Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Парламент СДП депутатын кол тийбестиктен ажыратты


ЖК депутаты, СДП фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыров
ЖК депутаты, СДП фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыров

ЖК бүгүн СДП фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровду депутаттык кол тийбестик укугунан ажыратты. Буга Башкы прокуратуранын сунушу негиз берди.

Депутат Кадыров 23-июлда президенттик шайлоого байланыштуу чыккан Балыкчы жаңжалынын уюштуруучусу катары айыпталууда. Оппозиция парламент чечимин элдин үшүн алуу максатында жасалган саясий буюртма катары чечмелөөдө.

Социал-демократтар партиясынын парламенттеги мүчөсү Кубанычбек Кадыров Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча: шайлоого тоскоолдук кылды, милиция кызматкеринин өмүрүнө коркунуч келтирди, массалык тартипсиздикке чакырды деп шектелүүдө.

Башкы прокуратуранын кайрылуусунун негизинде бир айлык мөөнөт менен түзүлгөн убактылуу комиссия сессияда сегиз күндүк ишинин жыйынтыгын чыгарып, депутатты кол тийбестик укуктан ажыратуу керек деген тыянакка келди.

Комиссия төрагасы, коммунист-депутат Хажимурат Коркмазов чечимди негиздей турган далилдер жетиштүү экенин билдирди:

- Бул фактыны биз иликтеп чыктык. Кылмыш ишинен бардык кармалган 19 кишинин бардыгы болгон окуяны тастыкташкан. Алар эки жолу сурактан өтүшкөн.

Комиссиянын чечими парламентте 76 депутаттын колдоосуна ээ болду. Сессияга депутат Кадыров катышкан жок жана ал саламаттыгы менен байланыштырылды.
Азыр бизде 1937-жылдагы репрессия учуру эмес.Роза Отунбаева

Прокуратуранын негиздери жетиштүү иликтенгендигинен шекшинген бирин-экин депутаттын бири, СДП фракциясынын жана аталган комиссиянын мүчөсү Роза Отунбаева болду:

- Мен ушундай космостук тездикке айраң таң калдым. Бүгүн мына Кадыров прокурордун колуна салынып берип отурат. Бизде али 1937-жылкы репрессия учуру эмес. Өз кесиптешибизге объективдүү мамиле жасашыбыз керек.

Башкы прокуратуранын сунушун дээрлик жапырт колдогон “Ак жол” жана Коммунисттер фракциясынын лидерлери кол тийбестик укугун кылмыштуу аракеттерге пайдалангандарга парламентте орун жок экенин кыйытышты.
Кубанычбек Кадыров өзү тергөө органдарын көзгө илбей койду.Элмурза Сатыбалдиев

Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев болсо парламентке кайрылышына депутат Кубанычбек Кадыровдун тергөө иштерине тоскоолдук кылышы түрткү болгонун парламент чечим кабыл алгандан кийин “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып айтты:

-Мен Кылмыш иш козголордон мурда Кадыров менен сүйлөшкөм. Биз Жогорку Кеңешке сунуш бербей, Кадыровдун депутаттык кол тийбестигин албай туруп деле тергөө жүргүзө берсек болмок. Бирок ага өзү жол бербей койду. Бир да жолу келбей, тергөө органдарын көзүнө илбей койду.

Башкы прокурор ошондой эле саясий буюртма аткарып атат деген дооматты төгүндөдү.

Анткен менен СДПнын лидери Алмазбек Атамбаев башында турган бириккен оппозиция Балыкчы окуясына байланыштуу козголгон кылмыш ишин элдин үшүн алуу максатында саясий кызыкчылык менен жасалып жаткан мыйзамсыз катаал чара катары баалоодо.
Кубанычбек Кадыровду кол тийбестиктен ажыратуу аны камакка алуу максатында гана жасалды.Алмазбек Атамбаев

Партия лидери Алмаз Атамбаевдин пикиринде мыйзамсыздык ушундай жагдайга кирептер кылып жатат:

-Бул бийликтин бети жоктугун көрсөтүп атат. Кудайдан да коркпогондугун көрсөтүп атат. Билебиз, эч кандай шайлоо болгон эмес. Баладай болуп шайлоо болот деп ишенгенибизге мен дагы бир жолу өкүнүп атам.

Алмазбек Атамбаев депутат Кубанычбек Кадыровду кол тийбестиктен ажыратуу аны камакка алуу максатында гана жасалды деп эсептөөдө. Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев болсо депутаттын камалуу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок. Ошондой эле депутат менен калган айыпталуучулардын кылмыш иштери бириктирилиши да мүмкүн экендигин белгиледи. Кубанычбек Кадыров уюштурду деп саналып жаткан Балыкчы окуясы боюнча жалпысынан 19 киши айыпталууда. Бул иш боюнча соттук териштирүүнү Балыкчы шаардык соту 15-сентябрда баштаган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG