Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Л. Үкүбаева: Мамлекетти сүйүү – мамлекеттик тилди урматтоодон башталат


Президенттикке талапкерлердин бири Жеңишбек Назаралиев
Президенттикке талапкерлердин бири Жеңишбек Назаралиев

Президенттикке талапкерлердин бири Жеңишбек Назаралиев кечээ БШК менен Тил комиссиясына кат жолдоп талапкерлерди тил боюнча сынактан өткөрүүнүн азыркы шарттарына макул эместигин айтты. Бул маселеге байланыштуу филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаеваны “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кепке тарттык.

- Лайли айым, окумуштуу катары сиз Жеңишбек Назаралиевдин сунуш-талаптарын кандай кабыл алдыңыз?

- Мен мындай пикирге каршымын. Себеби мамлекетти башкарган киши мамлекеттик тилде эркин сүйлөп, өзүнүн оюн логикалык жактан ырааттуу билдирип, сабаттуу болушу керек. Эми бул мамлекеттик тил боюнча өз деңгээлинде иштеп кеткен мамлекеттерде президенттикке талапкерлерден сынак деле алынбайт. Бирок тилекке каршы, биздин өлкөдө мамлекеттик тилибиздин жагдайы начар болгондуктан ушул маселе чыгып отурат. Анан Назаралиевдин, президент болом деген кишинин мамлекеттик тилден сынак берүүдөн качып отурушу дегеле акылга сыйбай турган нерсе деп эсептейбиз. Мамлекетти сүйүү - мамлекеттик тилди, улутту сүйүү, урматоодон башталат. Анан өзүнүн тилинен экзамен берүүдөн текеберчилик мамиле жасап жатышы бул адамдын нравалык , этикалык деңгээлин көрсөтүп турат деп ойлойм.

- Талапкер Назаралиев фонетика, граматика, лексиканы стандаштыруу боюнча да сунуштарды киргизиптир, ошондой эле орусча-кыргызча сөздүктөрдү көбөйтүү жана чыгарууну дагы сунуштаптыр, ушуга кандай карайсыз?

- Орусча-кыргызча сөздүктөрдү, окуу китептерин көбөйтүү бул Назаралиевсиз эле мамлекетибизде күнүгө айтылып аткан маселе, бул боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Кеп анда эмес, канчалык сөздүктөр көбөйгөнү менен ал тилди колдонбосок күнүмдүк турмушубузда, мамлекеттик деңгээлде аны колдонбосок, бары бир ал тил маселеси өзүнөн өзү чечилип калчу маселе эмес. Ошондуктан бул жөн гана шылтоо, жөн гана бир себептерди табуу катарында айтылып жаткан кур жалаа катарында айтылган деп эсептейм, бул кишинин пикирин.

-Ал эми компьютерлерге кыргыз тилинде атайын программаларды киргизүү боюнча дагы бир сунуштарды айтыптыр, заманбап балким ушул жагында бизде мүчүлүштүктөр болуп аткандыр?

- Ооба, бул маселе дагы күн тартибинде турган маселе. Асанов деген жигит “тамга” дегенди компьютердин тилине киргизип иштеп чыгып, бирок тилекке каршы биздин экономикалык мүмкүнчүлүгүбүздөн улам бул иш колго алынбай жатат. Албетте компьютерге кыргыз тили кирип иштеп калса, бул тилди үйрөнүүчүлөргө, келечек муундар үчүн жакшы нерсе болмок.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG