Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Президент бүгүн парламентте билдирүү жасайт


Бүгүн президент Курманбек Бакиев башкаруу системасын өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңеште билдирүү менен чыгуусу күтүлүүдө.


Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына караганда? бүгүн парламенттин күзгү сессиясы расмий түрдө ачылат жана отурумда президент Курманбек Бакиевдин сөз сүйлөөсү күтүлүүдө. 26-августта өлкө башчысы Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаевди кабыл алып депутаттардын алдында сүйлөй тургандыгын билдирген. Белгилүү болгондой, президент башкаруу системасын реформалоо тууралуу билдирмекчи.

Айрым бир маалыматтарга караганда президенттик администрация жоюлуп, президенттин катчылыгы калып, документтер менен иштеген канцелярия түзүлүшү белгиленүүдө. Өкмөт үйүндө бир аппарат болуп, ал аппарат президенттин да ар кандай суроо-талаптарын аткарууга пайдаланылат. Ошондой эле министрликтерде, комитетет, агенттиктерде дагы кыскаруу болушу күтүлүүдө.

Экс-губернатор Анвар Артыковдун пикиринде алдыдагы кызматтык алмаштыруулар, өлкөнүн экономикалык же укуктук өнүгүүсүнө эч кандай пайдасы тийбейт, тескерисинче мамлекеттик кызмат орундарына башка жаңы күчтөр келиши мүмкүн.

Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынан депутат Жангороз Каниметов болсо алдыдагы структуралык өзгөрүүлөр натыйжалуу жыйынтык берет деген ишенимде.

-Төрт жыл убакытта ар кандай кырдаалдар болду. Ошону менен катар экономикалык жылыштар ийгиликтер дагы болду. Ошондуктан мен ойлойм президент дагы такшалды, калыптанды. Бул анын шайлоо алдындагы платформасы жана анын жаңы курсу. Ошондуктан өзгөрүүлөрдү алып келет. Мына көрүп калбадыкбы, кадр алмаштыруудан эч нерсе чыкпайт. Балким структуралык өзгөрүүлөрдөн натыйжа чыгат.

Талдоочулардын божомолунда, президент Курманбек Бакиев алдыдагы бийлик системасын түп-тамырынан өзгөртөм дегени менен “ак калпакка, көк калпак” кийгизгендей эле кызматтык орун алмаштыруу менен чектелип, башкаруу системасында олуттуу өзгөрүүлөр болбойт. Ал үчүн алгач Конституцияны реформалаш керек, дешет талдоочулар.

Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Мирослав Ниязов азыркы бийликтин келечекке максаты жок болгондон кийин президенттин бийлик системасын өзгөртүү аракетинен эч нерсе чыкпайт деген ойдо.


-Бүгүнкү бийлик экономикалык жактан, социалдык жактан, коргоо жагынан максатын, эмне кылаарын билбей жатат. Көзүнө илинген бир дагы максат жок. Булар бүгүнкү күн менен жашаган бийликтер. Ошон үчүн ушул бийлик менен Кыргызстандын дагы келечеги жок болуп жатат. Мына ошол өкүнүчтүү нерсе ушунда болуп жатат. А бул болсо элди алдоо, “мына реформа кылып жатабыз”,- деп. Бул реформанын элге эч бир пайдасы тийбейт.

Экс-спикер Алманбет Матубраимов болсо аткаруу бийлигин эле эмес, мыйзам чыгаруучу орган Жогорку Кеңешти, сот бийлигин жана укук коргоо органдарын дагы реформалаш керек, деп эсептейт.

Парламенттеги “Ак жол” фракциясынын жетекчиси Улугбек Ормоновдун айтымында, азырынча Жогорку Кеңеште реформа жүргүзүлбөйт.

XS
SM
MD
LG