Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

“Азаттыктын” түз ободогу талкуусу эгемендүүлүк күнүнө арналып, бул күндүн маани-маңызы, өлкөнүн 18 жыл ичиндеги оош-кыйыштары талкууга алынды.

Талкууга Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болор туштагы алгачкы демократиялык кыймыл - КДКнын теңтөрагасы Жыпар Жекшеев, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана саясат талдоочу Токтогул Какчекеев катышты.

"Азаттык": - Бардыгыңыздарды бүгүнкү эгемендүүлүктүн он сегиз жылдыгы менен куттуктайм. Мына ушул эгемендүүлүк кыргыз элине өтө оңой келди, деген пикирлер айтылып жүрөт. Ельцин менен Горбачев берди деген сөздөр да айтыла калып жүрөт. Бирок биз ушул эгемендүүлүккө кантип жеттик, Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулукка өз алдынча мамлекет катары кадам таштачу күнүнө жетүү үчүн кандай жолдор басылды? Алгачкы демократтардын бири катары Жыпар мырза, сөздү сизден баштоону туура көрүп турабыз…

Жыпар Жекшеев: – Бул жерде тарыхчыларыбыз, кээ бир саясат таанучуларыбыз, чынында эле эгемендүүлүк бизге даяр эле өзүнөн өзү келди деген сөздөрдү айтып жүрүшөт. Бул тамыранан туура эмес сөз. Себеби 1989-жылды эле эстеп көргүлө, 89-жылы биздин мамлекеттин негизги атрибуттарынын бири болгон тилибизди – мамлекеттик тил мыйзамын кабыл алганда, анда өзүнөн-өзү эле парламент кабыл алган эмес. Ошондо биз 20 миңге жакын жаштар Ала-Тоо аянтына чыгып, аябай катуу талапты коебуз деп, ультиматум түрүндө Жогорку Кеңешке кысым көрсөткөнбүз. Эгерде ушул жолку отурумунда Жогорку Кеңеш биздин тилибизди мамлекеттик тил катары кабыл албаса, анда биз аянтта 20 миңге жакын жаштар даяр турабыз деп ашарчылар катуу талап койгонбуз. Мени ошондо шаардык партиянын комитетине чакырып алып туруп, секретарлар үчөө үч жагыман отуруп алып аябай суранышкан, “бул туура эмес болуп калат, эгерде биз кыргыз тилин мамлекеттик тил деп мыйзам кабыл алсак, орустар менен кагылышуу пайда болот, биз ага барбашыбыз керек” деп ар кандай кысым көрсөтүүгө аракет кылышкан. Бирок мен чечкиндүү түрдө баарын четке кагып айткам, эч кандай кагылышуу, эч кандай жарандык согуш да болуп кетпейт, бирок биз мамлекеттик тилибизди кабыл алмайынча өзүбүз мамлекет түзө албайбыз деп.

Мен 1989-жылдагы бир эле көрүнүштү айтып атам. Андан кийин өзүңөр билесиңер, Кыргызстан коңшу мамлекеттердей болуп эле күтүп отурган жок үч президент качан кол коет деп. Тескерисинче, эң активдүү жаштарыбыз өзүнүн укугу үчүн жер алып баштаганын элестетип көргүлө, “Ашар” кыймылы. Анан эң биринчи Кыргызстан демократиялык кыймылы түзүлгүчө эле, 1-майда баардык эмгекчилер Ала-Тоо аянтынан өткөндө партиянын, өкмөттүн жетекчилери трибунада туруп тосуп турушкан Масалиев баш болуп. Ошондо биз 2-3 кварталга созулган өзүнчө колонна түзүп алып туруп, кызыл эмес, көк, ак материалдарга биринчи өзүбүздүн эгемендүүлүктү талап кылган ураандар менен басканбыз да, Масалиев баш болуп бүт баары артка карап, далысын салып туруп калышкан бизди кабыл албай. Ошондо элдин кыйкырган ураанын көргүлө, “Жашасын демокартия”, “Жашасын эгемендүүлүк”, “Жашасын Кыргызстан” мамлекети, биз бир партияга баш ийбейбиз, демокартиялык мамлекет түзөбүз деген ураандарды көрүп алып туруп, орусу дагы, кыргызы дагы бизди аябай куттуктап, биринчи жолу кээ бирлери көзүнө жаш алып бизди тосуп алышкан. Бул 90-жылдын 1-майында болгон көрүнүштөр.

"Азаттык": - Өмүрбек мырза, советтик системанын буйругу менен жашап көнүп калган коомчулукка өзгөчө айыл жергесинде каршы туруу кыйынчылыкка турган болсо керек… Бирок мен белгилей кетейин, сиздин шарапатыңыз менен 90-жылдардагы мектеп окуучулары пахтага күчтөп иштетүүдөн кутулганбыз.

Өмүрбек Текебаев: – Биз советтик доордон жаңы көз каранды эмес доорго өттүк. Бүгүн көз каранды эместик күнү – бул мамлекеттик чоң майрам. Бул сыймыктын, чоң үмүттөрдүн күнү болуш керек. Мен ушул майрам менен кыргызстандыктарды куттуктагым келет. Биз чоң-чоң ийгиликтерге жеткенге ар дайым аракет кылышыбыз керек. 18 жыл мурун биз тажрыйбасы жок туруп, чоң борборго аттанган айылдык окуучудай элек деп мен элестетем. Дүйнөлүк саясатты, дүйнөдөгү чоң ири өлкөлөрдүн кызыкчылыктары менен кагышпастан туруп, биз көпчүлүк үчүн күтүүсүздөн, тарыхчылар үчүн деле күтүүсүдөн туруп ушундай көз каранды эместикти алып калдык.

18 жылдын ичинде биз чоң тажрыйба жыйнадык. Бул тарыхый тажрыйба биздин улуттук байлыгыбыз, жаңылдык, жакшы ийгиликтүү жасаган ийгиликтерибиз да болду. Туурасы дагы, катабыз дагы, бул биздин байлыгыбыз. Чоң үмүттөр болгон. Биз эркин, социалдык адилеттүүлүк орногон өлкөдө жашайбыз, эл өз тагдырына кожоюн болуп демократиялык өлкөдө, бакубат, бай жашайбыз дегенбиз. Тилекке каршы койгон тилектерибиздин көпчүлүгү биз эңсеген деңгээлде аткарылган жок. Тескерисинче, көп багыттарда биз артка кеттик. Биринчи кезекте - бул адам укуктарынын сакталышы, эгерде мурун Компартия балдарды талаада иштетсе, бүгүн жокчулук менен кедейчилик балдарды, ата-энелерин зордоп баардык жерлерде иштетип атат.

"Азаттык": - Токтогул мырза, сиздин көз карашыңыз кандай Кыргызстандын эгемендүүлүккө жетишкени боюнча?

Токтогул Какчекеев: – Кыргыз эли байыртан бери келаткан тарыхынын эң бийик көрүнүшүнүн бири - эгемендикке Советтер Союзу кулагандан кийин ээ болуп калды. Ошентсе дагы Кыргыз мамлекети өзүнүн түзүмүн, өзүнүн мамлекетчилигин аныктап, бүгүнкү күнгө чейин доор сүрүп келатат. Ошондуктан бүгүнкү күндө биз кыргыз элинин, кыргыз ички дүйнөсүнүн, кыргыз рухунун учурунда турган Кыргыз мамлекетинин, мына азыр сүйлөп кеткен түзүүчүлөрүнүн, ошого күрөшкөн демократтардын эмгеги менен бүгүнкү күндө чоң мамлекеттердин арасында өзүбүздүн түтүнүбүздү булатып кыргыз мамлекети деген нукта келатабыз. Ошондуктан бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекети аябай өзүнүн муктаждыгын, келечектеги өзүнүн каалоо, турмушун өз жерине ээ болуп, өз жерине өкүм сүрүп, өз жеринен байлыгын, бийлигин чыңдап, Кыргыз мамлекетин алдыга жылдырууга милдеттүү деген сезим бүгүн биздин элдин арасында тарап келатат.

"Азаттык": - Айтсаныз, оңой эле келип жеттиби эгемендүүлүк Кыргызстанга, же кандайдыр бир күрөштөр болдубу?

Токтогул Какчекеев: - Бул чоң тарыхый күрөш. Мына жакын арада Американын окумуштуулары, саясатчылары Атлантика кеңеши деген жерде айткан, биз Советтер Союзун жеңип, жеңишке ээ болдук, Советтер Союзу кулады деп. Мына ошол урандынын арасынан биз өзүбүз эгемендикке ээ болгонубузду танбашыбыз керек. Анткени бул дүйнөлүк тарыхтын нугу, агымы болчу. Биз ошого дуушар болуп калдык.

Ошондуктан биз айта алабыз, бүгүнкү күндө бүткүл Советтер Союзундагы коомчулук, алдыңкы интеллигенция, өзгөрүүлөрдү сезип, ошого макулдугун берип, ошол кыймылга катышып, анан ушундай жолго түшкөндүгүн колдогондуктан, кайра куруу, андан кийин Советтер Союзу ыдырап кеткенден кийин биз ушуга келдик. Бирок бүткүл коомчулук, бүткүл 15 республика да ага даярдыгын көрсөттү. Жекече айтканда, бул Балтика мамлекеттери, анан Чыгыш Европа мамлекеттери, ошолор көпчүлүк убакта жол көрсөтүп отурган. Мисалга ошол эле Польшаны алсак, алардын “Тилектештик” деген профсоюздук кыймылы бүткүл дүйнөгө өзүнүн ыкмасын көрсөтүп койду. Бирок биз айта кетишибиз керек, эгемендикке баарыбыз тең социалисттик система кулагандан кийин бир келсек дагы жыйынтыгы Европа, Балтика жактагы өзгөчө дагы, Орто Азия мамлекеттеринин эгеменчилиги өзгөчө жолду ачып, кандайдыр бир кызык тарыхый учурда жашап атканыбызды көрсөтүп турат.

Биз айта албайбыз, тиги же бул жакшы деп. Ар бир эл, ар бир мамлекет өзүнүн ата-бабасынан бери келаткан тарыхый жолду жолдойт. Биз дагы бийик, технологиялык күчтүү мамлекеттердин арасында болсок деген максатыбыз бар. Ошондуктан Өмүрбек мырза айтып кеткендей, тилегибиз, каалообуз көп эле. Ошондуктан биз мындайча айтканда көп нерсеге өксүп, жетпей калдык, жоготуп койдук десек да болот. Бирок бир нерсе бар, Кыргыз малмекетине эч ким жардам бербейт, кыргыз эли өзүнө-өзү жардам бериши керек. Бизден бөлөк бул жерде мамлекетти куруучу киши жок. Ошондуктан биз белди бууп, бүгүнкү күндө мамлекетибизди көтөрүп, алдыга жылдырганга милдеттүүбүз.

"Азаттык": - Кандай болгон күндө да Кыргызстан бүгүн эгемендүүлүгүнүн 18 жылдыгын майрамдап отурат. Ушул жерден «Кыргызстан эгемендүүлүктөн эмне ала алды?» деген суроо туулат. Быйылкы АКШнын аскердик аба базасынын айланасындагы маселе, анын калыш-калбашы Орусия аркылуу чечилгени саясатчылардын айтуусунда Кыргызстандын дагы деле болсо Москваны карап, чечим чыгарып жатканын көрсөтүп турат. Муну эгемендүүлүк деп айта алабызбы?

Жыпар Жекшеев: – Кандай эгемендүүлүк болгон күңдө дагы ар бир мамлекет сөзсүз абсолюттук түрдө эч кимге көз карандысыз болуп жашап кеталбайт. Себеби биз дүйнө жүзүндө карым-катнаш болгон ондогон мамлекеттер менен өзүбүздүн мамилебизди туура саясат жүргүзүп, ошолор менен ишти чогуу кеңешип алып барабыз. Ансыз болбойт. Эгемендүүлүк деп эле такыр өзүмдү өзүм биллем, өтүгүмдү төргө илем десек кайсы бир мамлекеттердин кызыкчыгылыгына, алардын коопсуздугуна дагы шек келтирип, аларга тынчсыздануу пайда кылабыз.

