Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:18

Серепчилер мамлекетти башкарууда олуттуу өзгөрүүлөр деле болбойт, андан бийликтин жүзү өзгөрүп кетээри күмөн деп эсептешет.

Өлкөдө жакында болуп өткөн шайлоо түйшүгүнөн кийин “эми мындан ары кандай күн болот” деген суроого коомчулук демин ичине катып жооп күтүп турган чагы. Бул арада жакынкы келечекте болчудай сезилген өзгөрүүлөр туурасында түрдүү божомолдор айтылып келүүдө.

Парламенттин депутаты Динара Молдошева бул жолу өлкөнүн саясий жашоосунда олуттуу деле окуялар болбойт деген ойдо. Анын пикиринде, президент шайлоонун алдында эле өлкөнүн өнүгүү багытын коомчулукка ачыктаган. Ошондуктан мындан ары бардык кадамдар өнүгүү багытынын негизинде ишке аша берет:

-Бардыгы ушул бойдон эле калат деп ойлойм. Өкмөттө деле кадр маселеси өзгөрүүгө муктаж эмес. Парламент деле ушул бойдон кала берет. Президент өзүнүн өнүгүү багытына алымча-кошумчаларды киргизип, иштеп чыгышы мүмкүн. Бирок анын командасынын ичинде өзгөрүү болот деп айта албайм.

Бириккен Элдик кыймылдын мүчөсү Азимбек Бакназаров келечекте бийликтен да, оппозициядан деле бир чечкиндүү кадамдарды күтпөстүгүн билдирип, оппозициянын алсыз болуп турганын, ал эми бийликтин өзгөрүүлөргө кызыкдар эместигин белгиледи. Күзүндө ким бийликке же оппозицияга таандык экенин аныктай турган гана мезгил болот.

Бекназаровдун пикиринде, бул учурда бийлик бооруна акчалуу тарапкерлерди гана тарта баштайт:

-Бийлик жасалма болсо да өкмөттү жаңылай турган болот. Бирок мен айтып коеюн, парламент сыяктуу эле өкмөттү ким курайт? Акжолчулар курайт. Президент "Ак жолдун" башчысы. Кандай өкмөттү жаңыласа да бул үй бүлөнүн чечимине көз каранды. Менимче, жаңы адамдарды коебуз деген максат койгон күндө алар акчалуу адамдарды тарта башташат. Анткени бизнесин жүргүзүш керек, чөнтөктү толтуруш керек.

Бекназаров учурда бийлик өзүнө кол бала оппозицияны даярдоонун камын көрүп жаткандыгын, муну менен алар элдин көзүнө оппозиция менен иштешип жатат деген маанайды жаратуу максатын көздөп жатканын да белгилейт.

Саясат таануучу Марс Сариев Бекназаровдун оюн улай, бийлик демократиянын сырткы сөлөкөтүн түзүүгө аракет кылып жатканын белгилейт. Анын көз карашында бийлик элди тынчытуу үчүн гана эмес, батыштан келчү инвестициялардан кол жууп калбаш үчүн демократиялык кадамдарга баргандай түр жасай баштайт. Мисалы, күздүн эң эле ири окуясы болуп парламенттин таратылышы болуп калышы толук ыктымал. Бул жерден бийлик “оппозицияга да мүмкүнчүлүк берчүдөй шарттарды түзүп жатабыз” деген ойду көрсөткүсү келет:

-Парламентти таратуу аркылуу бийлик демократиялык имиджин сактоого аракет кылат. Оппозициялык партиялар биригип, кайрадан күрөшкө киришет. Бирок Бакиевдин ою Казакстан, Россиядагыдай башкарылма демократияны түзүү максатын көздөп жатат. Кандай болгон күндө да көзүр бийликти колдон чыгарбайт. Оппозиция, албетте, парламентте болот. Бирок аларды сырты эле жылтырак болот.


Талдоочу Аскар Мамбеталиев болсо парламент тарап кетет деген көз караштан алыс экендигин белгилейт. Анын ою боюнча, бийлик азыр ар тараптан өзүнүн күчүн бекемдеп алган. Күзүндө нааразылыктар чыгып кеткен күндө деле, бийлик аларга туруштук бере алат. Ошондуктан ал командадагы айрым адамдарды ооштуруп-жылыштырымыш болуп коюп, ошол эле нукта бийлигин жүргүзө бериши ыктымал:

-Парламенттин тарашына негиз жок. "Ак жол" деген Бакиевдин партиясы болсо кантип таратсын. Анан келечекте бийлик кууланып эле, баарын "акжолчу" кылам деген ойло болуп кетип эле таратып жибербесе, эч кандай таратууга негиз жок. Бирок биздей кедей жана бейстабилдүү мамлекеттерде орун которуштуруулар боло берет. Дайыма ротациялар болот. Акча жетпей жатат деп кыскартышы мүмкүн. Элди ушундай өзгөрүүлөрдү жасап жатабыз деп ишендириш үчүн айрым адамдарды орун которуштурушу мүмкүн. Ар кандай сандар өзгөрөт. Бирок сумма өзгөрбөйт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG