Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:16

Бүгүн дүйнө коомчулугу Тынчтык күнүн белгилөөдө. Бул күндү БУУ 1981-жылы негиздеп, зордук-зомбулукка, ок атууга каршы кызматташууга баардык мүчө мамлекеттерди үндөгөн эле.

Тынчтык үчүн кызматташтык багыттары боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна саясат таануучу Орозбек Молдалиев жооп берди.

- Орозбек мырза, БУУ бул күндү Тынчтык күнү деп жарыялаган кезде ошол 1981-жылы дүйнө тынчтык үчүн күрөштү башкача өңүттө кабылдап келатты эле. Сиздин оюңузча, азыр эми тынчтык үчүн кызматташтыктын багыттары кандай нукка өзгөрдү?

- Азыр эми кансыз согуш деген жок, ал кезде кансыз согуш өтө күчөп турган мезгил болчу. Эки держава бири-бири менен тирешип, ядролук согуш чыгып кетүү коркунучу бар болчу ал кезде. Азыр кансыз согуш бүтүп, идеологиялык каршылык токтогон менен ал согуштун коопсуздугу азайган жок. АКШнын президенти Барак Обама менен Орусия президенти Дмитрий Медведевдин быйыл июлдагы жолугушуусунан кийин азыр ракетага каршы коргонуу келишимин кайра карайлы деген чечимге келип атышат. Ушунун өзү эле дүйнө канчалык коопту экендигин билдирет. Экинчи жагынан дагы бир өзгөчөлүгү азыркы коопсуздуктун белгилери өзгөрүп кетти. Азыр мамлекеттерге каршы турган күчтөрдүн контуру билинбей калды. Мисалы Ооганстанды алсак Талибан жана Аль-Каидалар бар экендиги белгилүү, бирок буларды сезиш кыйын да классикалык түшүнүктөн алганда. Булар мамлекет эмес, булар өзүнчө бир каршы потенциалы бар күчтөр. Ошон үчүн муну согуш деп айтышка дагы кыйын да мындай түшүнбөстүктөрдү. Мындай жыйынтыктап айтканда, азыр согуштун баасы дагы, тынчтыкты орнотуунун баасы дагы мурдагыдан өтө кымбаттап кетти да.

- Ошол эле ачык согуштар азайганы менен өзүңүз айткандай жанагы тынчтыкка кооптуулук алып келген жагдайлар айрыкча Фергана өрөөнүндө да басымдуулук кылат. Ооганстан маселеси деп дүйнө жүзү айтып келе жатат. Ушул өңүттөн алганда Кыргызстанда тынчтык саясаты боюнча кызматташтыкты кандай баалайт элеңиз?

- Бизде эми бул жаңы коркунучтарды толук кабыл алып, сезип атабыз деп айткандан алысмын. Улуттук элита деле муну жакшы түшүнө албаган учурлар кездешип калат. Мисал үчүн бизге армиянын кереги жок, баланча кызматтарды жоюп жибериш керек деген чакырыктар болуп калып жүрөт. Мына Баткендеги согушка 10 жыл болду ошол боюнча дагы кеңири талкуулар болгон жок тилекке каршы. Бул согуштун себептери жөнүндө ар кандай версиялар айтылып жүрөт да. Бул Эл аралык терроризмдин кол салуусу экендигин түшүнбөгөн күч структураларынын жетекчилери дагы бар, башкаларды айтпай эле коёлук. Анан ошол үчүн бул маселелерди кеңири түшүнүп, алдын алалы деген чаралардын анча жетишсиз болуп жаткандыгынын себеби дагы ошондо.

- Демек кыргыз бийлиги бул өңүттө аркеттенүүгө муктаждык бар деп айтсак болот экен да?

- Ооба, абдан чоң муктаждыктар бар. Бул жерде терроризмге каршы күрөшө турган структураларды бекемдешибиз керек, ошол багытта күч аракеттерди күчөтүш керек болуп атпайбы. Бир террористик акциялар чыкканда ошол ойго келе калат да, басылып калганда унутулуп калып жатпайбы. Ооганстандагы акыбал өтө кооптуу экендигин биз жакшы түшүнө албай жүрөбүз да ушул жагын алганда.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG