Бул көрсөтүүнүн ушул жумадагы берүүсү мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо жана идеология маселесине арналды. Ага мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов жана Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак жол” фракциясынын төрагасы Улукбек Ормонов катышып, ой бөлүштү.
“Азаттык” үналгысы саясий урунттуу окуяларга арналган “Ыңгайсыз суроолор” телекөрсөтүүсүн Бишкекте “Манас жаңырыгы”, Ошто “Керемет” сыналгылары аркылуу көрсөтө баштады.