Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Руслан Шаботоевдики делген сөөк бир айда аныкталат


ЖК депутаты Руслан Шаботоев "Азаттыктын" кабарчысы Акан Имановдун суроолоруна жооп берүүдө. октябрь, 2008-жыл.
ЖК депутаты Руслан Шаботоев "Азаттыктын" кабарчысы Акан Имановдун суроолоруна жооп берүүдө. октябрь, 2008-жыл.

ИИМ өкүлдөрү Р. Шаботоевдики болушу мүмкүн деп табылган сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы бир ай ичинде чыгарын билдиришти.

Бүгүн уюштурулган маалымат жыйынында ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгынын башчысы Кубатбек Норузбаевдин билдиргенине караганда, кечээ табылган сөөк ЖК депутаты Руслан Шаботоевге таандык болушу ыктымал деген божомол анын кийими менен саатына негизделүүдө. Тергөөчү сөөктө табылган сааттын маркасы менен туугандары берген сааттын паспорту төп келип жатат деп билдирди. Сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы бир ай ичинде чыгары айтылды.

ИИМ кызматкерлери депутаттын өлүмүн коммерциялык-каржылык алакалар менен байланыштырууда.
ЖК депутаты Р. Шаботоевдуку делген сөөк кечээ Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылына жакын жерден табылган болчу.

Руслан Шаботоев 2007-жылы болгон парламенттик шайлоодо социал-демократтар партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болуп шайланган. Ал мындан туптуура бир жыл мурда, 30-сентябрда дайынсыз кеткен бойдон табылбай жаткан.

Бир жылдан бери дайын-дареги жок кеткен Руслан Шаботоевдун изделиши өтө солгун деп СДП лидерлери нааразы болуп, эгерде укук коргоо органдары чындап издөөгө киришпесе, анда саясий чечкиндүү кадамдарга барарын эскертишкен.

Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, тартип, соттук-укуктук реформа комитети депутат Руслан Шаботоевду издөөнүн жагдайы менен жабык эшик артында таанышып, издөө-иликтөө аракеттерин күчөтүү тууралуу укук коргоо органдарына тапшырма берген токтом кабыл алган.

Руслан Шаботоев эл алдында сүйлөгөн сөздөрүндө, маалымат каражаттарына берген интервьюларында азыркы бийликти мурдагы президент Акаевдин үй бүлөлүк саясатын улантып жатат деп сындап келген.“Азаттыктагы” соңку маегинде ал бийлик башындагылар үй-бүлөлүк саясаттан баш тартпаса, оппозициядагы биринчи саясатчы болорун баса белгилеген болчу.

ЖК депутаты Руслан Шаботоев март ыңкылабына активдүү катышкандардын бири катары да белгилүү эле. 24-мартта Ак үй алынганда талап-тоноодон коргоо үчүн социал-демократтар партиясынын мүчөсү катары ал комендант болуп шайланып, жүздөй курал-жаракты жана ири өлчөмдөгү акчаны сактап, азыркы бийликтин өкүлдөрүнө өткөрүп берген.

Бүгүн Коммунисттер фракциясынын мүчөсү Анаш Сейитказиев депутат Руслан Шаботоевдин дарексиз жоголушуна байланышкан маселе боюнча күч кызмат жетекчилеринин маалыматын угууну парламентке сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG