Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

Президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө берген убадаларын жана реформаларды аткарууга мезгил келгенин билдирди.

Бүгүн ачылган Жогорку Кеңештин сессиясында сүйлөгөн президент Курманбек Бакиев сөзүнүн башында эле парламент таратылат деген сөздөрдү четке кагып, андай сөздөр негизсиз экенин, парламент таратылбастыгын билдирди.

Андан ары өлкө башчысы өзгөрүүлөр тууралуу жарыялап, башкаруу системасын реформалоо президенттин бийлиги, өкмөттүн структурасы, сот, аскердик доктрина, тартип коргоо системасын өзгөртүүнү камтырын белгиледи.

Курманбек Бакиевдин айтымында, президенттин администрациясы буга чейин өкмөттүн функциясын кайталап келген, эми ал өзгөрөт. Администрациянын функциялары өкмөттүн аппаратына берилет. Мамлекет кызмат жөнүндө орган өзгөчө мааниге ээ болот. Президенттин коомчулук жана калк менен байланышын камсыздоо үчүн Жогорку Курултай жана Президенттик кеңешме түзүлөт. Жогорку Курултайга жергиликтүү коомчулук, диний уюм, коомдук уюмдарын өкүлдөрү кирет. Ал эми Президенттик кеңешмеге агрардык чөйрө, бизнес, жаштар өкүлдөрү тартылат.

Президент ошондой эле 2010-жылдын бюджетин кабыл алууга шашпоого депутаттарды чакырды. Президенттин айтымында, келерки жылдын бюджети өнүктүрүү бюджети болот. Реформа өкмөттү да камтып, ал чарбалык функциялардан ажыратылып, ишкерликке жагымдуу шарт түзүүнүн үстүнөн иштеш керек.

Сөзүнүн акырында президент Мамлекеттик катчылык институту жана президенттин кеңешчилери жоюлаарын да жарыяларды. “Президентке бир гана мамлекеттик кеңешчи жетишет. Рефоманын максаты жакынкы эки-үч жылда ири экономикалык натыйжаларга жетишүү. Биз ага жетишебиз. Мен буга кепилдик берем”,- деди президент Курманбек Бакиев.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG