Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:17

Президент башкаруу системасын реформалоо пландарын жарыялашына байланыштуу "Азаттыктын" таңкы түз обосунда мурдагы премьер-министр А. Муралиевди сөзгө тарттык.

- Амангелди мырза, сиздин оюңузча Кыргызстанда башкаруу системасына кандай реформа керек. Дегеле ал реформага муктажбы?

- Негизинен учурда президенттин мындай кадамын эң зарыл деп эсептейм. Себеби акыркы 20 жылда биздин башкаруу система өзгөрүлгөн жок негизинен, баягы эле коммунисттик доордун башкаруу системасы калган. Менимче, азыр бизде жарандык коомдо жаңы сезим түзүлдү. Жаңы сезимдин пайдубалы бул - менчик. Ошон үчүн коомдо көз караштар өзгөрүлүп, башкаруу системасы болсо илгеркидей эле тоталитардык системага окшоп калды. Ошон үчүн азыр реформа керек.

- Президент Курманбек Бакиевдин башкаруу системасын реформалоо боюнча программасынан эмнелерди күтсө болот. Кескин өзгөрүү болооруна ишенесизби?

- Биринчиден, базар экономикасында жарандардын эркиндик деңгээли өсүш керек. Ошого карата бир топ бюрократиялык башкаруу өзгөрүш керек. Азыр болсо бюрократия басымдык кылып атат. Ошонун кесепетинен коррупция да көбөйүп атат. Негизинен бир топ башкаруу органдарынын функцияларын кайра карап, аны жөнөкөйлөп, жаңы мыйзамдарга ылайыкташ керек.

- Ушундай өзгөрүү болооруна ишенесизби?

- Президентибиз экинчи жолу шайланды. Биринчи беш жылдыкта элдин үмүтү абдан зор болгон. Турумуш өзгөрүлөт, жарандык коом өсөт деген ой менен жашадык да. Азыр болсо президент реформага барам дегени дагы үмүт туудуруп атат. Бул мөөнөт Курманбек Бакиевдин тарыхта кала турган мөөнөтү болуп атат. Ошон үчүн менимче, президент жакшы кадамдарга барат го...

- Президент 1-сентябрда парламенттеги кайрылуусунда Президенттик кеңешме жана Жогорку курултай түзүлөрүн айткан. Мындай институттарды түзүү канчалык натыйжалуу? Айталы андан мурдараак эле Коомдук палата түзүлбөду беле...

- Чынын айтканда, азыр бир абдан курч маселе турат. Жарандык коомдун деңгээли өсүш керек. Биз демократиянын пайдубалын курушубуз керек. Жанагыдай институттар ар кайсы мамлекеттерде бар. Бирок негизги ролу кандай болот, ошого бир топ ойлор болуп атат, иштейт, же иштебейт деген. Негизинен андай институттар керек, жарандык коом менен тыгыз байланышта иштейм десе президент ошол институтту иштетиш керек.

- Бирок айрым серепчилер бул палата башкруу системасына таптакыр таасир эте албаган чабал институт экенин айтып келишет...

- Коомдук палата бул аракет болгон, бирок анын иши үзүрлүү болгон жок, коомдук палата өзүн көрсөтө алган жок. Ошон үчүн жаңы формалар керек. Менимче, курултай деген форма абдан жакшы форма. Ошол курултай мүчөлөрүн жер-жерлерден шайлап, ага бир топ кадыр-барктуу инсандар кириш керек. Эгер ал жогортон буйрук менен дайындалса, анда мындай курултай да иштебейт.

- Рахмат маегиңизге.

Тасмада: Бийликти реформалоодон майнап чыгабы?

Президент Курманбек Бакиев башкаруу системасы кандай реформаланарын жарыялашына байланыштуу Бишкектен көчө маек уюштурдук. 20-октябрь, 2009-ж. MiT. ZMa.

XS
SM
MD
LG