Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

И.Исаков: Транзиттик борбордун Кыргызстан үчүн пайдасы чоң


Бүгүн Жогорку Кеңеш “Манас” аба майданында транзиттик борбор түзүү боюнча Кыргызстан - АКШ өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган жаңы келишимди карайт. Бул жаңы келишимге байланыштуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков жооп берди.

- Исмаил мырза, Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн “Манас” эл аралык аба майданында транзиттик ташуулар борборун түзүү тууралуу келишими бүгүн парламентте каралганы жатат. Ушул келишим боюнча кандай пикирдесиз?

- Албетте, бул жерде маселени биз өтө чоң карашыбыз керек, себеби дегенде бул маселе түздөн-түз биринчи кезекте Кыргызстандын коопсуздугуна байланышкан. Бул базанын мурунку жайланышын баары билишет, эл аралык терроризмге каршы Ооганстандагы акыбал жакшы болгонго чейин деп макулдугун берген болчу да кыргыз тарап. Ошондуктан бүгүнкү мындай акыбалдарды карап көрсөк, Пакистандагы, Ооганстандагы ошол эле Орто Азиядагы, кечээ жакында болгон Анжиан, Канабат, кечээки эле болгон Жалал-Абаддагы окуяларды карасак биринчи мөөнөтө бул коопсуздугубузду сактоого түздөн-түз байланышкан. Ушуну менен бирге албетте, экономикага дагы чоң таасирин тийгизип, пайдасын бере турган келишим болуп жатат. Себеби дегенде азыр транзиттик жүктөрдү ташуу борбору дегенден кийин албетте жүктөрдү ташуу көбөйөт, көбөйгөндөн кийин бул жерде америкалыктар бул борборду чоңойтконго аракет кылат, бул жерден дагы Кыргызстан экономикалык пайда табат.

- Ошол эле учурда Орусиянын басылмалары кыргыз бийлигинин саясатына ичи чыкпаганынын жазып чыгышты да. Сиздин оюңузча, бул жерде Орусиянын кандайдыр бир таарынычы болуп атабы, жаңы келишим боюнча?

- Эми бул жерде чынын айтканда Кыргызстан өзүнүн аброюн Эл аралык деңгээлде абдан кетирип койгон да. Эми азыр ошону оңдогонго аракет болууда. Эгер ушул келишимди аягына чейин чыгарса эл аралык кадыр-баркы кыйла оңолуп кетет. Бирок ошону менен бирге Кыргызстан өзүнүн эки жүздүү, дүйнөдөгү акыбалдарды так баалай, тактай албаган өлкө катары таанытып койду. Ошону менен бирге бул жерде Орусиянын кызыкчылыгы абдан чоң, себеби дегенде мынабу акыркы күндөрдө Орусиянын Кавказ регионунда болуп жаткан окуялар көрсөтүп турат. Алар дагы айласы кетип калгандан кийин албетте тигил жактар менен сүйлөшүп макулдуктарды алышып, биринчи ошол Орусиянын өкмөтү өтө чоң кызыктар болгон да, келишимдин азыркыдай болуп жатышы ошонун негизинде десек болот.

- Кечээ “Ак жол” фракциясы бул келишимди жактырды эле бүгүн ал Жогорку Кеңештин отурумунда каралганы атат. Мурда АКШ базасын чыгруу боюнча “Ак жол” фракциясы биринчи маселе көтөрүп чыкты эле, бул “Ак жолдун” принцибинин жоктугубу же жаңы келишимге кызыгуусубу?

- Эми муну Кыргызстандын эли баары жакшы билет да, “Ак жолдун” принциби бар беле? “Ак жолдун” принциби жок болгон, алар караны ак деп айтканга, акты кара деп айтканга даяр турбайбы. Мына ошонун негизинен, ушул кетирген аброюн, кечээ башканы сүйлөп, бүгүн башканы сүйлөгөнүн эл көрүп ирээнжип ушундай да парламент болобу, жок дегенде бир принципте турбайбы деген сөздөрдү көп айтып жатпайбы. Кыргызстандын ичинде президенттин авторитетинин кеткени да ушундан болуп атпайбы. Ошондуктан булар прициптеринин жоктугун дагы бир жолу көрсөтүп атат. Эгерде принциптери болсо, алар айтат эле да болду токтоттук мына келишим аягына чыкты деп. Мына ошондуктан мен ойлойм, мындай парламент эч качан Кыргызстанды алдыга алып чыга албайт.

-Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG