Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:56

БЭКтин түштүк боюнча өкүлү он күнгө камалды


Аманбай Сатыбаев Оштогу жыйындан соң отургучка чыгып алып, сөз сүйлөөдө. 27-март, 2009-жыл.

Аманбай Сатыбаев Оштогу жыйындан соң отургучка чыгып алып, сөз сүйлөөдө. 27-март, 2009-жыл.

Ош шаардык соту Бириккен элдик кыймылдын түштүктөгү өкүлү Аманбай Сатыбаев 27-марттагы митингден кийин коомдук тартипти бузуп, айрым жарандардын абийирине шек келтирген деп таап, 10 күнгө абакка кести. Оппозициялык айрым саясатчылар жана укук коргоочулар аймактык лидердин камалышын саясий куугунтук катары баалашууда.

27-мартта оппозициянын Оштогу аз адам катышкан митинги бүткөндөн кийин Бириккен элдик кыймылдын түштүк аймагы боюнча өкүлү Аманбай Сатыбаев «Семетей» кинотеатрынын алдындагы олтургучка чыгып, минтип сүйлөгөн эле:

- Бакиевдин снайперлери, кошоматчылары Сатыбаев Аманбайды биринчи аткыла. Жакырларды дейсиңерби, байларды дейсиңерби, орточону дейсиңерби, Кыргызстанда жашаган баардык улуттардын укугу бирдей болуш керек. Эч кимдин укугу тепселениши керек эмес.

Ал күнкү акцияга абай салган Ош шаар прокурору Бөкөнбай Казаков митинг тынч маанайда жүргөндүгүн массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыялаган:

- Кинотеатр ачык. Өзүңүздөр кирип тартып чыктыңыздар, он чакты эле адам чогулуп атат. Мыйзам бузуу болгон жок, эч ким тоскоолдук көргөзгөн жок.

Бирок Ош шаардык сотунан «Азаттыкка» маалымдашкандай, Оштогу митингдин катышуучусу Аманбай Сатыбаев 27-марттагы акциядан кийин коомдук тартипти бузуп, айрым жарандардын абийирине шек келтирген сөздөрдү сүйлөгөн. Ошондуктан «Семетей» кинотеатрынын директору Бактыгүл Малабаеванын арызынын негизинде Административдик кодекстин 364-беренесинин 1-бөлүмү боюнча майда бейбаштык кылган деп иш козголуп, күнөөсү териштирүүнүн жүрүшүндө далилденди. Сатыбаевдин мурда да 500 сом өлчөмүндө административдик айып төлөөгө кириптер болгондугу эске алынып, бул сапар 10 күнгө абакка кесилди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков БЭКтин түштүктөгү өкүлү Аманбай Сатыбаевдин камалышын саясатташтыруунун кажети жок деп эсептейт:

- БЭКтин түштүктөгү өкүлү Аманбай САтыбаев кечээ күнү митинг учурунда адамдарды мазактап, жеке абийирине шек келтирип, шылдыңдаганы үчүн жана коомдук тартипти бузуп, өзүнүн терс жооруктарын көрсөткөнү үчүн административдик негизде жаза чегерилди. Шаар прокурору балким шаар боюнча айткандыр, «Семетей» кинотеатрынын алдында анын жоруктарын эл да көрдү. Мыйзам баарына бирдей, коомдук тартипти бузуп, ушундай ишке бара турган болсо албетте оппозициянын өкүлү болобу, же позициянын өкүлү болобу Кыргызстандын атуулдарына тиешелүү жаза чегерилиш керек.

Оштогу митинге байкоо салган «Марттагы элдик ыңкылап» коомдук бирикмесинин жетекчиси Арстанбек Алибаев да өз көз карашын мындайча баяндады:

- Аманбай Сатыбаев жаш бала да жасабай турган туура эмес нерселерди жасап атат. Мунун негизги максаты Акаевди алып келем деген. Бул канчалык аракет жасаганы менен Акаев келе албайт Кыргызстанга. Ат эле ат дейт. Ошончолук баатыр болгон болсо, согуш болгон жерге барып эрдигин көрсөтө бербейби.

Оппозициялык маанадйагы айрым саясатчылар, ошондой эле бейөкөмт уюмдардын өкүлдөрү болсо БЭКтин лидерлеринин биринин камалышын саясий куугунтук катары баалашууда.

Маселен, митингдин башынан акырына дейре катышкан «Акыйкат сот - чындык» укук коргоо борборунун башчысы Равшан Гапиров ушундай ойдо экендигин бышыктады:

- Сатыбаев кинотеатрдын алдына чыгып, коркпогула, келе бергиле, эч ким силерди атпайт, атса мен туруп берем, мени атсын деген сөздөр менен катуу сүйлөдү. Эч ким калбаган экен, Аманбайды өзүн машинага салып милиция кызматкерлери алып кетишти. Арызды кинотеатрдын директору жазганда да, менин скамейкамын үстүнө чыгып кыйкырды, анын краскасын кетирди деп, мындайча айтканда жалган жазып коюптур, - деген Равшан Гапиров Кыргызстан авторитардык жолго түшүп баратат деп кабатырланды.

Аманбай Сатыбаевдин туугандарынын «Азаттыкка» билдирүүсүнө караганда, опоозиционер саясатчы шаардык соттун токтомуна макул эмес. Ошол себептүү анын жактоочусу Ош облустук сотуна аппеляциялык арыз жолдоду. Даттануу качан каралаары азырынча белгисиз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG