Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Президент жарыялаган башкаруу системасын реформалоого байланыштуу суроолорго ЖКдагы Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак Масалиев жооп берди.

- Исхак мырза, президент бүгүн реформалар жөнүндө жарыялады. Ал сиздин оюңузча, жалпысынан алганда кандай өзгөрүүлөргө алып келет?

- Кыргызстанда азыр бир топ саясатчылар айтып атпайбы, бийликтин ортосунда бири-бирин кайталоо көп болуп атат деп. Ошондуктан президенттин бүгүнкү сунуштары көңүл бура турган сунуш болуп турат. Себеби бүгүн коомдо кызыктай болуп атат да. Мисалы ошол эле министр бир эле учурда бир жагынан өкмөткө, экинчи жагынан администрацияга баш ийип атат. Мына ушул тоскоолдук болуп атат деп айтсак болот.

- Жаңы бийлик системасында байкалгандай өкмөт бир топ алсырап, президенттик бийлик, анын ичинде катчылык өтө кубаттуу бийлик бөлүгүнө айланат экен. Ага өнүктүрүү институтуту, өнүктүрүү фонду, улуттук долбоорлор, өнүктүрүү агенттиги сыяктуу бир топ милдеттер, аябай көп акча, мүмкүнчүлүктөр берилет экен. Бирок ошол эле катчылыкты көзөмөлдөө парламенттен сырт калат. Бул башкача бир жагдайга алып келбейби?

- Балким аны ишке ашыра баштаганда маселе пайда болуп калышы мүмкүн. Себеби каражат бөлүү, акчаны иштетүү эгерде президенттин алдында болуп калса, анда бир топ маселе пайда болуп калышы мүмкүн. Мен ойлойп атам, азырынча так ушундай болот деп айтыш кыйыныраак болуп турат. Себеби реформаны баштагандан кийин ага каршы болгон бир топ ошол эле кызматкерлер болот. Андыктан мындан дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.

- Жогорку курултайдын түзүлүшү, презитденттик кеңешме, ага чейин коомдук палата, коррупцияга каршы агенттик, комиссиялар түзүлгөн, азыркы билдирүүгө караганда кыскартуу эмес кайрадан ушул органдарды көбөйтүү болуп жатпайбы?

- Эми президент өзүнө жоопкерчилик алам деп атат. Балким бүгүн ошондой шарт түзүү, ошого барыш керек болушу мүмкүн. Кыскача айтканда, бүгүн айтылган сөздөр кагазга түшүп, Жогорку Кеңешке келген учурда анан конкреттүү сүйлөсө болот, ага чейин ой-пикир, каалоо болуп турат. Долбоор деп койсок болот, президент айткан күндө деле.

- Мамлекеттик катчылыктын жоюлушун сиз кандай кабылдадыңыз?

- Учурда бир топ мамлекеттерде мамлекеттик катчы бул тышкы иштер боюнча, ички саясий маанилүү эмес иштер боюнча алек болгон кызматкер болчу. Ошондуктан ал барбы, жокпу, мен буга көп деле маани бербейм.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG