Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Бишкекте Анжиян окуясы эскерилди


Бүгүн Бишкектеги өзбек элчилигинин алдында кыргыз укук коргоочулары бул окуянын курмандыктарын эскеришти. Иш-чаранын катышуучулары элчилик имаратынын алдына гүлчамбар коюшуп, кара түстөгү тасмаларды байлашты.

Эскерүү иш-чарасына Анжиян окуясына жарандык турумун билдирген жыйырма чакты адам катышты. Аны уюштурган “Ганди” коомунун башчысы Диана Макенбаеванын билдиришинче, уюм мындай иш-чараны быйыл үчүнчү ирээт өткөрүп жатат:

- Ушундай нерселер эсибизден кетип калат. Биз бат эле унутуп калабыз. Бирок мындай окуялар бизге сабак болушун эстен чыгарбашыбыз керек. Бул өңдүү кандуу окуялар Өзбекстанда, Казакстанда, Кыргызстанда да кайталанбашы керек.

Анжиян окуясынын төрт жылдыгына карата бүгүн Бишкекте өткөн акцияга катышкан “Интербилим” уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаеванын айтымында, Анжиян окуясы Кыргызстанда кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анын пикиринде, буга кыргыз бийлигинин тынч митинг өткөрүүгө чектөөлөрдү салышы, 2007-жылы апрель митингисин күч менен таратуусу, Ноокат окуясы, саясий куугунтуктар негиз болууда

- Өзүңөр билесиңер, 2007-жылы 19-апрелде бизди Ала-Тоо аянтынан күч менен кубалап таркатышкан. Бул – бүгүнкү күнү биздин бийликтин деле ушундай нерселерден тайманбастыгынын көрсөткүчү.

Асия Сасыкбаева учурунда “демократия аралчасы” атыккан Кыргызстандагы система сонку кезде Өзбекстандагы авторитардык жолойго түшүп баратканын да кошумчалады.

Бул иш-чарага Бишкектеги ЖОЖдордо билим алып жактан айрым студенттер да катышып, Анжиян окуясы боюнча өз позицияларын билдиргени келгенин айтышты.

Маселен, БГУнун студенти Айбек Мамбеталиев элчиликтин дарбазасына аза күтүүнүн белгиси болгон кара тасманы байлап жатып, “Азаттык” үчүн буларга токтолду:

- Өзбекстанда, Анжиянда эмне болгонун билебиз. Тынч митингге чыккан адамдарга ок атып, көптөгөн адамдар мындан кийин саясий куугунтукка кабылышкан. Биз курман болгон адамдарды эскерип, өзбек элине көңүл айтып коелу деп келдик.

Анжиян окуясына карата бүгүн Бишкекте өткөн бул иш-чаранын алкагында “Атылган адамдар” аттуу документалдуу тасма да көрсөтүлдү.

2005-жылы, 13-майда Өзбекстандын Анжиян шаарында тынч митингке чыккан жарандарга каршы ок атылып, өзбек бийликтери андан 187 адам каза тапканын кабарлашкан. Бирок бейрасмий маалыматтар боюнча андан 600 дөн ашуун карапайым адам көз жумганы айтылып келет.

Бишкекте Анжиян окуясын эскеришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:32 0:00

XS
SM
MD
LG