Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

31-август - Кыргызстандын көз карандысыздыгынын күнү. 18 жылдык эгемен тарыхында Кыргызстан өз алдынча мамлекет катары канчалык калыптана алды?

Ошентип Кыргызстандын эгемендүүлүккө жетишкендигине 18 жыл толуп отурат. Саясий талдоочулар Коммунисттик-тоталитардык доордон кийин жаш кыргыз мамлекети үчүн абдан оор жылдар болгондугун, ага карабай өзүнүн көз карандысыздыгын сактап, мамлекеттүүлүгүн жоготпой дүйнөлүк коомчулукка таанылганын белгилешүүдө. Алардын баамында, бул аралыкта «кан төгүүсүз» эгемендикке жетишкени менен Кыргызстан али да болсо башкаруу системасын жөнгө сала албагынан улам жасалма демократиялык коом түзүлүп, саясий-экономикалык жактан алгылыктуу өнүгө албай келет.

«Ата Мекен» социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, Кыргызстанда көз карандысыз мамлекет түптөлгөнү менен өнүккөн демократиялык мамлекет куруу ишке ашпаган куру кыял бойдон калууда.

- Биз мамлекет катары түптөлө алдык. Эгемендүүлүгүбүздү жоготкон жокпуз. Бирок биз эңсеген тилектер, кыялдар кол жеткис болуп турат. Биз адам укугу, мыйзамдуулук үстөмдүк кылган демократиялык мамлекетте жашасакпы деп ойлогонбуз. Коомдо социалдык адилеттүүлүк орноп, мамлекет жеке адамдын турмушунда жөлөк боло турган салттары бар өлкөдө жашасак дегенбиз. Тилекке каршы, биздин коом башка жакты көздөй өнүгүп бара жатат.

Өмүрбек Текебаев белгилегендей, өлкөдө жалпы адамзаттык баалуулуктар көмүскөдө калып, мыйзамсыздык мамлекеттик саясаттын деңгээлине жетип, элди демократиялык жактан шайлап алган органдар эмес, бир ууч адамдар үй-бүлөлүк башкарууну Кыргызстанга алып келип отурат.

- Жеке үй-бүлө, жеке адамдар өзүм билемдик, өкүмзордык бийлигин орнотуп, орто кылымдагы кээ бир башкаруу ыкмаларын Кыргызстанга алып келип отурат. Бул өлкөнүн демократиялуу өнүгүүсүнө тескери таасирин тийгизет.

Өмүрбек Текебаев дүйнөдөгү чоң глобалдык өзгөрүүлөр жеке эле эгемендүү Кыргызстан эмес, жалпы Борбор Азиянын коопсузудугуна коркунуч келтирерин, саясий майданда ийкемдүү эл аралык деңгээлдеги саясат жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Махмуд Кашгари атындагы чыгыш университетинин ректору Асан Ормушевдин айтымында, бул аралыкта Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуп толук калыптана алды.

- 18 жыл ичинде Кыргыз Республикасы көптөгөн ийгиликтерге жетишти деп айтсак жаңылышпайбыз. Биринчиден Кыргыз Республикасы өз алдынча мамлекет болуу менен дүйнө жүзүндөгү күчтүү мамлекеттер менен теңтайлаша өзүн тааныштыра алды. Биз алар менен саясий, экономикалык, маданий байланыштарды түзө алдык.

Профессор А.Ормушев, ошондой эле чет мамлекеттерде Кыргызстан өзүнүн элчиликтерин ачып, кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алып, өзүнүн герби, гимни, туусунун болушу, улуттук сомун киргизип, чек араларын такташы – бул Кыргызстандын эгемендүү мамлекет катары түптөлүшүнөн кабар берет, дейт. Анын баамында, көз карандысыздыкка жетишкенден бери, коррупция, жаштардын жумушсуздугу, ички жана тышкы миграция, сапатсыз билим берүү мамлекеттин өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип келет.

Ал эми экс-мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун пикиринде:

- Накта эгемендүү мамлекет үч түркүккө таянат. Эң биринчи - саясий эркиндик. Кыргызстан 18 жыл мурда бул саясий эркиндикке жетишти. Экинчи - чарбалык өз алдынчалык. Өз элин, өз өлкөсүн өзү багып камсыздаган экономикага жетүү. Үчүнчү - рухий эркиндик.
Өз тарыхын, тилин, салтын, бабалар наркын билип, рухий дөөлөтүн сактап баарына таянып, өз өнүгүү жолун таап эч кимди туурабай жашоо. Демек, эгемендүүлүгүбүздүн экинчи жана үчүнчү түркүгү жок. Аларды дагы да кура албай жатабыз. Бул өтө эле өкүнүчтүү. Албетте бир эле түркүгү бар эгемендүүлүк туруктуу, кубаттуу боло албайт. Аны эч ким күчтүү деп тааныбайт. Мындай эгемендүү өлкө элин багып кете албайт. Турмуштан көрүп эле көрүп атабыз. Мындай эгемендүүлүктүн үзүрүн бийлик гана көрөт. Мына ошон үчүн бийлик элди бакпай, эл бийликти багып калат.


Бир катар саясат талдоочулар Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден бери өзүнүн мамлекеттик символикаларына ээ болуп, жеке менчикке жетишип, демократиялык багытта акырындык менен өнүгүп, экономикада кыйла өсүштөр бар экендигин айтышууда.

Жогорку Кеңештин «Ак жол» фракциясынан депутат Динара Молдошеванын көз карашында:

- 2005-жылдын март ыңкылабынан кийинки эң биринчи позитивдүү нерсе - бул тартип. Эл бүгүн бүгүнкү күн менен жашабай, эртеңки келечекти ойлоп жатышат. Экинчиден, дүйнөлүк аренаны алсак Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинде өзүнүн системасы, өзүнүн экономикасы жана чоң пландары менен айырмаланат. Мисалы, азыркы учурда энергетика жагында Камбар-Ата ГЭСтерин куруу эң чоң позитивдүү кадам деп ойлойм. Кыргызстан ушул сыяктуу ири программалары менен өзүнүн позициясын абдан жогору көрсөтүп жатат.

ЖКнын мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев болсо Кыргызстан өзү сыяктуу көз карандысыздыкка жетишкен өлкөлөрдөн кем калышпаганын, мындан дагы ири ийгиликтерге жетишүүгө болоорун белгиледи:

-Политологдор эркиндикке мындай баа беришет. Мамлекеттүүлүктүн начарлап, солгундашына үч критерий бар. Биринчиден, ошол мамлекеттин жери азайса, экинчиден элинин, калкынын саны азайса, үчүнчүдөн мыйзамдуулук сакталбаса.

Каныбек Иманалиев белгилегендей, мамлекеттүүлүк бекемделип жатканы менен түштүк аймакта чек ара маселесин тез арада чечүү, чет өлкөлөргө кыргыз жарандарынын кетип жатышынан калктын санынын азайып баратышын эске алуу зарыл.

- Кыргызстандын эркиндигин экономикалык эркиндик жактан бекемдеп, мамлекеттин коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керек,- деди К.Иманалиев.

1991-жылы 31-августта Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздык Декларациясы кабыл алынган. Бул тарыхый документке ылайык, Кыргызстан көз карандысыз, суверендүү, демократиялык республика болуп жарыяланган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG