Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:11

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын өкүлү Иса Өмүркулов БЭК президенттикке талапкерди ушул жуманын аягында коомчулукка жарыялай тургандыгын “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маегинде билдирди.

- Иса мырза, БЭК буга чейин президенттик шайлоого талапкерди 15-апрелде жарыялайбыз, шайлоого бирдиктүү талапкер же бир нече талапкер менен чыгууну айтабыз деди эле. Маалыматка караганда БЭК али күнчө бир пикирге келише элек экен. Буга эмнелер себеп болууда?

- Буга чейин БЭКтин атынан президенттик шайоого талапкер көрсөтүлө тургандыгын тууралуу билдирүүлөр жарыяланган. БЭКтин атынан бирдиктүү талапкерди ушул жуманын аягына чейин чыгарабыз. Ал эми президенттик шайлоого БЭК бирдиктүү талапкерди чыгара албайт деген пикирлерге мен кошула албайм.

Бүгүнкү күндө бийликтин тапшырмасы менен айрым саясат таануучулар коомдо пикир түзүш үчүн БЭКтин башы кошула албайт деген сөздөрдү таратып жатат. Бирок чындыгында мындай эмес. БЭКтеги инсандар өкмөттүн курамында иштеген саясатчылар эмес, булар ар бири көз карандысыз саясат жүргүзүп, бир пикирге келишкен саясатчылар. Негизинен алардын баштарынын кошулушу кыйын болчу. Бирок биз Бириккен элдик кыймылды түзүп биригип, аны далилдедик. Ошондуктан ушул жуманын аягына чейин кеңешип бирдиктүү бир талапкерди чыгарабыз.

- Бийликчил саясатчылар БЭКтеги оппозициячыл саясатчылардын баштары бирикпейт, бири-бирине атаандашып, лидер жок, экинчиден өлкөнү оор абалдан чыгаруу боюнча бирдиктүү программасы дагы жок деген жүйөөлөрдү айтышууда. Буга сиздин пикириңиз кандай?

- Мындай пикирге кошула албайм. БЭК өзүнүн программасын бийликке жолдоп, коомчулукка жарыялаган. Ар бир партиянын дагы мамлекетти өнүктүрүү программасы бар. Жогоруда айткандай бийликчил саясатчылар тапшырма менен коомдо терс пикир жаратуу үчүн “оппозициядан эч нерсе чыкпай калды, алардын ичинде татыктуусу жок” деп келишет. Мурдагы бийликтин тушунда деле ушундай айтылып келген. “Бир гана А.Акаев, андан башка татыктуу киши жок”,- деп келишкен.

Бүгүнкү күндө ошондой эле саясатчылар ушундай пикирди элге таңуулап жатышат. Бүгүнкү күндө ар бир партиянын жетекчиси, андан сырткары президенттикке татыктуу ондон ашуун адам бар бизде. Ошондуктан биз кеңешип туруп, бул маселе боюнча өзүбүзчө тактика иштеп жатабыз. Ошого байланыштуу ушул жуманын аягында талапкерди коомчулукка жарыялайбыз.

- СДП лидери Алмаз Атамбаевдин сырт жакта иш сапары менен жүргөндүгү айтылды эле. Ал киши келдиби? Эгер келсе Кыргызстан социал-демократтар партиясы президенттик шайлоого өз талапкерин качан алып чыгат?

- Алмаз Атамбаев келди. Бир-эки мамлекетке барып келди. Азыр ал Бишкекте. СДПнын курултайын апрелдин этегинде өткөрөбүз. Балким биздин партиядан талапкер чыгып, аны колдошубуз мүмкүн. Ошону менен бирге БЭКтин мүчөлөрү бөлөк талапкерге токтоло турган болсо, биз дагы буга чейин айтып келгенбиз БЭКтин көрсөткөн талапкерин колдоп чыгабыз деп.

- Иса мырза, бийлик президенттик шайлоого кампанияны баштап, К. Бакиевдин талапкерлигине камылгалар көрүлүп жатат деп коомчулукта айтыла баштады. Бул тууралуу маалыматыңыз барбы?

- Албетте бул эми бардыгыбызга эле белгилүү болуп калды. Биринчиден жер-жерлерде комиссия түзүлдү. Алардын курамында бийликке жан тарткандар, мамлекеттик кызматтарда иштегендер бар. Жер-жерлерде ишенимдүү адамдарын тандоо жана башка административдик иштер жасалып жатат.

- Президенттик шайлоо канчалык деңгээлде таза, акыйкат өтөт?

-Кийинки кезде референдум, Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Бишкек шаардык кеңешке шайлоо өттү. Мунун бардыгы таза эмес өттү. Ошондуктан биз ойлоп атабыз, алдыдагы президенттик шайлоо өтө оор болот го.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG