирген:

- Бул окуялар бизди көңүлкош калтыра албайт. Жакында эле ич ара согуштун түйшүгүн баштан кечирген Тажикстан бардык тараптарды маселени өз ара сүйлөшүп, тынч, Кыргыз Республикасынын Конституциянын чегинде чечүүгө чакырып келди жана чакырат. Саясый максат кандай гана асылзат иштерди көздөбөсүн, мыйзамга каршы зобундукка барууну жана радикалдуу саясый мүдөөнү эч нерсе актай албайт. Мунун аягы бир тууган Кыргызстан эмес, бүтүндөй региондогу тынчтык жана туруктуулук үчүн да опурталдуу.

Кошмо Штаттары да Кыргызстандагы кырдаал сүйлөшүү жолу менен жөндөөнүн зарылдыгына көңүл бурган.

Ал аралыкта 23-марттын кечинде Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов, “Ата Журт” кыймылынын лидери Адахан Мадумаров жаңы Жогорку Кеңештин депутаттарын, оппозиция лидерлерин, ишкерлерди «Хаят» мейманканасында чогултуп, президент Аскар Акаев менен сүйлөшүүгө барууну талкуулашкан. Оппозиция даярдаган сунушта өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн өкмөттү, Борбордук шайлоо комиссиясын, Жогорку Сотту кызматтан кетирип, үч айдын аралыгында президенттик шайлоо өткөрүү сунушталган.

Бул сунушту Аскар Акаевге айтуу үчүн Өкмөт үйүнө Жогорку Кеңештин депутаттары Аскар Салымбеков, Жантөрө Сатыбалдиев, Акматбек Келдибеков, Өмүрбек Бабанов баштаган адамдар барган, бирок аларды президент Аскар Акаев кабыл албай койгон.

Жиберилген кишилер премьер-министр Николай Танаевге, президенттик администрациянын башчысына гана жолугуп чыгышкан. Президент болсо шашылыш кеңешме өткөргөнү жатам, убактым жок, эртең жолугушалы деген сөзүн айткан.

Андан бир күн мурда – 22-мартта жаңы шайланган Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Николай Танаев оппозиция менен сүйлөшүүгө бийликтин барбай турганынын себеби тууралуу «Алар бийлик түзүмүн кайра калыбына келтирип, баштапкы абалга кайтып барышмайынча биз алар менен сүйлөшүүгө отурбайбыз», - деген эле.

Аскар Акаев сүйлөшүүгө макулдугун бербей койгондон кийин Адахан Мудумаров болсо «Азаттыкка» берген интервьюсунда «Бул деген Кыргызстандагы абал президентти таптакыр кызыктырбайт. Же болбосо бул абалды жөнгө салуу боюнча эч кандай чаралар көрүлбөйт дегенди билдирет», - деп айткан болчу.

Ушул эле 23-мартта Кыргызстан элдик биримдигинин жыйыны өтүп, анда өлкөдөгү абал талкууланган. Оппозиция сүйлөшүүгө даяр эмес деген ырасмий бийликтин сөзүнө карата жана өлкөдөгү абал тууралуу Координациялык кеңештин төрагасы Курманбек Бакиев «Абалдан чыгуу керек. Ал үчүн эмне кылуу керек, ал үчүн биздин президент Акаев мырза акыр аягы абалды жөнгө салуу боюнча оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр болду го деп ойлойм», - деген.

Бирок Аскар Акаевдин айланасында дагы оппозция менен сүйлөшүүгө баруу керекпи же жокпу деген суроого келгенде талаш-тартыштар болгону белгилүү. Мисалы, жаңы шайланган парламенттин 22 –мартта өткөн биринчи жыйынында депутат Бермет Акаева оппозция менен сүйлөшүүгө барбоо керек деген. Ал жолу өлкөгө өзгөчө кырдаал абалын киргизүү демилгеси дагы козголгон. Бирок президент өзгөчө абалды киргизүүнү туура көргөн эмес.

Президент Аскар Акаевди жактоочулардын бири, генерал Болот Жанузаков эмне себептен бийлик сүйлөшүүгө барбай жатканы тууралуу «Азаттыкка» берген интервьюсунда «Президент дагы, премьер-министр дагы даяр (сүйлөшүүгө). Баардыгы даяр, бирок сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн ага жагдай, шарт керек. Жанагинтип баарын талкалап, тоноп жатышса кантип сүйлөшүү болсун?! Бардыгын токтотуш керек, анан ошондон кийин гана сүйлөшүү болот», деген эле.

Бул аралыкта коргоо министри Эсен Топоев менен жаңы парламенттин депутаты Ташкул Керексизов баштаган топ Ошко барып, оппозициялык лидерлер менен пикир алмашкан.

Ушул эле 23-мартта Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин жанында пикетке чыккан “Ар намыс” партиясынын Эмил Алиев баштаган өкүлдөрүн, аларга кошуп Кочкор районунан келген 4 аялды Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына алып кетишкен.

Ал эми бул күнү Москва районунун Ак-Суу шаарчасында пикетчилер экс-депутат Эркин Бөлөкбаевдин демилгеси менен боз үй тигишип, “Президент кызматтан кетсин” деген плакаттарды илип, жол жээгинде 100дөн ашуун киши нааразылык билдирип турушту.

Ал эми Кыргызстан элдик конгрессинин төрагасынын орун басары Алмаз Атамбаев 24-мартта Бишкектин Алматы жана Ахунбаев көчөсүндө митинг өткөрүүгө даярданып жатканы маалым болду.

Анын алдында КЭКтин төрагасы Курманбек Бакиев күч органдарынын кызматкерлерине кайрылып, элге каршы курал колдонбоону өтүнгөн: «Мен сиздер аркылуу офицерлерге, солдаттарга кайрылгым келет – мен ойлойм элге каршы күч колдонбоого алардын акыл-эси жетет деген ойдомун».

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG