Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Транзиттик борбордон эки өлкө аскерлери чыгып кетти


АКШнын транзиттик борборунда жайгашып турган Испания менен Франциянын аскер күчтөрү Кыргызстандан чыгып кетти. Кыргыз тарап анын себеп-жайын расмий ачыктай элек.

Испания менен Франция өзүнүн аскерий күчтөрүн Кыргызстанга АКШ башында турган антитеррордук күчтөрдүн курамындагы 11 өлкөнүн катарында жайгаштырган болчу. Ооганстанда коопсуздукту сактоонун бул жолу 2001-жылкы АКШга жасалган террордук чабуулдардан кийин тандалып алынып, дүйнө коомчулугунун колдоосуна татыган.

База үчүн ижара акы жетиштүү төлөнбөй жатат деген расмий Кыргызстан март ыңкылабынан кийин антитеррордук күчтөрдүн аскерий базасын чыгаруу демилгесин көтөрүп чыгып, эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин база транзиттик жүк ташуучу борбору болуп кайра түзүлгөн жана АКШ менен Кыргызстан ортосундагы макулдашуу парламентте июнь айында ратификацияланган болчу. Андан айырмаланып бул эки өлкөнүн аскерий күчтөрү менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну парламент ратификациялай элек. Мурдагы түзүлгөн келишим боюнча бул эки өлкө менен макулдашуу мөөнөтү 13-октябрда аяктаган.

Жаңы келишимди ишке киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр создугушу Испания, Франция аскерий күчтөрүнүн Кыргызстандан чыгып кетишин шарттаган. Ушу тапта парламент келишимдерди караган-карабагандыгы тууралуу так маалымат жок. Маселен, Жогорку Кеңештин Эл аралык байланыш комитетинин төрагасы, депутат Эрик Арсалиевдин билдиргенине караганда үч өлкө ортосундагы эки тараптуу макулдашуулар комитеттин кароосунан өткөндүгүн “Азаттыкка” билдирди:

- Ратификацияны биз караганбыз. Палатадан да өттү. Бирок акчы төлөбөйбүз дегенине биз каршы болдук. “Манас” аэропортун акысыз пайдаланабыз деген туура эмес да.

Ошол эле мезгилде СДП фракциясынын төрага орун басары Иса Өмүркуловдун билдиргенине караганда, келишим эл аралык комитеттин кароосунан өтпөй калып, ТИМге кайтарылган. Депутаттын болжолунда, буга чындыгында эле ижара акысына байланышкан пикир келишпестиктер түрткү болууда. ТИМ болсо бул маселе боюнча кандайдыр бир комментарий берүүнү каалаган жери жок.

“Манас” аэропорту акционердик коомунун жетекчиси Бакыт Сыдыков буга чейин аэропорттун кызматы үчүн аталган эки өлкө тиешелүү акысын төлөп келгенин белгилеп, жаңы келишим тууралуу маалыматы жогун билдирди.

Франциянын Борбор Азиядагы аскерий атташесинин орун басары, Кыргызстандагы аскерий атташеси, майор Эдуард Рушe да “Азаттыкка” берген интервьюсунда экономикалык маселе боюнча комментарий берүүнү каалаган жок. Рушeнин айтымында, Кыргызстан биринчи кезекте экономикалык кызыкчылыкка караганда коопсуздукка көбүрөөк маани берерине ишеним артып, антитеррордук аракеттерге өз салымын кошууга даяр экендигин билдирди:


- Биз экономикалык гана көз карашты карманбастан, андан да кененирээк карообуз керек. Аскердик жактан алып караганда - эффективдүүлүк. Маселен, "Манас" аба базасында биз америкалык аскердик күчтөрдөн эбегейсиз колдоо алып турдук. Бул бизге абдан пайдалуу болду. Мындай кененирээк көз карашта карасак, бул чөлкөмдөгү коопсуздуктун же коркунучтун залакасын акча менен өлчөө кыйын. Ал миллион эмес миллиард деп саналышы мүмкүн. Ошондуктан, бул жерде акчадан да баалуу стратегиялык нерселер жатат.

Испания менен Франция аскерий күчтөрүнүн Кыргызстан аймагынан чыгып кетишинен Ооганстандагы жагдайды турукташтырууга, терроризмге каршы эл аралык күрөшкө олуттуу таасири тийбейт. Мындай пикирин жергиликтүү талдоочу Токтогул Какчекеев билдирди. Талдоочунун пикиринде, АКШ сыяктуу эле Евробиримдик да жеке эле антитеррордук күрөшкө салым кошуу эмес. Борбор Азияда таасирин күчөтүү менен алек. Бул өңүттө Кыргызстан да өз пайдасын табууга укуктуу дейт талдоочу.


Эл аралык маалымат каражаттарынын жазгандарына караганда, Кыргызстандан чыгып кеткен Испания менен Франциянын аскерий курамы учурда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында жайгашып турат. Аскерий курамда эки учак, 90го жакын аскер кызматкерлери бар экендиги айтылууда. Айрым маалыматтарда Кыргызстан менен сүйлөшүүлөр оңунан чыкса эки өлкөнүн аскерий курамы Кыргызстанга кайтып келиши ыктымал.

Франциянын аскерий атташесинин орун басарынын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, анын катарында Франциянын бир аскерий учагы, отуз чамалаш аскер кызматкерлери бар. Эдуард Рушенин айтымында, Борбор Азиянын бейпилдигин камсыздоочу күчтөр көмөк көрсөтүүгө кызыкдар. "Айрыкча, бул Кыргызстандын улуттук коопсуздугун сактоодогу негизги максаттардын бири деп ойлойм", - деди Руше.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG