Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

“Бакиев жаңыланууну өзүнөн баштады”


Президент Курманбек Бакиевдин парламентте сүйлөгөн сөзү тууралуу президенттин катчылыгынын өкүлү Султан Жумагулов “Азаттыкка” комментарий берди.

Султан Жумагулов: - Эң негизгиси, президент “муну шайлоо астында баш айланткан пиар-технология деп айтышты эле, мына эми кышында эле айткан реформаларды мына бүгүнтөн баштайм”, деди. Баштаганда да өзүнөн баштаганын айтпадыбы. Биринчи болуп, өзүнүн администрациясын өзүнө таандык эмес иштерди, өкмөттүн функцияларын алып алгандыктан администрация мындан ары ушу боюнча турууга мүмкүн эмес, деп эсептээрин айтты.

Экинчиден, президент саясий бир каарман иш жасады, десек болот. Себеби ал буга чейин өзүнүн айланасында, тегерегинде чогулуп келген, өзүнө кызмат кылды деп эсептелген кызматтарды жоюп жатпайбы. Айталы, мамлекеттик катчылык кызматын жоюп атат. Бир топ мамлекеттик кеңешчилери бар болчу. Анын баарын жойду да, анын ордуна кыйла демократтык институттар саналган президенттик кеңешме жана жогорку курултай түзүп жатат.

Кыргызстанда бизнес тармагында болобу, саясат, илим, кайсы тармакта болбосун, акылдуу, билимдүү, тажрыйбалуу адамдар чогулуп президентке кеңеш, акыл кошуп турат. Мурдагыдай өзүнүн тегерегинде отурган адамдардын эмес, “ар кайсы тармактардан мен деген көзүр адамдардын акыл-кеңешин угуп туруп анан чечим кабыл алам”, деди. Билген кишиге бул өтө чоң бурулуш болуп эсептелет. Мурда президентти “жакын тегерегиндеги адамдардын акылын угуп чечим кабыл алчы эле”, деп айтып келишкен эле. Мына эми, “коомдук уюмдардын акылын угуп туруп чечим кабыл алам”, деп биринчи жолу айтып жатат.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Курманбек Бакиев өлкөнү башкарууда бийлик менен коомдун диалогу, шериктештиги керек деп буга чейин айтып келгем, деп бүгүнкү сөзүндө белгилеп өттү. Ушул максатта буга чейин Коомдук Палата да түзүлгөн эле. Эми анын орду кандай болот? Мына эми президенттик кеңешме, жогорку курултай деген түзүлүп жатат. Буга чейин оппозициялык көз караштагы саясатчылар мындай институттар түзүлгөнү менен, алар эч кандай иш алып барбайт, президенттин айтканын чыгышпайт, деп сындап келишпеди беле?

Султан Жумагулов: - Президент өзү айткан реформаларды “жакынкы жарым жылда, тактап айтканда жаңы жылгы чейин жасашым керек”, деп бир эмес эки-үч сыйра кайталап айтты. Бул куру убада боюнча калбайт. “Мен 2005-жылы жаңы президент болгондо, негизги максат – кичине туруктуу коом түзүү болчу. Мен ал озуйпамды, айткан сөздөрүмдү аткардым. Эми мобул реформаны да айтып туруп таштап койбойм. Алгачкы этабын жарым жылда, ал эми бүт-баардык реформаларды эки жылда аткарым”, деп кайра-кайра кайталап айтты.

Коомдук диалогдун башталышы жогорку курултай болуп жатат. Жогорку курултай, бул - өкүлчүлүктөрдүн органы болуп эсептелет. Бул жер-жерлерден, мен айтып өткөндөй ар кайсы тармактардан мендеген, элдердин ишенимине татыган, элдердин атынан сүйлөй ала турган адамдардын тобу.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Ушул жерден оппозициялык көз караштагы адамдарды да көрүүгө болот, деп ишендире аласызбы?

Султан Жумагулов: - Албетте. Буга чейин президент жаңылануу багытында да, шайлоо алдында да “мен, ким менен болбосун, анын ичинде жарандык коом, анын ичинде келишкис деп аталган оппозициянын ишмерлери менен сүйлөшүүгө макулмун, даярмын”, деп айткан болчу. Бүгүнкүсү эми программалык сөз болгондуктан, жогорку курултай кандай болот, президенттик кеңешме кандай болот, деген майда-чүйдөсү жазылган жок. Бирок майда-чүйдөсү жазылбаса деле, биз бул институттардын кандай экенин билсек болот. Экөө тең өкүлчүлүктүү, коомдук-саясий, улуттук, маданий ишмерлердин тобунан турат. “Ошолордун акыл кеңешине таянып, мындан ары мамлекеттик чечимдерди кабыл ала баштайм”, деп айтпадыбы. Эң негизги бурулуш мына ушул, деп мен дагы бир сыйра белиглегим келип жатат.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Президент өкмөттү реформалоо тууралуу сөз кылды. Бул реформа эмнеден башталат? Кыскартууданбы?

Султан Жумагулов: - Президенттин буга чейинки сүйлөгөн программалык сөздөрүндө, бири-бирин кайталаган функцияларды жоёбуз, бири-бирин кайталаган структураларды да азайтабыз, же жоебуз деп айткан болчу. Буларды президент өзүнүн администрациясынан, жакын-тегерегинен баштап жатат. Эми бул реформа өкмөттүн структураларына, ошол эле министрликтерге, ар кандай агенттиктерге, анан бара-бара Жогорку Кеңешке, областтык, райондук деңгээлдеги мамлекеттик администрациялага чейин өтөөрүнөн шек санабашыбыз керек. Анткени президент өзү өрнөк көрсөтүп туруп өзүнөн баштап атат. Бул демилге сөз жок колдоого алынат. Министрликтерде, администрациялык башкаруу чөйрөлөрүндө реформа сөз жок болот.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG