Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:50

К. Абдымен: Президенттик бийлик бир топ күчөдү


Башкаруу системасын реформалоого жана өлкөнүн саясий турмушундагы соңку окуяларга байланыштуу саясий серепчи Кубан Абдымен “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Кубан мырза, мына башкаруу системасын реформалоо программасы жарыяланды. Бир катар серепчилер, оппозиция өкүлдөрү президент бул план менен өзүнүн бийлигин кыйла чыңдап алды деп айтып атышат. Бул айтылгандардын канчалык жүйөөсү бар?

- Бул айтылгандардын жүйөөсү бир топ. Акыркы өзгөрүүлөрдүн негизинде чындап эле президенттик бийлик бир топ күчөгөндүгү байкалып атат. Өкмөттүн буга чейин иштеп келгендеги бийлик укуктары кыскарганы, азыркы өкмөттүн структурасынын белгилеген сунуштарда көрүнүп эле калды. Муну менен президент чындап эле өзүнүн бийлигин бекемдеп, ошол эле мезгилде жоопкерчиликтерин өзүнө ала тургандай кадам жасагандагысы байкалып атат. Эгерде ошондой болсо анда жаңы башкаруу системасынын иштеши, өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөтөт дегендей ишенич бар экени байкалып атат.

- Кечээ Данияр Үсөнов премьер-министрликке бекиди. Кандай ойлойсуз, эмне себептен бийлик ушул адамдын талапкерлигине токтолду?

- Бул албетте бир гана президенттин өзүнүн ойлоп сунуш кылганы деп айтыш азыркы түзүлгөн кырдаалга карата туура эмес. Мунун артында албетте бийликте турган “Ак жол” партиясынын да чечими, салымы бар экени көрүнүүдө. Эгерде өкмөт башчылыгына келген Данияр Үсөнов ушул эки бийлик бутагынын ишеничин актай тургандай иш алып барса, анда Кыргызстандын экономикасына бир топ салым кошот дегендей ишеничти айтсак болот. Бирок эгерде андай болбой калса, албетте Данияр Үсөновдун арты менен азыркы президенттин дагы, аны менен кошо “Ак жол” партиясы, анын артында турган парламент дагы бир топ кыйынчылыктарга учурайт. Анын артында кандай дагы кошумча чечимдер кабыл ала турганын турмуш көрсөтөөр, аны кийин байкайбыз да.

- Өкмөт түзүмүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу эмне деп айта аласыз?

- Фракциялардагы сын-пикирлерге караганда, мисалы, Социал-демократиялык партиясынын өкүлдөрүнүн сунушу боюнча бир топ колдоолор айтылганы менен кээ бир министрликтер жоюлуп, кыскарып, же статусу өзгөргөндөгүндө сын пикирлер айтылды. Биринчи иретте менин билишимче, маалымат жана маданият министрлиги агенттиктин деңгээлине түшүп кетип, анын ичинен маалымат чөйрөсундө иштей турган иштер кошулбай калганы айтылууда. Бирок Социал-демократтар дагы, андан башка фракциялардын кээ бир мүчөлөрү бул жаатта дагы бир топ иштөөлөр зарыл экенин айтышып, ушуга чейин чоң мааниге ээ болуп келаткан маданият менен маалымат чөйрөсүндөгү иштерди координациалай турган органдын керек экенин айтышты.

Мындан сырткары азыр экономикалык жактан эң эле чоң мааниге ээ болгон фонддун иши азыркы министрликтер менен алмашып кеткени айтылып атат. Ошого жараша бүгүн парламентте бир топ талкуллор жүрүп, анын жүрүшү да кызыктуу болуп, сунуштар айтылган соң, жаны премьер министр өзгөртүүлөрдү киргизет деген ойдомун.

- Президент буга чейин өлкөдөгү ар кандай күчтөр баарлашууга, сүйлөшүүгө бараарын айтып келген. Ушул ирет мүмкүнчүлүктү пайдаланып оппозиция лидерлерин тартышы мүмкүнбү өкмөткө?

- Мен азыр оппозициялык маанайдагы саясатчылардын көрүнүктүүлөрүн бийликке тартат деген ойдон алысмын. Бирок арасынан тандап, ушуга чейин жең ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн кээ бир саясатчылар макулдугун берсе, алар иштей тургандай мүмкүнчүлүк түзүлө турганы көрүнүп эле турат. Бирок кимиси келет, кайсы кызматтарга дайындалат анысын айтыш кыйын азыр.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG