Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:40

«Ак жол» партиясынын төрагасынын биринчи орунбасары, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиев партиянын саясий кеңешиндеги өзгөрүүлөр, алдыдагы иш аракеттер тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Сиз жетекчилеринин бири болгон “Ак жол” партиясы 1-майда курултайын өткөрдү, анда саясий кеңеш кескин кыскарды, анын максаты эмнеде болду?

- Биздин мурунку саясий кеңештин курамы 35 кишиден турчу, алардын көпчүлүгү региондордон болчу. Ачыгын айтканда аларды чогултуш кыйын эле. Ошон үчүн бизге азыркы күндө мобилдүү түрдө кыскартыш керек болду, ошондуктан ушундай тыянакка келдик.

- Саясий кеңешке кандай ыйгарым укуктар берилди? Көпчүлүк добуш менен өз фракциясындагы Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу укуктарына ээ болдубу саясий кеңештин курамы?

- Саясий кеңештин курамы мурун деле ошондой укукка ээ болчу, азыр деле ошондой, ал жагында эч кандай өзгөртүү болгон жок биздин уставда. Биздин уставда саясий кеңештин мүчөлөрүнүн саны кыскарды жана ошого жараша уюштуруу түрүндө структуралары өзгөрдү. Мурун президиум деген бизде жок болчу, азыр саясий кеңештин президиуму деген пайда болду. Ал 5 кишиден турат. Андан бөлөк саясий кеңештин мүчөсү болуп биздин облустук координаторлор, мындайча айтканда обкомдун биринчи секретарлары болду. Ошону менен 15 киши болду.

- “Ак жол” партиясы шайлоо алдында кабыл алынган платформасында башкаруу системасын реформалайбыз деп айтылган. Ал кандай жол менен ишке ашырылат, кандай системаны өзгөртөлү деп жатасыздар?

- Ар бир система өркүндөп-өсүп турушу керек, катып калган формада калып калбай. Ошого карата биз ойлойбуз, азыркы биздеги башкаруу системасы көпчүлүк учурда талапка жооп бербейт. Мисалы бирин бири кайталаган структуралар бар, коюлган максатка, маселеге ылайык келбеген структуралар бар, мисалы биз айтып жүрбөйбүзбү, уран калдыктары көмүлгөн жай деп, азыркы күндө ошого жооп бере турган структура чындап айтканда жок, бул абдан оор маселе, абдан чатак маселе. Азыр ошого окшогон маселелер көп. Департаменттер бар бири-бирин кайталаган. Койгон максатка жооп бере турган структуралар болуш керек. Ошол маселенин тегерегинде иш жүрөт.

- Демек жогорку бийлик деңгээлине бийликтердин курамынын тең салмактуулугун камсыз кылуу сиздер жазгандай камсыздалган деп ойлойсузбу?

- Менин оюмча, азыркы күндөгү Конституция азыркы учурга толугу менен жооп берет. Анткени Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу бийлигин толук кандуу аткарып атат, президент өзүнүн функциясын толук аткарып жатат, өкмөт дагы толугу менен аткарып жатат. Өткөн 2008-жыл аны көрсөттү. Мурун чындап келгенде ашып кетсе 50-60-70 мыйзамга жакын кабыл алчу экен. Ошол эле убакта экономикалык багыттагы мыйзамдардын баары калып келген экен. Азыр карама-каршылык, ызы-чуу жок, өкмөткө өлкөгө кандай мыйзам долбоору керек, ошонун баары азыр кабыл алынып атат.

- Сиздердин платформада сот системасын, анан тартип коргоо органдарын реформалоо айтылыптыр. Бул тармактар кандай реформага муктаж?

- Өзүңөр билесиңер да, азыр сот системасына эл чындыгын айтканда нааразы. Мен дагы ушуга толук кошулам. Анткени коррупция, акыркы күндө менчиктерди басып алуу рейдерлик түрүндө абдан көбөйүп кетти. Ошого карата элдин көпчүлүгү нааразы буга. Паракорлуктун, коррупциянын кайсы жагынан чекит кое алабыз, ошол жагын биз издешибиз керек, ошол багытта реформа жүрүш керек.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG