Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Конституцияга өзгөртүү кирсе парламент таратылабы?


ЖКдагы "Ак жол" фракциясынын депутаты Зайнидин Курманов
ЖКдагы "Ак жол" фракциясынын депутаты Зайнидин Курманов

Башкаруу системасындагы өзгөрүүлөрдү баш мыйзамга шайкеш келтирүү маселеси боюнча суроолорго ЖКнын Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин жетекчиси З. Курманов жооп берди.

- Зайнидин мырза, башкаруу реформасынан кийин конституциялык реформа керекпи? Эгер керек болсо качан ишке ашат?

- Биринчиден, башкаруу системасында чоң реформа өткөрүп атпайбызбы. Ошондуктан жалпы ар кандай сөздөр чыгып атат, анын ичинде Конституцияга жаңы өзгөчөлүктөрдү киргизүү жөнүндө да. Демек Конституция боюнча карасак, 8-беренеде Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө кимдин укугу бар экени жазылып турат. Анда президент, Жогорку Кеңеш жана 300 миң шайлоочунун атынан өзгөртүү киргизсе болоору жазылган. Эми үчүнчү жана сегизинчи бөлүгүнө чейин бул өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш киргизсе болот экен. Ойлосок, азыркы Конституциянын беренелери азыркы негизге туура келбей калды, өзгөртүү киргизсе деле болот, киргизбесе деле болот. Бирок киргизсе менимче, бул туура жол болот эле.

- Өлкөнүн баш мыйзамы өзгөргөндөн кийин өкмөт менен парламенттин легитимдүүлүгү тууралуу маселе келип чыкпайбы же алар шайланууга тийишпи?

- Жок, албетте. Кайсы беренеге өзгөртүүлөр киргизилет, кеп ошондо болуп атпайбы. Ал жерде өкмөт жөнүндө эч нерсе деле жазылган жок, президент өкмөт башчыны дайындайт экен, анын структурасын бекитет экен деген эле сөздөрдөн башка эч нерсе жок. Ал жумуш жасалды. Эми Жогорку Кеңеш жөнүндө эмне деп айтылат? Жогорку Кеңеш 120, же 130 адамдан болсун деп жазылып калса, анда балким ошол кадамга барыш керек. Бирок өткөөл мезгилде Жогорку Кеңеш эмки шайлоодон шайлансын деп жазылып калышы деле мүмкүн. Анда эч кандай жаңы парламенттик шайлоо болбой калышы да ыктымал.

- Эмне үчүн Конституция өзгөрбөй туруп башкаруу системасы жаңыланды? Же бул кадимки эле көрүнүшпү?

- Конституцияны карасак, 46-берене президентке ошондой укуктарды берип атпайбы. Мына өзгөртүү кайсы жагынан болуп атат, 8-пунктту карасак, президентке тикелей баш ийген жана отчет берген мамлекеттик органдарды түзөт, жоет жана кайра уюштурат, алардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт, же кызматтан бошотот делген. Кеп ошондо болуп атпайбы. Эми президент жалаң гана өз ыйгарым укуктарын пайдаланып атат Конституция боюнча, өзүнүн администрациясынын реформасын жасап атат, 9-пункт 46-берене президентке ошондой укук берет. Өкмөттү карасак, өкмөттө премьер-министрди бекитти, структураны бекитишти, ал жерде эч кандай жаңылык жок.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG