Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:39

Бир катар бейөкмөт уюмдардын башын кошкон “Шайлоочулардын укуктары үчүн!” аттуу жарандык уюмдар биримдиги президенттик шайлоодо алдында жарандардын укуктарынын бузулушун шарттай турган жагдайлар көп болуп жатканын билдирүүдө. Алардын бири - жарандардын тынч чогулуу укуктарына байланышса, экинчиси - бейөкмөт уюмдарга байланышкан мыйзам долбоору.

Президенттик шайлоо алдында бир катар бейөкмөт уюмдары биригип, жарандардын укугун коргоого багытталган “Шайлоочулардын укуктары үчүн!” аттуу жарандык уюмдар бирикмесин жанданта башташты. Бирикме жакынкы келечекте эки негизги маселенин айланасында иш алып бармакчы.

Биринчиси, жарандардын тынч митингдерди өткөрүү укуктарын калыбына келтирүү, жарандардын тынч чогулуу укуктарын чектеген мыйзамды четке каккан Конституциялык Соттун чечимин ишке ашырууга көмөктөшүү болууда.

Экинчиси, Жогорку Кеңеште даярдалып жаткан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы иш-чараларды уюштуруп, анын кабыл алышына жол бербөө.

Бирикменин мүчөсү, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү Медер Талканчиевдин айтымында, мындай баш мыйзамга каршы келген документтерди кабыл алуу өлкөнүн демократиялык нукта өнүгүшүнө тоскоол болот. Бирок ал мыйзам кабыл алган күнү да ар-бир жаран өз укуктарын коргоп, мыйзамда көрсөтүлгөндөй жеке өздөрү байкоо жүргүзө алышат:

- Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган күнү деле бизде шайлоо кодекси кала берет. Шайлоо кодексинде ар бир жаран байкоо жүргүзгөнгө укуктуу экендиги толук көрсөтүлгөн. Ошондуктан, бул мыйзам кабыл алынган күнү деле жарандарга тоскоолдук жок. Биздикиндей уюмдарды жаап, канчалык тоскоолдук кылышса да менин жеке жаран катары байкоо жүргүзгөнгө укугум бар.

Жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнүн айтымында, былтыр 13-июнда Жогорку Кеңеш жарандардын тынч чогулуу, митинг-пикеттерди өткөрүү укуктарына байланышкан мыйзам кабыл алып, жарандардын укуктарын чектеп салган. Ошондой эле мыйзам Бишкек шардык кеңеши тарабынан кабыл алынып, борбор шаарда митинг өткөрүүнүн жол-жоболору иштелип чыккан. Бирок нааразы тараптар Конституциялык Сотко кайрылып, сот жарандардын ээн-эркин чогулуу укуктарын колдогон. Эми бул жагдайды Жогорку Кеңеш карап, мыйзамга тууралашы керек дешет.

“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун өкүлү Абдыкерим Ашировдун айтымында, парламент атайылап бул маселени кароого шашылбай, создуктуруп жаткан болушу мүмкүн. Анткени алдыда президенттик шайлоо турат:

- Алар (Жогорку Кеңеш) актанып, бардыгы баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй болуп атат дешет. Баш мыйзамда митинг-пикеттерди өткөрүү эрежелери мыйзам түрүндө кабыл алынат деп жазылып турат. Алар ошого жамынып, “бизмыйзам түрүндө кабыл алдык” дешет. Бирок баш мыйзамда башка нормаларда бар да. Ал жерде, “жарандардын эң негизги укуктарына каршы келген мыйзамдар кабыл алынбаш керек” деп жазылып турбайбы. Алар кабыл алган мыйзам жарандардын укуктарына каршы келген мыйзам болуп атпайбы.

Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуевдин айтымында, бул маселени кароо техникалык себептерге байланыштуу кечеңдеп жаткан болуусу ыктымал:

- Менимче бул техникалык себептерге байланыштуу болсо керек. Мындан курч маселелер деле каралып атпайбы Жогорку Кеңеште. Биздин аппаратта көптөгөн мыйзам долбоорлор турат өз кезегин күтүп. Алар юридикалык экспертизадан өтүшү керек, комитеттердин күн тартибине киргизилиши керек... Ушул сыяктуу себептер менен кармалып аткан болушу мүмкүн.

Ошондой эле депутат Бегалы Наргозуев жеке өзү жарандардын тынч митинг өткөрүү укуктарын чектөө аракеттерин ашыкча деп эсептей турганын баса белгиледи.
XS
SM
MD
LG