Ошондуктан бул жерде Орусиянын кызыкчылыгы болуп кетсе, биз Орусияга баш ийип калдык деген сөздү мен кабыл албайм. Себеби биздин жашообузда, мына Өмүрбек мырза айтып кеткендей, биздин ар бир кетирген катачылыгыбыз дагы, кемчилигибиз дагы биздин тажрыйбабыз болуп эсептелет дегенине мен толук кошулат элем. Ошондуктан биз сөзсүз түрдө Орусия менен эсептешпей кое албайбыз. Ошондой эле Америка, Европа, коңшубуз Кытай мамлекети менен дагы ар кандай алардын да кызыкчылыктарын туура чечкенге аракет кылып, биз ошолор менен чогуу шериктеш болуп, ишти алып бара алабыз.

"Азаттык": - Өмүрбек мырза, бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

Өмүрбек Текебаев: – Албетте кичинекей мамлекеттер экономикалык, саясий жактан дагы коңшулардан көп көз каранды. Аскердик потенциал жагынан да кооптонуулар бар. Бул эми табигый нерсе. Биз байланышкан дүйнөдө жашабайыз, алышып-беришибиз менен. Өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүздүн чегинде биз Ата Мекендин, биздин жарандардын кызыкчылыгын коргогонго аракет кылыш керек. Албетте ушул кезге чейинки өкмөттөр муну ийгиликсиз жасап жатышат. Ошондуктан биз өкмөткө тынымсыз оппонент болуп, аларды сындап келебиз.

Бир мисал келтиргим келет, Москвада Черкизов базары жабылганда Кытайдын соода министринин орунбасары атайын Москвага келип сүйлөшүп, орустардан уруксат алды, 600 млн. доолар кетирип, кытай товары сатыла турган жакшынакай базар кылып берели деп. Кыргыз өкмөтү министрлик деңгээлге чейин ал жерден сүйлөшкөн жок. Кыйтага караганда ал базарга биз көбүрөөк байланганбыз. Биздин турумушубуз, жүз миңдеген кыргызстандык адамдардын турмушу ошол жерден көз каранды эле. Керек болсо президент учуп барыш керек эле, өкмөт башчы Чудинов жатып алыш керек эле келбей, ошол Кытайга берген 60 гектардын 5 гектарын бизге бер, биз дагы куруп алалы, биздин товарыбыз ушул жерден сатылып атат. Ар бир райондон миңдеген адамдар ушул жерден келип иштеп атат, биз бир тууган мамлекетпиз, союздашбыз деп, ошону жасашыбыз керек эле. Биз кудай берген шарттарды пайдаланбастан, өзүбүздүн өлкөнүн, жарандардын кызыкчылыгын коргобостон, кээде өзүбүздүн көз каранды эмес деген статуска корстон болуп, үйүбүздө кожоюн болуп, каалаган тууган-уруктарыбыз өлкөнү облус, райондорго бөлүп алып башкарса, мына эркиндик, эгемендүүлүк деген ушул экен деген түшүнүктөбүз. Тилекке каршы мамлекет башчыларыбыз ушул түшүнүктөн кете элек.

Ошондуктан айтып атабыз, биз Кокон хандыгынын деңгээлине, артты көздөй кеттик. Анткени мамлекетти эл шайлаган органдар башкарбайт. Шайлоо деген жок болду. Урук-туугандардын үстөмдүгү болот. Ошолорго Кыргызстан эли кызмат кылып жүгүнөт. Мына ушуга окшогон тескери тарыхый багытты көздөй кетип атабыз. Бирок ушуга каршы кыргыз коомчулугу, жалпы эл күрөшүш керек жана белди бекем бууп, балдарыбыздын, өлкөнүн келечеги үчүн тынымсыз күрөшүшүбүз керек.

"Азаттык": - Токтогул мырза, сиздин пикириңиз, мына ушул чоң геосаясий айдыңда Кыргызстандын кичинекей өлкө катары дагы деле Москванын, же Вашингтондун көзүн карай бергени канчалык деңгээлде туура?

Токтогул Какчекеев: - Дмитрий Медведев Түштүк Осетия боюнча өткөн майрамында аскерде курман болгондорго азем өткөрүп атканда бир сөздү айтып кетти. “Кичинекей мамлекеттер картанын үстүнөн сүрүлүп жоголот, чоң ири мамлекеттер гана өзүнүн эгемендигин, өзүнүн күчүн, өзүнүн таасирин көрсөтө алат” дегендей. Биз кичинекей мамлекетпиз. Ошондуктан биз кичине мамлекет болгондон кийин өзүбүздүн алыбызга, мүмкүнчүлүгүбүзгө карап досчулукту, союздук көз карашты өнүктүрүүгө, экономикалык өнүгүү жолундагы грант, финансылык жардамды карашыбыз керек. Бирок аны ылгап карашыбыз керек. Анткени финансылык экспансия деген бул жылып келаткан алкымы бузук, финансы жагын билбеген адамдарды кайрымакка илип алып туруп, анан мамлекеттик кулчулукка алып келет.

Ошондуктан бүгүнкү күндө чоң геосаясатта, чоң мамлекеттердин өткөрүп аткан геостратегиялык өзгөрүлүштөрдү билүүчү биздин мекемелер, биздин кесипкөй адамдарыбыз болуш керек. Болбосо, мисалга, Жаңы чыгыш деген түшүнүк болуп атат. Американын эксперттеринин көз карашынан караганда, Жаңы чыгыш деп, чыр-чатактуу аймак дегенди айтып атат. Экинчи жагынан Кавказдагы урушта, ошол эле геостратегдер 1990-99-жылдарда Чоң Кавказ деген программаны түзгөн. Мына ушул долбоорлордун баары иштеп аткандыктан, бүгүнкү күндө Чоң Орто Азия деген да долбоор түзүлгөн. Ошондо бул чөлкөмдөгү беш мамлекет жана Ооганстан биригип, Ооганстандын борбор шаары Орто Азиянын чоң федерациясынын орду болмок болчу. Ошондуктан чоң ири мамлекеттер ошондой оюндарга бизди аралаштырып, бизге жардам бергенде көп адамдар мындай көз боемочулукка акылы жетпей, түшүнбөй, кредиттердин баарын жеп, карызга белчеден малынып, анан акыркы күңдө өзүбүз мекенсиз калчудай сезимдер калып баратат.

Ошондуктан биз эгемендүүлүк күнүндө айта кетишибиз керек, Кыргыз мамлекети кичинекей мамлекет, тегерегинде достукка берилген бирин экин мамлекет болсо, Кыргызстандын байлыгына кызыккан он чакты мамлекет бар. Ошондуктан кыргыз элинин кудай берген жери ушул, бул мамлекеттин тоголок ташынан бери биз сакташыбыз керек. Мына ошону түшүнгөн адамдар бүгүнкү күндө Кыргызстанды алдыга жылдырууга милдеттүү.

"Азаттык": - Өмүрбек мырза, бизге кандай эгемендик керек өзү? Демократиялык жоболорго негизделген, адам укуктары, сөз эркиндиктери сакталган, бийлик эл үчүн кызмат кылган эгемендик керекпи? Же болбосо тоталитардык бийлик өкүм сүргөн көз карандысыз мамлекетпи?

Өмүрбек Текебаев: – Бизге карапайым калктын кызыкчылыгын көздөгөн эгемендик керек. Тышкы саясатыбыз да, ички саясатыбыз дагы жөнөкөй адамдын эркиндигине, анын бакубат турмушун жакшылаганга багытталыш керек.

Жыпар Жекшеев: – Бизде эң биринчи - жасалган иштердин баардыгы тең адамдын укугу ыйык деген түшүнүк менен жасалыш керек. Баарынан кымбат адам, адамдын кызыкчылыгын эң бийик, ыйык катары тутуп, саясат жүргүзгөнүбүздө, экономикалык, социалдык, маданий, руханий саясатыбыздын баары калыбына келип, ошондо гана мамлекетибиз оңолуп кетет. Себеби адамдын кызыкчылыгы фундаменталдуу түрдө сакталбаган мамлекеттин келечеги да болбойт, патриоттук сезим да болбойт адамдарда.

Токтогул Какчекеев: - Кыргыз элибиз кыргыз мекенинде өз жерине өзү ээ болуп, өз бийлигин ишке ашырып, туусун бийик көтөрүп, өзүнүн ата-бабасындай кыраан эл болуш керек. Өзүнүн өнүгүү жолунда кыргызга тийген жакшылык, кыргыз идеологиясы болуш керек. Андан бөлөк түшүнүк болбойт.

"Азаттык": - Талкууга катышканыңыздарга рахмат айтабыз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG