Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

Президенттикке кайра шайланган Курманбек Бакиевдин тушундагы абал тууралуу саясий серепчи Бакыт Орунбековду сөзгө тарттык.

- Кечээ ант берүү аземиндеги сөзүндө президент стабилдүүлүк жана жарандык тынчтык орноду деп, муну өткөн иш мөөнөтүндө аткарган башкы иши катары баалады. Сиз кандай дейсиз, Бакиев мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кандай иштерди аткарды өткөн төрт жылда, же аткара алган жок?

- Эми муну экиге бөлүп айтсак болот го, мунун бир жагы саясий, экинчи жагы экономика. Ошондой эле демократиялык баалуулуктар жагы менен дагы бул кишинин ишмердүүлүгүн бааласак болот. Албетте, экономикалык жагынан бир аз өзгөрүүлөр, өсүштөр болду. Ага жараша экономикалык долбоорлор ишке ашкандыгы, анан кийин мына Кыргызстан өзүнүн күчү менен аздан болсо дагы ГЭСтерди кура баштагандыгы, мамлекеттин камкордугу менен, кийлигишүүсү менен бир нече өнөр жай ишканалары жандана баштагандыгы - азыр экономикалык жактан үмүт берет десек болот. Ушул убакка чейин созулуп келе жаткан Кумтөр алтын кенинин тегерегиндеги Кыргызстандын үлүшүнүн мурдагыга караганда бир топ өсүшү, мурдагы бийликтин учурунда анчалык чечилбеген маселелер болсо, азыр бул бийликтин учурунда чечилгени дагы Кыргызстандын экономикасына бир топ таасирин тийгизди.

Ал эми саясий жагынан алып келгенде биз мурдагыга караганда бул бийликтин тушунда бир топ артка кеттик. Демократиялык принциптер, баалуулуктардын бир тобу муунтулду. Же болбосо бийликтин катуу камчысы үйрүлүп, мурдагыга караганда катуу тартип орнотулуп жатканын байкоого болот. Бакиевдин арттагы төрт жылы ичинде буйрутма киши өлтүрүүлөр, журналисттерди сабоолор көбөйдү. Башка саясий ишмерлерге куугунтуктар көбөйгөнү да ал кишинин саясий ишмердүүлүгүндөгү минус жактары десек болот.

- Бакыт мырза, айтсаңыз, президент Бакиевдин дарегине оппонеттери жөндөмсүз мамлекеттик ишмер деген жардыкты такай тагып келе жатат. Акыркы президенттик шайлоодо болсо анын президенттигин тааныбай тургандыгын жарыялашты. Мунун себебин сиз эмнеден көрөсүз?

- Баардык нерсе салыштырмалуу болсо керек. 15-20 жылдан бери президент болуп келе жаткан КМШ мамлекеттеринин башчылары менен салыштырып жатса керек. Биздин мурдагы президентибиз менен дагы салыштырылып жатса керек, жалпы саясий, эл аралык, руханий, маданий маселелерге келгенде. Президент Бакиев өзү деле айтып калат, “мен көп сүйлөгөндү, доклад окуганды жактырбайм, мен иштешим керек” деп. Мына ушундан болуш керек.

- Маалымат саясатында Бакиев өзгөртүүлөрдү киргизем, кеңейтем, тереңдетем деп айтып атат. Ошол эле учурда жоопкерчиликти арттырам деп атат. Сиз кандай чечмелейт элеңиз бул убадасын?

- Билбейм, аны убакыт көрсөтсүн. Бирок ал кишинин тушунда басма сөзгө, ММКларга болгон кысым күчөп кетпедиби, же болбосо бир топ маалымат каражаттарын бийликтин таасирине калтыруу, же алардын сөзүн сүйлөтүү маселеси күчөп кетти. Мына ушул жагынан алганда ММКга мындан ары да көзөмөл күчөйбү деген кооптонуу бар.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG