Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:30

Өлкөдөгү соңку коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу "Азаттыктын" түз ободогу суроолоруна саясий серепчи Табылды Акеров жооп берди.

- Табылды мырза, соңку убакта коомчулукта парламент тарап, жаңы шайлоо болот экен дегендей сөздөр чыга баштады. Өткөн жумада болсо “Кыргызстан жаштары” деп аталган жаштардын демилгелүү тобу парламенттеги СДП фракциясынын депутаттарына мандаттарын таштап кетүүгө үндөгөн ачык кат жолдоду. Сиздин оюңузча, парламентти таратуу маселелесин көтөрүүгө эмне түрткү болуп атат?

- Бүгүнкү күндө парламентти таратууга эч кандай негиз жок. Себеби жаңы эле президенттик шайлоо болду, парламентти таратып дагы бир шайлоо өткөрүш өлкөнүн экономикасына деле өтө оор болот. Бирок мындай абал менен быйыл болбосо да, эмки жылы парламент тарап кетиши мүмкүн деп айтсак болот. Муну атайлап түрдүү амалдар менен жасап атышы мүмкүн. Себеби “Ак жол” партиясы өзүн өзү тарата албайт. Эми башка ушундай жолдор менен таратуусу мүмкүн. Азыркы парламент болсо президентке каалаган мыйзамын каалагандай чыгарып берип атат. Ошондуктан таратууга эч кандай негиз жок деп айтсак болот.

- Президенттик шайлоодон кийин оппозиция талапкери Алмазбек Атамбаев баш болуп СДП партиясы Бакиевди “легитимсиз президент, бул президентти тааныбайбыз“ деп чыгышты. Мындай билдирүүлөрдөн соң СДП партиясы мандатын ташташ керекпи, же парламентте иштей берүүгө укуктуубу?

- Мен иштей берет деп ойлойм. Себеби алар чыгып кетсе деле парламентте кризис болбойт, бирок ушак-айыңдарга караганда парламентти таратууга иш аракеттер, же пландар көрүлгөн. Мисалы “Ак жол” партиясынан 30дай адамга жумуш берип туруп, анан парламентти таратып жиберебиз дегендей сөздөр чыгып атат. Мындайча айткадан таратууга кандайдыр бир алдын ала чаралар даярдалып, көрүлгөндөй сезилет. Бирок негиз жок. Таратуунун бир себеби – күзүндө толкундоолор болуп кетсе ошого такап таратышы мүмкүн. Себеби президенттик шайлоодо көп убадалар берилген, мисалы Таласта төө бурчакты быйылкы жылы кымбат баада алабыз деп. Бирок рынок шартында антип алдын ала айтуу кыйын. Эгерде быйыл төөбурчактын баасы мурдагыдай эле төмөн болсо кымбат ала албайт. Ошондо элдик толкундоолор болуп кетиши мүмкүн.

- Эл арасында БЭКтин президенттик шайлоодон кийин унчукпай калышынан улам айрым оппозициячыл саясатчылар кызмат алуу үчүн бийлик менен соодалашып жатат деген божомолдор айтылууда. Ушул боюнча сиздин маалыматыңыз барбы?

- Ооба, мындай ушактар тарап атат. Мисалы, Азимбек Бекназаров кайрадан башкы прокурор болот экен, же Шерниязов Таласка губернатор болот экен деген сыяктуу сөздөр айтылып жатат. Бирок муну жөн сөз деп айтсак болот. Себеби шайлоо болуп атканда Максим Бакиев жөнүндө да үрөйдү учурган сөздөр айтылып кетпедиби. Ал мындайча айтканда элди алаксытуу негизинде жасалган. Себеби Максим Бакиев штабдын жетекчиси болуп турганда аны элге чыгарбай, ушундай алаксытуу болгон. Мына азыр да Аксыда, жана башка кээ бир жерлерде шайлоону тааныбайбыз деген нааразылык акциялары болуп атат. Ошондуктан элди алаксытуу үчүн ушундай ушактар таралып атат. Ал эми оппозиция бүгүн бийликке барбайт го деп ойлойм. Анткени Атамбаев дагы, Текебаев дагы өтө эле популярдуу болуп калды. Ошондуктан аларга андай убактылуу кызматка баргандын эч кажети жок.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG