Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Оппозиция президенттин демилгесине ишенбейт


К.Бакиев Президенттик кеңешме ар кандай кызыкчылыктагы топтордун тынымсыз диалогунун, өз ара тең салмактын аянтчасы болуп калаарын билдирген эле.

Президент Курманбек Бакиев башкаруу системасын реформалоо боюнча билдирүүсүндө мамлекеттик бийликтин жогорку деңгээлинде чечимдерди кабыл алууга коомчулуктун чыныгы жана кеңири катышуусун камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.

- Мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алууда Президент ар кандай кызыкчылыктары бар топтордун, ар башка маданий жана кесиптик жамааттардын, өлкөнүн беделдүү адамдарынын ой-пикирлерине таянууга тийиш.

Өлкө башчысынын айтымында, Президенттик кеңешме ар кандай кызыкчылыктагы топтордун – жаштардын, бизнестин, жалданма эмгектин, агрардык жана өнөржай комплексинин жана башкалардын тынымсыз диалогунун жана өз ара теңсалмагынын аянтчасы болуп калат.

Саясий куугунтукка каршы комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев президент Курманбек Бакиевдин ар кандай кызыкчылыктары бар топтор менен анын ичинде оппозициялык маанайдагы саясатчылар менен эзели кызматташууга барбастыгын билдирди.

- Андай сөздөрдү К.Бакиев акыркы жарым жыл ичинде төрт-беш жолу айтты. Бирок иш жүзүндө чыныгы кызматташуу жок да. Эсиңде бекен, марттын онунда биз саясий куугунтукту токтоткула деп ак үйдүн өкүлдөрү Э.Сатыбалдиев, Досбол Нур уулу, О.Малеванная келишкенде айтканбыз. Бирок алар саясий куугунтукту токтоткон жок да.

Топчубек Тургуналиев белгилегендей, бир жылдын аралыгында өлкөдө саясий куугунтук эмес, саясий репрессия күчөп, токсонго чукул адам абийир туткуну деп жарыяланды. Анын айтымында, “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, укук коргоочулар Сапар Аргынбаев, Уран Рыскуловдун камакка алынышы, президенттик шайлоодон кийин Балыкчыда 14 адамдын кармалышы, “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун узак мөөнөткө камалып, үй камагына чыгарылышы, бир катар оппозициячыл саясатчылардын үстүнөн кылмыш ишинин козголушу буга мисал.

Бириккен элдик кыймылдын лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров болсо оппозиция президент менен жолугушууга даяр экендигин, бирок анын айткандарына, азыркы көтөрүп чыккан демилгесине ишенбестигин билдирди.

-Эми президенттин айткан сөзү бир экен, кылган иши таптакыр башка экен да. Муну билесиңер да. Эгерде реалдуу сүйлөсө азыр деле
качпайбыз. Бирок анан биз ишенбей калып, “барсак иш сурап келиптир деп айтпасын” деп, шайлоонун алдында айтпадык беле журналисттердин катышуусунда, президент өзү катышсын, жолугушуунун форматын аныктайлы деп эле келе жатпайбызбы. Кандай жолугуу болсо дагы качпайбыз деп келебиз го.


А. Бекназаров Бириккен элдик кыймылы өлкөдө болуп жаткан саясий куугунтуктарды токтотууга каршы катуу күрөш жүргүзүшөрүн, БЭКтин лидерлеринин 80 пайызына кылмыш иши козголгонун, жакында эле парламенттеги СДП фракциясынан бир депутатына Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, экинчиси сурак берип, үчүнчүсү качып жүргөнүн белгиледи.

“Бул боюнча БЭК дүйшөмбү күнү коомчулукка кайрылуу жолдоп, чечкиндүү иш чараларды байштайбыз”,-дейт Бекназаров.

XS
SM
MD
LG