Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:30

Кыргызстанга Орусиянын кошумча аскер күчтөрүн киргизүү боюнча меморандумга кол коюлушуна байланыштуу УКМК кызматкери Т. Разаковду кепке тарттык.

- Сиз кандай дейсиз, Орусиянын Кантта базасы турганда экинчисин жайгаштыруунун зарылдыгы эмнеде, максаты кайсында?

- Анын максаты жөнүндө меморандумду окуган кишиге ачык эле билинет. Биринчи жолу биздин дипломатиялык тажрыйбада эки өлкөнүн ортосундагы боло турган аскердик база кандай база, кандай негизде болоору жөнүндө ачык жазылыптыр бул меморандумда. Анан окуу жана аскердик батальон деп көрсөтүлүптүр ал жерде. Бул Кыргызстанга жардам иретинде ачылат экен. Негизги меморандумда ушунчалык ачык жазылганы менин билишимче биздин тажрыйбада биринчи жолу болуп атат, ноябрь айында эми келишимге кол коюлат экен. Ошондуктан биздин мамлекеттин жана Орусиянын жарандары бул жөнүндө ачык маалымат алып жатышы жакшы нерсе.

- Талант мырза, ошол эле мезгилде анын кайсы жерде жайгашаары жөнүндө меморандумда көрсөтүлбөптүр. Буга чейин балким Баткенде жайгашат деген божомолдор да айтылып келатты эле. Эгер бул чындык болсо, түштүк аймагында жайгаштырууга кандай зарылдык болушу мүмкүн?

- Эл аралык терроризм маселеси кийинки кезде абдан көп айтылып атат. Кыргызстанда да ушундай коркунуч барбы, жокпу деген суроого жоопту кийинки окуялар да көрсөтүп атат. Пакистанда жүрүп аткан эл аралык аскер күчтөрүнүн аркеттеринин натыйжасында кээ бир бандиттик топтор акырындык менен башка жака, түндүк тарапты көздөп жылып атканы көрүнүп турат. Бул жагынан алып караганда биздин түштүк региондо кичине террористтик коркунучтар турат десек болот. Ошонун алдын алуу максатында бул нерсе жаман болбойт эле. Чындыгында 1999-2000-жылдары бизге бандиттик түзүлүштөр келгенде биздин республикага чоң кыйынчылык болгон. Ошондо ушуга окшогон келишимдер болгон эмес. Ошол кезде Орусиянын айрым саясий ишмерлери дагы бул маселеге биздин аскерлер барбасын, согушка катышпасын деген болчу. Эми азыркы учурда албетте андай нерседен кудай сактасын, бирок ушундай коркунуч бар деп эсептейбиз. Анткени түштүктө террордук уюмдарга каршы бир топ аскердик операциялар жүрдү. Бул нерсе күчөп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт.

- Азыркыдай чек аралар али тактала элек шартта буга кошуна мамлекеттер кандай карашы мүмкүн?

- Бул нерсени мындай караш керек. Бул кандайдыр бир башка мамлекетке каршы багытталган чоң күч эмес. Батальон деп көрсөтүп атат биринчиден. Экинчиден, ачык эле жазылып турбайбы, эл аралык террористтик уюмдарга каршы күрөшүү жөнүндө, биргелешкен күрөшүү жөнүндө. Менимче, чочулап аткан айрым мамлекеттер өздөрү терроризмге каршы күрөшүп атышат. Ошон үчүн аларга эч кандай коркунуч алып келиши мүмкүн эмес. Ошондуктан бул кандайдыр бир башка мамлекетке карыш багытталган нерсе эмес.

- Эл аралык терроризмге каршы күрөш болгондо Жамаатык коопсуздук келишими уюму менен макулдашуу зарылбы?

- Бул албетте эл аралык коопсуздук органдары менен чогуу макулдашылган нерсе. Анткени бул азырынча божомолдуу сунуштар экен. Менимче, айрымдары албетте алар тараптан дагы колдоого алынат деген ойдомун.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG