Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:17

Саясатчынын үйүнө кол салынышына жердештери кыжаалат


Дүйшөн Чотоновдун жердештери Ош облусунун губернатору Аалы Карашев менен жолугушууда.
Дүйшөн Чотоновдун жердештери Ош облусунун губернатору Аалы Карашев менен жолугушууда.

«Ата Мекен» партиясынын төрага орун басары Дүйшөн Чотоновдун үйүн өрттөө аракетин жердештери саясатчынын ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.

21-июлга оогон түнү «Ата Мекен» партиясынын төрагасынын орун басары Дүйшөн Чотоновдун Бишкек шаарындагы үйүнүн чатырына белгисиз бирөөлөр өрт чыгарчу суюктук куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Анын төртөө жарылган, бирок жалын күчөй электе үй ээлери өрттү өчүрүүгө үлгүрүшкөн. Ошентип, оппозиционер саясатчы, жубайы жана беш баласы аман калган.

«Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук төрагасы Керим Макеев окуяны бийликте олтурган айрым күчтөр уюштурду деп эсептейт:

- Дүйшөн Чотонов кандай позицияны тутунган күндө дагы жеке өзүм жана партиялаштарым аны колдойбуз. Бийликтин туура эмес сасяатынан улам ушундай иштер жасалууда.

«Ата Мекен» партиясынын Ош аймактык координатору Төлөгөн Келдибаев Дүйшөн Чотоновдун үйүн өрттөө аракетин саясатчынын ишмердүүлүгү менен тыгыз байланыштырууда:

- Ушул тапта Кыргызстан криминалдашкан өлкөгө айланды. Минтип коркутуп-үркүтүп эркибизди майтара алышпайт. Биз «Ата Мекен» партиясына кирип жатканда эле ар кандай кокустуктарга даяр туруп, ошого кайыл болуп, а түгүл бүтүндөй өмүрүбүздү тобокелчиликке салып атканыбызды билгенбиз. Ошон үчүн уюмга өз эркибиз менен киргенбиз.

Ал эми Дүйшөн Чотоновдун каракулжалык жердештери жогорудагы жорукту чындыкты бетке сүйлөгөн белгилүү саясатчыга жана анын үй-бүлөсүнө кол салуу катары баалашууда. Мындай пикирин райондун өкүлдөрү облус жетекчилиги менен жолугушуу учурунда билдиришти.

- Каракулжалыктар, анын ичинде Дүйшөн Чотоновдун Алай-Куу өрөөнүндөгү жердештери, тууган уруктары бүт кыжаалат. Алар бизди жөнөтүп жатканда, «Барып айткыла, болбосо козголобуз, кара күчтөргө бийликтин алы жетпесе, аларга каршы өзүбүз күрөшөбүз!» дешти, - деп айты Алай-Куу өрөнүнүн жашоочулары жөнөткөн өкүл Марлен Кадырбердиев.

Кепке кошулган Кара-Кулжа районунун дагы бир тургуну Калыбек Закиров ар кандай зордук-зомбулуктун акыры жакшылык менен бүтпөстүгүн эскертти:

- Кудайга жакпас иш болду, Кара-Кулжада эле эмес Ош облусунун бардык ройондорунда байланыштарыбыз кудайга шүгүр. Айла таптакыр куруганда Чотонов эле эмес анын партиялаштары жана жердештери түп көтөрүлсө, эртеңки күнү өлкөдө башкача жүрүштөр башталып кетиши ыктымал.

2005-жылкы Оштогу март ыңкылабынын штаб башчысы Мырзабек Акматов Дүйшөн Чотонов болбосо, азыркы бийлик орнобой калмактыгын ачыктады.

- Чотонов кара-кулжалыктарды көтөрбөгөндө, революция болбойт эле. Анда Курманбек Бакиев да Ак үйдө олтурмак эмес. Себеби, Оштун Ак үйү басып алынбаганда, Жалал-Абат дагы, Бишкек дагы козголбойт эле. Эгерде азыркы бийлик ушул жакшылыкты унутпаса, Чотоновду ар кандай балакеттен сактоого милдеттүү. Үйүн өрттөөгө аракет кылган акмактар ойлобосун, Дүйшөн жалгыз экен деп. Чотоновдун артында миңдеген адамдар турат. Ошон үчүн бийлик кырдаалды курчутпай, кылмыштын бетин тез арада ачып, ким бөтөлкө ыргытканын таап, аларды элдин көзүнчө жазалаш керек.

Анткени менен жергиликтүү бийлик фактынын негизинде кылмыш иши козголгондугун айтып, тиешелүү кишилер кармалып жазаланаарына ишендирүүдө.

- Ага эч камтама болбоңуздар. Мен дагы ошону укканда эле сурадым. Эң негизгиси Чотонов жана үй-бүлөсү аман экен. Окуя туурасында республика жетекчилиги бүт кабардар. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, укук коргоо органдары мыйзам чегинде иштешүүдө, - деди Ош облус губернатору Аалы Карашев каракулжалыктарды үйлөрүнө таратып жатып.

Соңунда Ош облустук мамлекеттик бийлигинин башчысы Аалы Карашев Дүйшөн Чотоновдун жердештеринин талабын президент Курманбек Бакиевге жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине сөзсүз жеткирээрин убада кылды.

XS
SM
MD
LG