Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:14

СДП фракциясы менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу эмне үчүн болбой калганын билүү үчүн президенттин ЖКдагы өкүлү Досалы Эсеналиевди сөзгө тарттык.


- Досалы мырза, бүгүнкүгө белгиленген жолугушуу эмне үчүн болбой калды?

Досалы Эсеналиев

- Жолугушууну бүгүн саат үчтө, Өкмөт үйүнүн үчүнчү кабатындагы залда өткөрүү белгиленген эле. Бул тууралуу мен кечээ азыр СДП фракциясынын башчысынын милдетин аткарып жаткан Иса Өмүркуловго жана фракциядагы депутаттарга расмий түрдө кат аркылуу кайрылгам. Мындай жолугушууну уюштуруу себептери тууралуу айтсак, бир канча мурда, тактап айтканда 19-сентябрда бизге фракциянын атынан кат түшүп, анда депутат Роза Отунбаеваны президент Курманбек Бакиев кабыл алса деген өтүнүч болгон эле.

Мен ошол каттын негизинде 23-сентябрда Иса Өмүркулов менен жолугушуп, эки сааттай сүйлөшкөнбүз. Анда президент менен болчу жолугушууда кандай маселелер козголоору тууралуу сөз кылганбыз. Иса Өмүркулов мындай жолугушуу болсо фракция менен да болуп, кеңири комплекстүү маселелер талкууланса жана андай жоолугушууларды уюштуруу үчүн администрация тарабынан атайын бир байланышуучу тараптар дайындалса деген каалоосун айткан болчу. Ошол сураныч менен биз бул ишти жүргүзүп, жолугушууну уюштурууга башкы прокурор экөөбүз жооптуу болуп дайындалганбыз. Ошонун негизинде бул жолугушуу бүгүн, 30-сентябрга белгиленген болчу. Тилеке каршы, белгисиз себептерден улам СДП фракциясы баш тартып, бул жолугушуу болбой калды.

- Келбей калуу себеби жөнүндө азырынча эч кандай маалымат бере элек Социал демократтар фракциясы

- Жок мен интернеттен ар түрдү коментарийлерди айтышты ал жөнүндө. Биз мындай жолугушууну сураган эмеспиз деп. Бирок мен айтышым керек мындай жолугушуу болушу жөнүндө биз Иса Шейшенкулович экөөбүз алардын суранычы менен бир жума мурун сүйлөшкөн болчубуз. Ошол иштин жыйынтыгында бүгүнкү жолугушуу болмок.

- Фракция кайсы маселени талкуулоону сунуш кылды эле?

- Биринчи депутат Роза Отунбаеваны депутат Кадыровдун айланасындагы маселени талкуулоо боюнча кабыл алуусун суранган. Буга чейикни жолугушууда саясий дагы, экономикалык дагы маселелердин айланасында, шайлоо бүттү, “Той да болду, тойдун эртеси да болду” дегендей, эми мындан ары кандай багыттарда кызматташтык болушу мүмкүн деген маселелердин айланасында сүйлөшүүгө жетишкен болчубуз да.

- Бүгүнкү болбой калган сүйлөшүү кийинки сүйлөшүүлөргө тоскоол болбойбу, мындан ары да сүйлөшүү жүрөбү?

- Коомчулук жакшы билет, президент Курманбек Бакиев өзү өткөндө жарыялаган жаңы курсунда: “Кандай проблема болбосун, кандай маселелер болбосун дайым диалог жана талкуу болуш керек, бирок ал мыйзам чегинде ачык болуп туруш керек”, - деп айткан. Буга чейин деле бийлик тарабынан мындай талкууга, ачык диалогго барууга мүмкүн экендиги айтылып жүргөн, ал үчүн бир канча жоолугушуулар да болгон. Бул деле ошого окшогон этаптуу бир жолугушуулардын бири болуш керек болчу жана келечекте мындай жолугушуулар, диалогдор болуш керек деп да айтабыз. Президент тарабынан да дайым ушундай талап коюлуп жүрөт.

- Азыр Америкада жүргөн СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов интернет аркылуу жөнөткөн билдирүүлөрүндө азыркы бийликти тааныбай тургандыгын билдирип, бийликтин куугунтугунан улам кеттим дегендей айтып атат. Ушул маселелердин айланасында бийлик тараптан оппозициянын дарегине кандайдыр бир сунуш же каалоолор болушу мүмкүнбү?

- Жок, мындай сунуш болушу деле мүмкүн эмес. Себеп дегенде бул Бакыт Бешимовдун билдирүүсү - бул жаран Бакыт Бешимовдун билдирүүсү. Мисал үчүн прессада, оппозициялык гезиттерде шайлоодо болгон кемчиликтер боюнча, көптөгөн уюштуруу иштери боюнча, оппозициянын өзүндө Бешимовдун дарегине көптөгөн сындар болгон. Менимче, алар бул ич ара пикир келишпестиктен улам ушундай талкуу чыгарып, мындан да саясат кылып жатат. Азыр эми андай-мындай деп, актоо түрүндө ушундай өздөрүнүн позицияларын билдирүү - бул өздөрүнүн ичиндеги пикир келишпестиктер болуш керек.

- Маегиңизге рахмат.

P.S. Социал-демократтар фракциясынын башчысынын милдетин аткарып жаткан Иса Өмүркулов болсо “Азаттыкка” берген маегинде мындай жолугушуу туурасында сүйлөшүүлөр болгонун тастыктады. Анын айтымында, бирок сүйлөшүү президент менен жолугушуу туурасында болгон. Ошентип бүгүнкү жолугушууда президенттин өзү эмес, өкүлдөрү болоору белгилүү болгондон кийин Социал-демократтар фракциясы жолугушуудан баш тарткан.

Иса Өмүркулов ошондой эле ал сүйлөшүүдөн кийин депутат Роза Отунбаева өзү президент Курманбек Бакиев менен жолугушуп калып, президент анда Роза Отунбаеваны дүйшөмбү күнү кабыл алаарын айтканын, азыр ошол жолугушууну күтүр жатышканын кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG