Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

Кайрадан шайланган президент К. Бакиевдин алдыдагы беш жылга алган багыты тууралуу “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Ө. Текебаевди сөзгө тарттык.

- Президент Курманбек Бакиев президенттигинин экинчи мөөнөтүнө расмий киришти. Президент инаугурацияда сүйлөгөн сөзүндө өлкөдө күчтүү президент, көп партиялуу парламент, анан натыйжалуу өкмөт, өнүккөн жарандык коом идеяларын ишке ашырууга аракет кылааарын билдирди. Сиз бул ниетти кандай чечмелейт элеңиз?

- Мен муну чын ниеттен айтылган сөз деп эсептебейм. Анткени акыркы жылдары болуп жаткан окуялар президент Бакиев жүргүзгөн саясат айткан сөзүнө 180 градус каршы келе турганын көргөздү. Ошондуктан бул айтылган сөздөр кооздук үчүн айтылган сөздөр деп эсептейм. Бул сөз иш менен сөздүн дал келбегендигинин чоң күбөсү болуп эсептелинет.

- Сиздин оюңузча, күчтүү президент, көп партиялуу парламент кылыш үчүн эмне керек?

- Күчтүү президент - бул биринчи кезекте мыйзамдын чегиндеги президент, мыйзамдын аткарылышынын кепили болгон президент, адам укугунун, сөз эркиндигинин аткарылышына кепил болгон президент. Ал эми бизде Бакиевдин түшүнүгүндө күчтүү президент “өзүм билем, өтүгүмдү төрүмө илем” деген зомбулук, басмачылык саясатын күч деп билет. Ошондуктан бүгүн баардык маселе президенттин өзү гана эмес, анын айланасындагы жакын туугандары, анын айланасы мыйзамдан жогору туруп, бүт маселелер ушулар аркылуу чечилип жаткандыгында.

- Айрым талдоочулар көп партиялуу парламенттин айланасындагы сөздү парламентти кайра таратып, кайра шайлоо болушу ыктымал деген божомол менен улап атышат. Сизде кандай көз караш бар бул боюнча?

- Ал божомол бир гана учурда болушу мүмкүн, ички кландык күрөш мурункудай жанданып, күч алып кеткенде. Азыркы парламенттеги “Ак жол” партиясынын мүчөлөрүнүн жарымынан көбүн маркум Медет Садыркулов тизмеге киргизип түзгөн. Муну мына ошого кирбей калган күчтөрдүн реванш алуу аракети катары, үй-бүлөлүк күрөшүүдө экинчи тараптын үстөмдүк кыла башташынын белгиси катары караса болот. Экинчиден, ошол эле үй-бүлөлүк маселеде проблема бар, бул президенттин өз ыйгарым укуктарын күтүүсүздөн бирөөгө өткөрүп берүү зарылдыгы келип калышы мүмкүн ар кандай себептерден улам. Ошондо ким убактылуу анын милдетин аткарат деген маселе жаралат. Азыркы парламенттин ичинде андай адам жок деген ойду бүгүнкү бийликтегилер карманат. Ошондуктан алар өзү ишенген, биздин үй-бүлөлүк кызыкчылыкты сактап калат деген адам парламент курамына кирип, эстафетаны алгандай саясий кырдаал түзүү зарылдыгы пайда болушу мүмкүн.

Мына ошондон улам парламенттик шайлоолор кайра болушу мүмкүн. Болбосо бүгүнкү “Ак жол” партиясы Бакиевди толук канааттандырат. Анын каалоосун айттырбастан туруп аткарат. Бакиевдин түшүнүгүндө мындан өткөн парламент жок. Аны шайлоо алдындагы региондорго барган жолугушуусунда кайра-кайра баса белгилеп, “мына алтын парламент, ушулар келип менин ишим оңолуп атат” деп жарыя кылып жүрдү.

- Курманбек Бакиев үгүт өнөктүгү учурунда дагы, андан кийин президенттикке расмий таанылгандан кийин дагы айткан, кайталаган сөздөрү “ Кыргызстанды экономикасы байгер, стабилдүү өлкөгө айлантуу - биринчи максатым” деген сөздөр болуп атат...

- Эми баардык саясатчылардын, саясий партиялардын негизги максаты - элдин турмуш деңгээлин жогорулатуу. Бирок адам реалдуу максат кое билиш керек. Мисалы, Казакстан дүйнөдөгү 50 алдыңкы өлкөнүн катарына кирсек деген тилек койгон, аны түшүнсө болот. Ал эми шайлоо бүткөнүнөн 2-3 күндөн кийин Курманбек Бакиев элге кайрылуу жасады, анда дүйнөлүк державалардын катарына жакынкы жылдары киребиз деди. Дүйнөлүк держава бул 5-6 өлкө. Ал элинин саны, территориясы, аскердик жана экономикалык кубатуулуугу менен тарых аныктап койгон 5-6 өлкө. Алардын саны жакынкы кылымда көбөйүшү мүмкүн эмес. Мына көрдүңүзбү, ушунун өзү тапшырманы кое билбегендиги, Кыргызстандын тарыхый мүмкүнчүлүгүн так билбегендиги. Сырттан келген саясий технологдор жазып берген сөздү айтып кою менен Кыргызстандын жаңы курсун, анын улуттук приоритетин аныктоо мүмкүн эмес.

- Маегиңизге рахмат.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG