Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Түштүктө орус базасы ачылбай да калышы ыктымалбы?


Кыргыз-орус президенттери быйыл 1-августта, Чолпон Атадагы ЖККУнун бейрасмий жыйынынан соң Кыргызстанда Орусиянын кошумча аскер күчтөрүн жайгаштыруу боюнча меморандумга кол коюшкан.
Кыргыз-орус президенттери быйыл 1-августта, Чолпон Атадагы ЖККУнун бейрасмий жыйынынан соң Кыргызстанда Орусиянын кошумча аскер күчтөрүн жайгаштыруу боюнча меморандумга кол коюшкан.

Кыргызстанда дагы бир орус аскер базасын жайгаштыруу аракеттери ушул күздө Борбор Азия алкагындагы аймактык саясатта башкы маселеге айланчудай.

Орусиялык маанайдагы саясат талдоочулар ушундай көз карашын Бишкек коомчулугу менен бөлүштү. КМШ өлкөлөрү институтунун аймактык филиалынын директору Александр Князевдин болжогонуна караганда Дмитрий Медведев менен Курманбек Бакиев антитеррордук борбор деген ат менен Кыргызстандын түштүгүндө аскерий база түптөө демилгесин ноябрда орой көз чарай талкуулашат. Жергиликтүү коомдук-саясий чөйрөдө Орусиялык экинчи базанын жайгашуусуна күмөнсүнүү бар. Ал биринчи кезекте кошуна мамлекеттер ортосунда орток пикир табылбай жаткандыгы менен байланыштырылууда.

Эки президенттин быйыл 1-августтагы Чолпон-Ата ниет - меморандумуна ылайык Орусиянын аскерий базасын Кыргызстандын түштүгүнө жайгаштыруу боюнча макулдашуу долбоору 1-ноябрга чейин даярдалып бүтүшү керек. Меморандумду ишке ашыруу багытында кандай аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу азыр тараптар эч кандай маалымат берген жери жок. Ошол эле учурда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө, Кыргызстан менен чегаралаш Өзбекстандын базаны жайгаштырууга каршылыгы жараянды кыйла кечеңдетиши мүмкүн деген жоромолдор саясат талдоочулар арасында күч.

Өзбекстан үч өлкө чектешкен аймакка аскерий базаны жайгаштырууга каршы экендигин меморандум кабыл алынары менен айтып чыккан. Өзбекстан буга чейин Борбор Азиядагы суу саясатына да өзүнүн макул эместигин билдирип келгендиги маалым.

КМШ өлкөлөрү институтунун аймактык филиалынын директору Александр Князевдин пикиринде орток тил табышууга тараптар аракет кылышы керек:

- Өзбекстан президенти Ислам Каримов Тажикстандагы Рогун ГЭСине байланыштуу Өзбекстан биздин республикалардагы гидроэнергетикалык долбоорлорду каржылоого кошулууга даяр экенин жазында билдирген. Бул дал ушул татаал проблемаларды чечүүгө жол ачышы мүмкүн. Орусия Камбар-Ата ГЭСине акча берип, Өзбекстан менен каршылашууга кызыкдар эмес. Ар бир өлкө өз кызыкчылыгына карап иш кылат. Геосаясий, геоэкономикалык, географиялык жагынан алганда да Орусия үчүн Өзбекстан менен мамиле Кыргызстанга караганда маанилүү.

Анткен менен азыркы тапта Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан ортосунда эки тараптуу, үч тараптуу мамилелерди жакшыртуу жаатында аракеттер байкалган жери жок. Өзбекстандын каршылыгы Орусиянын, Кыргызстандын президенттери Дмитрий Медведев менен Курманбек Бакиевди кандай ойдо калтыргандыгы да белгисиз. Бул маселе ЖККУнун күн тартибине коюлар-коюлбасы да бейдарек. Князевдин пикиринде, ушундай жагдайда Борбор Азиядагы бул үч оюнчу бири-биринин ыгына көнмөйүнчө кызыкчылыктарын коргой алышпайт:

- Камбар-Ата, база маселеси турат, Өзбекстан менен Кыргызстан ортосунда газ бар, Орусия Өзбекстан ортосунда башка маселелер бар, маселен, Өзбекстан дайыма Орусиядан авто унаалар үчүн рынокто квотаны көбөйтүүнү сурап келатат. Балким Кыргызстан Өзбекстандан газды арзан алуу үчүн кандайдыр бир чегинүүгө барышы мүмкүн. Дегинкиси башка кыйыр тиешеси бар тармактар аркылуу деле кепке келүүгө болот.

Бул аралыкта жергиликтүү коомдук-саясий чөйрөдө Орусиянын экинчи базасын Кыргызстанга жайгаштыруу жаатындагы пикир келишпестик узак жылдарга созулушу ыктымал деген көз караштар айтыла баштады. Мунун себебин жергиликтүү талдоочу Карыбек Байбосунов төмөнкүдөй негиздеди:

- Себеби биздин президенттин боштугу, Медведевге болсо баары бир, ЖККУга оодарып коет, Өзбекстан болсо жанагыдай чыр позициясын кармап тура берет. Бул – бүтпөгөн жумуш.

Иштин создугушун талдоочу база жайгаштыруу дымагында Борбор Азия мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргызстандын пайдасын көздөгөн эч кандай кызыкчылык Орусияда жоктугу менен да байланыштырат:

- Улуу держава катары аскерий күчүн көрсөткүсү келип атат да. Борбор Азияда базасы жок. Тажикстандан 112-дивизияны алып кеткенинин кенемтесин толтуруу үчүн, АКШга атаандашып коюу аракети. Бирок ал деле ишке ашпаган максат. Анткени Орусиянын өзүндө бул базаны бага турган акча жок да.

Коомдук ишмер Мирослав Ниязовдун пикиринде кошуна мамлекеттер терроризмге, экстремизмге каршы күрөштө бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып иштеше албай жаткан чакта Орусия базасынын түштүк аймакка жайгашуусу - муктаждык. Мындайда саясатчы Кыргызстандын пайда көрүп калуунун бардык жолдорун караштыруусун каалайт. Мындай пайданын бирин талдоочу базаны социалдык-экономикалык жактан мукурап турган Баткен аймагында жайгаштырууга жетишүүдөн көрөт.

Жергиликтүү талдоочулардын көпчүлүгү Кыргызстан үчүн базаны Баткен аймагына жайгаштыруу коопсуздукту коргоо жаатында да ыңгайлуу деп жатышат. Расмий бийлик деле муну ачык жарыялабаган менен, Баткенге жайгаштыруу зарыл деген көз карашты тутунууда. Бирок учурда меморандумга кол койгон эки өлкө ортосунда базаны түштүктүн кайсы аймагына жайгаштыруу керек деген маселеде да орток пикир табылбай турат.

Орусия өз базасын Ош облусунда жайгаштырууга көбүрөөк кызыкдар болууда. Муну талдоочу Александр Князев Орусия үчүн Оштун экономикалык жактан өтө ыңгайлуулугу менен түшүндүрдү. Инфраструктуранын жөнгө салынгандыгы, Ооган чегарасына түз туташтырып турган Памир жолунун ачыктыгы, темир жолдун Кара-Сууга чейин жетип турушу өңдүү жагдайлар Орусиянын өз базасын көп чыгымга кириптер болбой жайгаштыруусун шарттайт дейт талдоочу.

Мына ушул өңдүү жагдайларды эске алганда Орусиянын Кыргызстанда экинчи базасын жайгаштыруу демилгесинин белгилүү жана белгисиз өңүттөрү күз аралаш геосаясий алкакта олуттуу талаш-тартыштар менен коштолчудай.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG