Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Ө. Текебаев: Президент Конституцияга каршы иш жасады


“Ата Мекен” партиясынын төрагасы өлкө башчысы “Ак жол” партиясынын саясий бюросунун жыйналышын өткөрүү менен баш мыйзамды сыйлабастыгын көрсөттү деп эсептейт.

- Өмүрбек мырза, өкмөттүн жаңы түзүмү кандай өзгөрүүлөргө алып келет деп ойлойсуз?

- Эң негизгиси алдыга коюлган стратегиялык максат, ага жетүүнүн план программасы, андан дагы маанилүүсү бул ак ниет, ошол максатка жетсем, ошол элге керек деп чын дилден ишеним болуш керек. Менин оюмча, өкмөттө мына ушул ишеним, ак ниеттүүлүк жок. Ошондуктан мен бул реформаны элдин көзүнө чаң салуу катары гана кабылдайм. Мына ушунун шылтоосу менен Кыргызстандын табигый байлыктарын, Кыргызстандын экономикасын бөлүштүрүп алуунун амалы катары көрөм.

- Ушул реформада президенттин бийлиги ого бетер күчөтүлүп, өкмөт андан бетер алсызданды дегенге кошуласызбы?

- Президент кайталоону жоготом дегени менен кайталоону ого бетер күчөттү. Өкмөттүн алдынан стратегиялык-экономикалык пландаштырууну, бюджеттик пландаштырууну, инновациялык жана инвестициялык саясатты президент өз алдына алып кетип, параллелдүү, эки өкмөт түздү. Бирок президенттин алдындагы өкмөт мыйзамда жазылбаганы менен үстөмдүк кылбагандыктан, кадимки өкмөт тил уккан, Данияр жетектеген өкмөт бул кол бала болуп калды.

Өкмөттөн жанагыдай функцияларды алып кетүү менен бирге президент өзүнүн “Ак жолу” үстөмдүк кылган парламенттке дагы ишеним көрсөтпөй жатат. Мамлекеттик түзүлүштүн эң жөнөкөй аксиомасы өкмөт парламентке, демек элге көз каранды болуш керек. Анын экономикалык жана башка саясаттарын элдин атынан парламент бекитип, отчетун алып туруш керек деген жообу. Бүгүн президент көп саясатты, ошонун ичинде атайын кызматтарды, тышкы иштер министрлигин, бир нече кызмат, ошонун ичинде финансалык полиция жана башка кызматтардын баарын өкмөттүн структурасынан чыгарып кетти. Бул деген сөз ал тармактарга элдик, парламенттик көзөмөл болбойт дегенди билдирет.

- Ошол мамлекеттик тышкы иштер министрлиги статусу боюнча өкмөттөн жогору деп Данияр Үсөнов айтты. Бул жерде баардык тышкы иштер ошол аркылуу жүргүзүлүш керек дейт. Өкмөт өзү мындай шартта укугу дагы, мүмкүнчүлүгү дагы жоктой болуп калат. Бул абалга кандай комментарий бересиз?

- Бул дагы биздин темага туура келбеген жаңы ойлоп табуу. Эгерде президент өзүнүн кээ бир функцияларын мамлекеттик министрге берем десе, мурунку мамлекеттик катчыны жойбостон эле, анын атын мамлекеттик министр деп өзгөртпөстөн эле, өзүнүн указы менен мамлекеттик катчыга өзүнүн укуктарынын бир бөлүгүн берип сырткы саясаттарды жүргүзсө болмок. Бирок тышкы саясатты жүргүзүүнү өкмөттөн алып кетүү деген, бул парламенттин, элдин көзөмөлүнөн алып кетүү дегенди билдирет. Коопсуздук кызматын бүткүл дүйнө эл алдында, парламентте көзөмөлдө болсун деп аракеттенип келсе, тескерисинче бизде УККны президенттин алдына түздөн түз алып кетип калды. Ошентип бизде көмүскө башкаруу системасы өнүгүп атат. Президент өзүнүн иш аракетин камсыз кылган бир администрациянын ордуна үч структура түзүп койду. Алар кимиси кимисине баш ийери, ийбеси да белгисиз. Бул жанагы инновациялык инвестициялык агенттик, секретариат жана аппарат.

- Жеке сиз Данияр Үсөновдун премьерликке келишин кандай баалайсыз. Бул саясатчынын кесиптик деңгээли кандай деп ойлойсуз?

- Мурда күнү кечинде Курманбек Бакиев өкмөт үйүндө “Ак жол” партиясынын саясий бюросунун жыйналышын өткөрдү. Бул Конституцияга каршы келген иш аракет. Конституциянын 45-беренсинде президент эч кандай партияга жана башка саясий уюмдарга мүчө боло албайт, алардын иш аракетине катышалбайт деген. Муну июль айында биздин Конституциялык Сот дагы так ушундай болот деп бекемдеген. Ошондо “Ак жол” партиясынын өкүлү Курманбек Бакиев мыйзамды сыйлайт, ал партиядан эбак эле чыгып кеткен, биздин ишке аралашпайт деп ант берген Конституциялык Сотто. Кечээ президент Конституциялык Соттун чечимин, конституциялык жобону дагы сыйлабастыгын эл алдында көрсөтүп, саясий бюрону өзү алып барды. Бул Конституцияны сыйлабагандык деп эсептейм.

Экинчиси, ошол жыйналышта премьер-министрлик кызматка Данияр Үсөновдун талапкерлигин жылдырды. Бул элдин пикирин сыйлабастык деп билдирем. Анткени коомчулукта Данияр Үсөнов жөнүндө өтө негативдүү ой-пикирлер жаралган. Мына ушул эки чоң тоотпостугу менен президент реформаны жасоого ак ниети жок экендигин көрсөттү. Ошондуктан мен ойлойм, бул реформанын максаты - мамлекеттин башкаруу системасынын эффективдүүлүгүн, мамлекеттик кызматтын сапатын көтөрүү эмес, Кыргызстандын байлыгын бөлүштүрүп алуунун чапчаң жолдорун издөө.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG