Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:52

Үрүмчүдөгү тополоңдон кийин Борбор Азия өлкөлөрүн эми Кытай бийлигинин кысымынан качкан уйгур сепаратисттери каптабайбы, деген маселе тынчсыздандырууда. Бул маселе боюнча Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Исмаил Исаковду түз ободо кепке тарттык.

- Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районундагы тополоңго тиешеси бар делген 1,5 миңге чукул киши камакка алынганы айтылууда. Айрым эл аралык саясатчылар болсо эми эми уйгур качкындары Борбор Азияга кача баштайт деген божомолдорун айтып жатышат. Сиздин пикириңиз кандай?

- Албетте, Кытайдагы окуя өтө орчундуу, буга биз жөнөкөй мамиле жасабай абдан кылдаттык менен карашыбыз керек. Бирок ошого карабастан илгеркидей көпчүлук чек араны бузуп качат деген туура болбой калат. Себеби биринчиден, ошол чек арабыздын татаалдыгы, экинчиден өтө турган жерлердин аздыгы. Ошол эле кезде Кытай элинин Хань улутунун көпчүлүгү, ошол жердеги бийлик, система да аларга качканга көп мүмкүнчүлүк бербейт. Бирок бул жерде эми 60 миңге жакын уйгур улуту жашагандыктан ошолордун тууган-уруктары системадан, куугунтуктан коркуп, ар түрлүү шылтоолор менен өтүп келиши ыктымал. Эгер алар минтип көп келчү болсо Кыргызстанга өтө орчундуу маселелерди туудуруп коёт.

- Анжиян окуясынын тушунда өзбек качкындары Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөрдөн башпаанек сурап кетпеди беле. Уйгур качкындары, мисал үчүн сиз айткандай ыкмалар менен өтүп келген качкындар Кыргызстан аркылуу башка жактардан башпаанек сурай алышпайт турбайбы. Анткени Кыргызстандын Кытай менен качкындарды кайтарып берүү боюнча келишими бар экен да. Мындай учурда кантип Кыргызстан аркылуу кете алышат?..

- Эми башка жака кете алат, кете албай деп айтыш өтө оор, себеби дегенде азыр мындай жолдор аябай көп да, ошол бул жерде 60 миңдей уйгур калкы жашагандыктан алардын туугандары убактылуу деп келип, отурукташып калышы ыктымал да. Андан кийин бул жерден башка өлкөлөргө өтүп кетиш абдан оңой, себеби дегенде биздеги бүгүнкү система баардыгын көзөмөлдөп, текшергенге кудурети да жетпейт, ага барбайт дагы. Себеби бүгүнкү биздин бийлик андайларга иштебей эле, жалаң жанагы оппозициялык маанайдагы адамдардын тууган уруктарынын артынан түшүп калбадыбы. Мына ошонун негизинде Кыргызстанга келгенден кийин алардын башка жака чыгышы абдан эле жөнөкөй болуп калат. Паспортторун оңдоп алышат, паспортторду сатып алышат, жолдору толуп жатат да эми.

- Бирок мына откөн айдын аягында эле түштүктө террорчулукка байлашкан бир катар окуялар болуп өттү. Эгерде ошол Кытайдан жанагындай сепаратисттер өлкөгө өтүп келчү болсо Кыргызстандын коопсуздугуна кандай терс таасирин тийгизиши ыктымал?

- Албетте коңшу өлкөдө болуп жаткан окуя бир эле Кыргызстанга эмес, жалпы дүйнөлүк коомго дагы чоң таасирин тийгизет да. Себеби дегенде уйгур сепаратизми деп айтыш өтө оор, аны далилдеп беришибиз керек да, бирөөнүн сөзүн кайталаганга болбойт. Бүгүнкү XXI кылымда улутчул идея алдыга чыгып аткандан кийин ар бир улут өзүнүн өлкөсүн түзүп, өзүбүзчө жашайлык деген аркетти жасап атпайбы. Мына ошонун негизинде биз андай сөздү өтө кылдаттык менен айтышыбыз керек.

Эми бул окуя Кыргызстанга кандай таасирин тийгизет деген маселеге келели. Кыргызстанда жашаган уйгур туугандарыбыздын ичиндеги активдүү адамдар ар түрдүү акцияларды өткөрүшү ыктымал. Экинчиден, алар да мусулман калк болгондуктан мусулмандардын да колдоосуна алынып калышы мүмкүн. Үчүнчүсү, биздин экономикага да түздөн-түз таасирин тийгизет, себеби дегенде коменданттык саат киргизгенден кийин ал жактагы ишканалар убактылуу иштебей, же болбосо сааты менен иштеп, товарлардын келиши азыраак болуп калат.

Эң эле маанилүүсү - биздин жетекчилер да ушинтип элди атып койсо болот экен, басып койсо болот экен деп, бул окуядан үлгү алышы мүмкүн. Ушул маселелердин бардыгы биригип келип, улуттук коопсуздука такалат да.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG