Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

Белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шерниязов ИИМдин коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан суракка алынды.


- Болот мырза, сизди укук коргоо органдары тинтүүгө алды деген маалымат чыкты, мунун чын-төгүнүн өзүңүздөн уксак?


- Ооба, мурда күнү ИИМдин коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери менин үйүмө келип кеткен. Мен “Көк-Бөрү” федерациясынан акча “жеп” койгон экемин, аларды ошол кызыктырат экен.

- Бул текшерүү укук коргоо органдарынын катардагы текшерүүсүбү, же саясий ишмердүүлүгүңүзгө байланыштуубу?

- “Көк-Бөрү” федерациясын Кыргызстанда түзгөн адам менмин, мен анын биринчи президентимин. Бул коомдук уюм. Анан коомдук уюм менен бүгүнкү бийликтин кандай иши бар, мен түшүнбөй койдум. Азыр бүгүнкү бийлик өзү ээлеген бийликти кандайдыр бир жеке фирма катары көрүп алып, өзүнүн кызыкчылыгын гана колдонуп атканы сезилип турат. Бул жерде мага келип сурашты, бүт документтер турат. Мен 2003-жылы өткөрүп бергем республикалык федерацияны, мага эмнеге келет бул боюнча, мунун артында эмне турганы мага түшүнүксүз.

- Бул жерде каржы маселесин иликтөө турабы, же кандайдыр бир саясий ыкмалар колдонулуп атабы?

- Менин айтаарым, “Көк-Бөрү” федерациясы бул ичип-жей турган уюм эмес, бул өзүң иштей турган коомдук уюм. Бул жерде каржы маселеси эмес, башка нерсенин кулагы чыгып турганы сезилип эле турат да.

- “Көк-Бөрү” улуттук оюндардын мыктысы, бул жерде жөндөмү мыкты, билеги балбандар жеңишке жетет эмеспи. Муну саясатка аралаштыруунун кажети канчалык?

- “Көк-Бөрү” федерациясын түзгөндө биздин негизги максатыбыз - бул оюнду кыргыздыкы кылып алып калып, кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгү катары даңазалоо болчу. Муну саясат менен аралаштырганга эч кандай негиз жок. Бирок бүгүнкү күндө “Көк-Бөрү” федерациясынын, сиз айткан спортчулардын карууна, билегине, күчүнө муктаж болгон адамдар чыгып атабы деп ойлоп атам.

- Болот мырза, эгерде ушул “Көк-Бөрү” аркылуу сизге кандайдыр бир кысымдар болсо, сиз дагы бөлөк чет мамлекетке кетип калбайсызбы?

Менин мекеним - Кыргызстан, бул жерде менин ата-бабамдын, атамдын сөөгү жатат, мен эч жака кетпейм, мен ушул жерде болом.

- Маегиңизге рахмат.

P.S. Бул маселе боюнча Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовго кайрылганыбызда, ал “Аккула” ат майданы боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатканын, ал эми Болот Шерниязовго байланыштуу маселени дүйшөмбү күнү тактап, “Азаттыкка” билдирерин айтты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG