Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жылуулук жана электр кубатына баа көтөрүлүшүн элге жана экономикага каршы саясат катары баалайт.

- Өмүрбек мырза, электр кубатына, жылуулукка бааны кымбаттатуу боюнча өкмөттүн жаңы чечимин сиз кандай баалап жатасыз?

- 2002-жылы Курманбек Бакиев Дүйнөлүк Банк менен келишимге кол койгон премьер-министр болуп турганда. Ошондо жакынкы 2-3 жылдын ичинде Кыргызстандын энерго тармагынын баарын менчиктештиребиз, ал үчүн албетте алардын тарифин көтөрөбүз деп. 2002-жылдан бери дүйнөдө көп өзгөрүүлөр болду. Өзгөчө былтыркы дүйнөлүк кризис экономикага болгон көз карашты өзгөрттү. Мурда мамлекет экономикага аралашпаш керек, экономиканын тармактарына жардам бербеш керек деген догманы бизге таңуулашкан. Ошон үчүн Акаев да, Бакиев да тигүү тармагына жардам бергенден баш тартышкан. Чарбага жардам берип алардын продукцияларын сатып алуу жолу менен бааны туруктуу кармап туруудан баш тартышкан, көмүр өндүрүү тармагына мамлекеттик көмөк көрсөтүп, көмүрдү өзүбүздөн чыгаргандан баш тарткан. Кыскасы баарын базар тейлейт деп эле таштап коюшкан.

Азыр эми дүйнө өзгөрдү, Америка, Европа, бүт мамлекеттик банктарына авто, авиа өнөр жайына, кыскасы баарына жардам берип атат. Дүйнө өзгөргөнүнө карабастан Бакиев эски схема менен кетип отурат. Акыркы кездерде тынымсыз байма-бай эле жарыялап атпайбы, мамлекет бул бечел, башкара албайт, эптей албайт, ошондуктан чет элдиктерге сатыш керек деп. Аны премьер-министр Данияр Үсөнов ачык эле айтты, ТЭЦти, ГЭСти эч ким албай атат, бекер берсек да албай атат, андан пайда чыга турган кылыш керек экен, ал үчүн тарифтерди ондогон эсе көтөрөбүз деп, мисалы жылуу сууга 10 эсе баа көтөрүлүп атат. Муну менен булар чет элдик алармандын, (балким ал чет элдин маскасын кийген кыргызстандык эле олигарх болуп чыгышы мүмкүн) капчыгынын камын азыртан ойлоп, аларга пайдалуу шартты түзүп берип, анан арзаныраак карматып үстөгүн чөнтөккө салуунун амалын ойлоп жатышат. Бирок бул иш эл аралык уюмдардын эски системасы, көрсөтмөсү менен болуп отурат.

- Ошол эле мезгилде Дүйнөлүк Банк баанын кымбатташына байланыштуу социалдык колдоо үчүн каражат бөлгөнү жатпайбы?

- Элди убактылуу упчу эмизип алдап турса болот, аз-аздан жардам берип, сүт эмизип тургула деп 30 миллионду Дүйнөлүк Банк бөлүп берип атат. Эмдиги жылы да анча-мынча карыз бериши мүмкүн, президент жардыгын чыгарбадыбы компенсация деп, муну чет элдиктер бизге карыз берип атат. Сатылып кеткенден кийин ал карыз бербейт да, сатып алганга чейин ушул карызды берип атат ушуну сен элиңе бер, элиң кайра мага берсин дегендей. Эл кайра аларга берет, анан мамлекет төлөйт. Кимдин эсебинен төлөйт, ошол эле элдин эсебинен төлөйт. Ошондуктан бул концепция, идеология - элге каршы идеология. Бул жанагы ашынган рынок идеологиясы да, баарын сатпаса болбойт экен, мамлекет эптей албайт экен деген. Бул туура эмес, жаңылыш идеология.

Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө энерго тармак мамлекеттики, же коомдук менчик болуп ийгиликтүү иштеп жаткан жерлер бар. Биздин оюбузча, өзгөчө шаар тыгыз байланышкан организм үй-бүлөдөй, бул жерде жылуулук, ысык суу, муздак суу, электр энергия, баары социалдык маңызга ээ. Бул жерде эч ким пайда алууга умтулбаш керек, системаны жаңылоого жумшаш керек. Бүгүн биз жеке адамдардын пайдасына берип отурабыз. Жеке адам пайдасын алат, аны Кыргызстандан чыгарып сыртка алып кетет, шаардыктарга ыраа көрүп, аны бул жерге калтырбайт.

- Бул элдин жашоо тиричилигине кандай таасир этиши мүмкүн?

- Жашоо тиричилигине, экономикага терс таасирин тийгизет. Мына айтып атпайбы, Орусия, Казакстан, Белорусия, Азербайжанда баа 2-3 эсе кымбат экен деп. Биринчиден, ал жакта орто эмгек айлык акы бир нече эсе бизден жогору. Курманбек Бакиев айтып отурат, Өзбекстанда, Казакстанда бир киловатт 3 сом экен деп, ал жакта 85 пайыздан ашык электр энергиясын жылуулук электростанциялары иштеп чыгарат, анын өздүк наркы ГЭСтен чыккан электр кубатына караганда 4 эсе кымбат болот. Бизде, Тажикстанда тескерисинче 85 пайыз электр энергия арзан электр энергия, ал ГЭСтерден иштелип чыгат.

Өзбекстандын адистеринин айтышы боюнча, ГЭСтин электр энергиясы ТЭЦтерге караганда 4 эсе арзан. А биз ГЭСтин электр энергиясын 20 эсе кымбаттатып, кыргызстандыктарга сатабыз деп атабыз. Ал эми Өзбекстан менен Казакстан өздүк баасынан болгону эки эсе эле кымбат өз элине сатып атат. Бул саясат социалдык адилеттүүлүүккө багытталбагандыктан айлык акысы аз, жөнөкөй карапайым элди кыйнагандыкка барабар. Мисалы Казакстанда электр кубатынын 70 пайызын өндүрүш пайдаланат, ал эми бизде 20 эле пайызын өндүрүш пайдаланып, 60 пайызын карапайым калк пайдаланат. Казакстандын ишканалары чоң бааны төлөп көтөрүп кеталат. Анткени экспортко багытталган мунайы бар, газы бар, түстүү металл чыгарат дегендей, анан өз элине акча төлөп бере алат. Көп акча алган адам албетте жанагыдай тарифти төлөй алат.

Мен ойлойм, бааны жогорулатуу - өлкөнүн экономикасына кесепетин тийгизет, карапайым калктын жашоо шартын кескин төмөндөтөт. Бул биздин партиянын пикири, биз элге чакырык таштайбыз, экономикага чоң зыян алып келчү, элдин жашоо турмушун начарлата турган бул саясатка жарандык каршылык көрсөтүү зарыл.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG