Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

ЖКнын мурдагы депутаты Ташболот Балтабаев мамлекеттик тил боюнча мыйзам аткарылган жок, ал үчүн жогорку бийликтен саясий эрк керек деп эсептейт.

- Ташболот мырза, мына мамлекеттик тилдин 20 жылдыгы белгиленүүдө. Ушул мыйзам кабыл алынгандан берки 20 жыл аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүү кандай жолго коюлууда?

- Мамлекеттик тил деген мамлекеттүүлүктүн кыр аркасы десек болот да. Өзүнчө көз каранды эмес мамлекет болгондон кийин, мамлкете чоңбу, кичинекейби, экономикасы күчтүү же күчсүздүгүнө карабай мамлекеттик тил негизги катнашуунун куралы катарында күчүнө кириш керек эле 20 жыл эмес жок дегенде бир 10 жылдын ичинде. Биз бүгүн кыргыз тили мамлекеттик баардык иш алып баруу маселесинде активдүү ролду ойноп атат дей албайбыз. Себеби бизде көбүнчө башка улуттагылар кыргыз тили активдүү киргенин каалабаганын ачык эле айтып жүрүшөт. Биздин мамлекет башчылары ар түрдүү саясий акцияларда ошол 35 % кыргыз эмес улутундагы элдердин кызыкчылыгын, ошолордун көңүлүн алуу үчүн кыргыз тилин басып келатышат. Кыргыз тилин чыныгы мамлекеттик тил катарында ишке киргизүүгө мыйзам бар, мыйзамды аткаруу жок. Ошол себептен азыр кыргыз тили өз мекенинде экинчи формалдуу тил катарында кызмат кылып жатканы өкүнүчтүү.

- Сиздин оюңузча, министрликтер, мамлекеттик мекемелер кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошуп жатабы же өксүктөр көп болуп атабы?

- Мурунку көнүп калган орус тилинен кетүү алар үчүн кичине түйшүктү талап кылат да. Ошондуктан эгер бүгүн кыргыз бийлиги тарабынан талап болбосо алар ишти ушул орус тилинде жүргүзө берүүнү улантканга ыктап тура беришет. Буга саясий чечим, саясий эрк болуш керек, а саясий эрк - бул ак үйдөн.

- Ал эми кыргыз тилиндеги окуу китептери жетишпейт деген көз караштарга кандай пикир айтасыз?

- Ооба, жетишпейт. Жетишиш үчүн ага каражат, мамлекет тарабынан колдоо керек. Мамлекеттик тилге карата, мисалы пенсияны көтөрбөгөнгө болбогондой эле тилди колдобогонго болбойт деген эрк болуш керек. Мисалы бүгүн пенсияны көтөрбөй койсо, айлыкты көтөрбөй койсо бүгүнкү бийликти эл колдобой коёт эле да. Ошондой эле биринчи кыргыз улутунун аң сезими пайда болуш керек деп эсептейм. Андай талап кылбаса, элдин сүрүнөн бүгүнкү бийлик коркпосо кыргыз тили өнүкпөйт. Бүгүн кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча саясат жок, ошол себептен өнүкпөй келатат.

- Ташболот мырза, президент 23-сентябрды мамлекеттик тил күнү катары белгилөө боюнча жарлыка кол койду. Ошондой эле кыргыз тилиндеги орфографиялык сөздүктү чыгаруу боюнча 800 000 сом которуу боюнча билдирген экен, келечекте кыргыз тили өнүгүп кетет деп айтууга болобу?

- Бүгүнкү шартта айтууга болбойт, себеби бүгүнкү мына өзүң айтып аткан министрликтердин, мамлекеттик жана жеке мекемелердин жетекчилери ак үйдөн ишарат алган жок кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча. Мына буга казак президенти Назарбаевди мисал келтирсек болот, союздун убагында орусташып кеткен казактар бүгүн казак тилин жеткиликтүү деңгээлде көтөрүп атышат. Сыймыктанып атат ошол тилде баары сүйлөй баштаганга, казак тили бат өнүгүп баратканы сезилип атат. А, кыргыз тилинен биз андайды сезген жокпуз. Ошондуктан ак үйдөн ишарат болуш керек, ушуну мен баса айткым келет. Бирок азыр андай ишарат жок.

- Рахмат маегиңизге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG