Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

Оппозиция тарапкерлерин милиция кууп таратты


29-июлда Бишкектин жака-белиндеги жерлерде чогулуп, борборду көздөй бет алган элдер кууп таркатылып, кыйласын милиция кармап кетти.

Бүгүн түшкө жуук Бишкектин жакасындагы Беш-Күңгөй айылынан чыккан жоон топ адамдар борбордо өтмөкчү болгон “Таза шайлоо!” аттуу каршылык акциясына катышуу үчүн келаткан маалда, автобустарга шыкалган милиция кызматкерлери алардын жолун тороду. Айрымдары болуп аткан окуяны камерага тартып жаткан кабарчыбызга болушкан болуп, камераны өчүрүүнү өкүм талап кылган милиция кызматкерлерин урушуп калышты.

Акыры форма кийген алдуу-күчтүү сомодой жигиттер отуздай аялды күчтөп унааларга салып кетишти.

Бишкектин Сыдыгалиев-Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде чогулгандарды белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев баштап, алар да борборду көздөй жылган маалда милициянын тосмосуна туш болушту. Натыйжада милиция Топчубек Тургуналиевди баш кылып 42 адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга жеткирди.

Борборду көздөй келаткандар кармала баштаган соң Социал-демократтар партиясынын кеңсеси алдына келген элге оппозиция лидерлери чыгып, эртең Балыкчы шаарына жүрүшкө чыгышарын, бүгүнкү акциялар ушуну менен токтогонун жарыялашты. Оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев мындай деди:

- Саламатсыздарбы агайын-туугандар! Мен сиздерге бир эле нерсени айтайын деп атам. Мына бүгүн Чүйдүн батыш тарабы менен өйдөңкү жагы шаарга келатса милиция кызматкерлери жөнү жок эле кармап, кордоп туруп бир тобун камап койду. Ошол себептүү эртең биз саат ондо ушул жүрүштү биз баарыбир улантабыз. Алдыңарда мен өзүм болом. Анткени Балыкчы шаарында отуздан ашык бала камалып отурат. Болгондо да жөнү жок эле отурушат. Аларга ачык айтканда бери дегенде он беш жылдан берги турушат. Азыр мүмкүнчүлүгү барлар үйүңөргө эле барып жаткыла. Эртең мененки саат ондон калбай бул жактан колонна Балыкчыга чыгат. Башыңарда мен өзүм болом.

Оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, эртеңки Балыкчыга жүрүштүн негизги максаты шайлоо күнү камалгандарды бошотуу болуп, анын аягы өлкө боюнча жайылган ири митингдерге айланышы керек.

БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Исмаил Исаковдун пикиринде, мындан ары чыдашка болбой калды:

- Эртең мүмкүн жарандык согуш деле чыгып кетиши ыктымал. Эгер адамдарды мыйзамсыз эле камай берсе, уурдай берсе, өрттөй берсе эмне кылыш керек? Элдер айтат да, “кой, кетменим менен болсо да каршы чыгайын” деп. Акыры адамдарда өзүн коргоо сезим-туюмдары бар да.

Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, жаңы мыйзам боюнча Бишкек шаарындагы уруксатсыз митинг-пикеттер Репин - Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянтчада өтүшү керек болчу. Бирок ал эрежени бузуп, оппозиция өкүлдөрү уруксат берилбеген жерлерде элдерди чогултушкан.

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов мындай дейт:

- Булардын бардыгы тең жанагыдай мыйзамсыз митинг-пикеттерди уюштурушкандыктары үчүн кармалып атат.

Ошентип, бүгүн Бишкекте каршылык акциясына чыгууга аракет кылган жарандардын арасынан жалпы 70 чамалуусу камакка алынып, кылмыш иши козголуп, дароо сот иши башталды.

Ушул тапта дале уланып жаткан сот процессинде бир канча адамга 15 күндөн камактан тартып, айып пул жана эскертүүлөргө чейинки жазалар берилди.

Нааразылыкка чыккандарды милиция кармап кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

XS
SM
MD
LG